Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Шабдалы деген сөз кайдан келген?


Абдил-Ахат Курбан уулу.
Абдил-Ахат Курбан уулу.

Кыргызда “Жалгыз дарак бак болбойт” деген макал айтылат. Бирок буга карабай кээде айрым боордошторубуздун бир түп даракты бак деп айтканын угуп эле жүрөбүз.

Былтыр Сокулук районундагы бир айыл өкмөт башчысы жазгы көрктөндүрүү иштери боюнча биздин сурообузга быйыл тигилген бактардын саны мынча деп жооп берген эле.

Адатта дарак саны эмес, ал эми түбү менен саналчу эмес беле. Айрым жемиштердин аттары деле туура эмес айтылат. Мына ошондуктан биз бүгүн бакчылык жана малчылык кесиптери жайында кеп курууну чечтик.

Ооба, жалгыз түп дарак эч качан бак боло албайт жана аны бак деп айтуу жаңылыштык. Дарак көп жыл жашап, бийик өскөн өсүмдүктөр түркүмүнө кирчү заттын жекелик түрдөгү аталышы. Ал эми бак бул – көп дарак өскөн жер. Дарактар жыш, коюу өскөн жерди токой деп коёт.

Илгери кыргыз эли бак-шак өстүрүүнү өнөр-кесип катары туткан эмес. Себеби, Октябрь революциясына чейин там-таш куруп, бир жерде отурук жашабай мал күтүүгө ыңгайлуу деп бийик тоолордун арасын мекендеп, улам көчүп-конуп жүргөндөн дарак өстүрүүгө зарылчылык болгон жок. Ал эми бак-дарак өстүрүү үчүн жайы-кышы бир жерди мекен тутууга туура келет эмеспи. Себеби, көчкөн кезде бак-дарактарды уй-кой сыңары өзүң менен кошо алып кете албайсың жана төрт түлүккө тынымсыз көзөмөл жана камкордук керек болгондой эле бак-дарак да камкордукка жана кароого муктаж. Болбосо алардын бутак-шагын мал же курт жеп, денесин да аарчып салышат. Ал гана эмес сугарып турбаса, куурап да калат.

Биздин ата-бабаларыбыз мал күтүп жан багып келгендей эле жемиш бактарын отурукташып жашаган элдер өстүрүп келишкен. Мал баккан киши койчу, уйчу, жылкычы же төөчү экенине карабай жалпы жонунан малчы деп аталса, бакчылыкты кесип кылган адамдар желе өстүргөн багынын түрүнө карабай жалпы жонунан багбан деп аталат. Багбан деген сөз кыргызда мурда мындай кесип болбогондон биздин тилибизге тажик-фарсы тилинен (боғ – бак жана бон – өстүрүүчү, багуучу) кирген. Бакчылык ишин жакшы билген ичкилик кыргыздар бак өстүргөн кишини бакчы же багбан деп коюшат.

1972-жылы болсо керек эле, сөз дыйканы деп саналган улуу жазуучубуз, Кыргыз эл баатыр Түгөлбай Сыдыкбеков менен Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев айрым жемиштердин аталыштары боюнча басма сөз беттеринде бир топ талашып-тартышкан эле. Ошондо Т.Үмөталиевдин "Түкөм, гилас эмес, алча деп айткыла дейт. Түштүк Кыргызстанда алча да жана ага окшош гилас деп аталган дагы бир жемиш өсөт, анда аны эмне деп аташ керек?" деп айтканы алиге эсимде.

Учурда базарга кирбеген, ал жердеги дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн ташылып келип жаткан жемиштерди жана алардын даамын татып көрбөгөн бир да киши калбаса керек. Биз бардык жемиштерди алар өскөн жердеги аты менен атайбыз. Мисалы: банан, киви, манго, ананас, мандарин, апельсин, лимон, алхури, бихи, хурма ж.б.

Данеги да кымбат турган өрүк жемиши Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында өсөт. Ага карабай Баткен облусун биз өрүктүн мекени катары эсептеп, ал жакты өрүкзар деп айтабыз. Анткени, аталган аймактын эли өрүк жемишин илгертеден бери өстүрүп келгенден аны өстүрүүнүн сырын абдан жакшы билишет.

Мындан бир канча кылым мурда отурукташа баштап, коңшу элдерден бакчылык иштерин үйрөнүп алган ичкилик кыргыздарда өрүктү даамына карап нан өрүк, кандек өрүк (тажикче кандак –канттай), кычкыл өрүк, как өрүк, шимиме өрүк, кыйгыл өрүк, ачуу өрүк жана өң-түсүнө карап корголдой (майда, кичине дегени) өрүк, чоң өрүк, батташма өрүк, ак өрүк, кызыл өрүк, ж.б. деп аташат. Өрүктүн ошол чоң өрүк деген түрүн Түндүк Кыргызстанда абрикос деп айтышат.

Көрсө, мурда жергиликтүү эл өрүк өстүрбөгөнү үчүн чоң өрүктү орустарды туурап абрикос деп кабыл алган тура. Дарбызды деле арбуз, гиласты черешня, самсаны орусча көптүк түргө салып самсы, палоону деле орусча бурмаланып айтылгандай плов же күрүч деп эле айтышат. Тегереги чарчылана жээктелип (жер шартына карап чарчыланбай да), күрүч өстүрүлүп ичинде жайы бою суу турган жер пал деп аталса, фарсы-тажикче тилдеринде суу об деп аталат (пал+об=палоо) деп аталат.

Кылымдар бою отурук жашап жемиштин канча бир түрүн өстүрүп келген тажиктерде өрүккө окшош данектүү жемиштердин көбү жалпы жонунан олу деп аталат. Алардын эң кичинекейи олуча – алча (-ча мүчөсү кичинекей олу дегенди түшүндүрөт). Олунун дагы бир түрүн алар зардолу (зард-сары+олу) деп коюшат. Зардолуну биз өрүк дейбиз. Ушул жерде өрүкзарлуу Баткендеги Зардалы (өрүк) деген айыл аргасыздан эске түшөт экен. Ал эми кыргызча кычкыл олу деген маанини берген гайнолу кыргыз тилине которулбай эле кайналы деп кирип калган. Кайналыдан чоңурагы шафтолу (шабдалы) эзилчээк олу деген маанини берет. Аталган жемиштердин ар биринин көптөгөн түрлөрү бар.

Беде өскөн талаа бедезар, пахта өскөн талаа пахтазар деп айтылгандай эле жемиш дарактары өскөн жер да алма бак, өрүк бак, гилас бак деген менен бир катарда алмазар, өрүкзар, гиласзар деп да айтала берет.

Кыргызда “Чырпык сайсаң, чынар болот” деп айтылган менен мен алиге Кыргызстандын эч жеринен чынар теректи көрө элекмин Ичкилик кыргыздар жашаган азыркы Тажикстандын Кара-Тегин өрөөнүндө талдын эле кара тал, көк тал, сары тал, үй тал (мындан боз үйдүн кереге-ууктары жасалат) марча тал, сай тал, сөгөт тал, жерге (жапыз, кодоо дегени) тал сыяктуу түрлөрү өсөт. Теректин да мырза терек, кашка терек, ак терек, көк терек, чынар терек деген түрлөрү бар. Муну менен кайсы улуттун же кайсы элдин болбосун тутунган кесип жайына карап сөз кору бай болорун айтмакчыбыз.

Жашаган жеринин жаратылышына жана географиясына байланыштуу кыргыз тилиндеги аталыштар, түшүнүктөр жана терминдер абдан көп. Муну биз кыйла жылдан бери ушул темага кызыгып, саресеп салып жүргөндөн улам айтып жатабыз. Кыргыз эли жашаган ар бир укум жердин кыргызча өз аты бар. Мисалы: аска, тоо, зоо, коо, кыр, бел, сырт, ой, ойдуң, ийрилиш, жар, дөбө, төбө, бөксө, урчук, боор, арт, ашуу, мойнок, кокту, колот, өрүлөш, өр, кулама, ооналыш, капчыгай, оюрма, жайылма, жантайма, түз, түздүк, түзөң, түзөңчө, жар, учаар, кулаар, корум, корумдуу, тектир, чат, чап, жаак, төр, ооз ж.б.у.с. айтып отурса санак жетпейт. Ошентип кыргыздыкындай көрүнүшүнө карап бай жер аталыштары башка эч бир элде жок.

Кыргызда жер-суу аталыштары деле тиешелүү жердин табигый шартын жана өзгөчөлүгүн эске алуу менен коюлган. Мисалы, Шамалдуу-Сай, Таштак, Таш-Арык, Таш-Мойнок, Беш-Күңгөй, Таш-Дөбө, Саз, Миң-Булак, Сан-Таш, Он-Бир-Жылга, Оттук, Кызыл-Бел, Көк-Бел, Көк-Сай, Ак-Жар, Кулама, Корумду, Кызыл-Суу, Ак-Суу, Көк-Суу, Кара-Суу, Жашыл-Көл, Кош-Мойнок, Ак-Мойнок, Таш-Мойнок, Ала-Бел, Төө-Ашуу, Кош-Тегирмен, Таш-Коргон, Сары-Ой, Жолборстуу, Бөрүлүү, Барса келбес, Ит-Аккан, Жол-Кол, Улуу-Кол, Кара-Кол, Сары-Кол, Кыр-Кол, Тамды-Кол ж.б.

Тоолордо өсүп, тамак-аш катары пайдаланылып келген өсүмдүктөр менен жер-жемиштеринин да ар биринин таптаза кыргызча аталыштары бар. Мисалы, чүкүрү, ышкын, кымыздык, согон, сарымсак, козу карын, аркар от, кийик от, жоогазын, ат кулак, карагат, кара чеке, бүрдүркөн, кожогат ж.б.

Ичкилик кыргыздар кылымдар бою тажик эли менен кошуна жашап келгенден алардин диалектилеринде тажик тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр көп. Буга айрым мисалдарды келтире кетели.

Бекер (“бекор” – "жумушсуз") – "бе" префикси кыргыз тилиндеги -сыз мүчөсүн алмаштырат. Мисалы, "кор" - жумуш, бекерчи – жумушсуз. Кыргыз тилинде өздөштүрүлгөн сөздөр “бе” же “бей” префикси менен да, -сыз уланды мүчөсү менен да айтыла берет. Мисалы, бейакыл-акылсыз, беймаани-маанисиз, бейадеп-адепсиз, бейнамыс-намыссыз ж.б.

Бостек (“пустак”, “пуст”-тери) – кой терисинен ашатылып жасалган жер төшөк. Кыргызда көлдөлөң дейт.

Каарман ( “кахрамон”) – баатыр.

Кайып (“гойиб” же “гоиб”) – көзгө көрүнбөгөн нерсе, зат.

Кептер – (“кабутар”, “кабуд” – көк) көгүчкөн.

Маяна – "мох" - ай, "мохона" - айлык. Кээ бир диалектилерде айды “мохтоб”, күндү “офтоб” (биз аптап деп кабыл алганбыз) дешет.

Мөрүт (“маврид”) – убакыт, саат, маал, мезгил, учур. Бул сөз кайсы бир иштин убагы, кезеги келип калганын түшүндүрөт. Мисалы, "Азырынча айтпай коё тур, бул сөздүн айтылаар мөрүтү келет".

Наристе (“навруста”, “нав” – жаңы, “рустан” – өсүү) – жаш бала, бөбөк.

Нооруз (“Навруз” – “нав” – жаңы, “руз” – күн). Нооруздун “сарисол”, “сар” – баш, “сол” –жыл башы деген синоними да бар.

Тестиер (“дастёр”, “даст” – кол, “ёр” – жар, шерик) – кол арага жарап калган бала.

Абдил-Ахат Курбан уулу, этнограф

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG