Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Адабият күнүндөгү өкүт жана үмүт


Кыргызстанда 12-декабрь жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына Адабият күнү катары белгиленип келет.

Бул датага байланыштуу Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Жыйында чыгармачылык союздарды мамлекеттик камкордукка алуу жана 12-декабрды Айтматовду эскерүү күнү катары калтырып, Адабият күнүн 21-март - залкар акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө жылдыруу демилгеси көтөрүлдү.

Кыргызстандын Жазуучулар союзу 1927-жылы Кыргыз борбордук педтехникумунда уюшулган чыгармачыл жаштардын «Кызыл учкун» адабий ийриминин негизинде 1930-жылы Пролетарлар жазуучуларынын кыргыз ассоциациясы катары түзүлүп, 1933-жылы Кыргызстан Кеңеш жазуучулар союзу, 1934-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзу деген аталыш менен кайра уюштурулганы белгилүү. Бүгүнкү күндө жазуучулар биримдигинин ошол доордо аткарган милдети, азыркы таптагы зарылчылыгы тууралуу эки ача пикирлер айтылып келет.

Адабиятчы Лайли Үкүбаева бул маселе боюнча төмөнкүдөй пикирде:

Лайли Үкүбаева.
Лайли Үкүбаева.

- Биз кээде өткөн нерселерге туура эмес пикирлерди айтып коёбуз. Мисалы, биз жазма адабиятыбызды баштап берген акын-жазуучуларды «Октябрь революциясын, Ленинди, Сталинди ырдаган, Совет бийлигин мактаган» деп айтып калабыз. Мурда теңчиликсиз заманда жашап, кандайдыр бир тарыхый оор кырдаалдарды башынан өткөргөн кыргыз эли үчүн чынында Октябрь революциясы берген жетишкендик, теңдик, кыздарга азаттык берген ураандар өтө жакшы жаңылык болгон. Акын-жазуучулар бул жетишкендиктерге чын эле кубанып, чын эле эргип чыгарма жазышкан.

Үкүбаеванын айтымында, советтик бийлик учурунда кыргыз совет адабияты эки багытта өнүгүү жолуна түшкөн. Анын бири: коркутуу-үркүтүүдөн улам коммунисттик идеологияга көшөкөрлөнө кызмат кылган адабият болсо, экинчиси - ошол доор түзүп берген шартты пайдаланып, чыгармаларында саясатка болгон сын пикирин каймана билдирген, чыныгы көркөмдүктү издеген, кеңири алкактагы темаларды козгогон нукура адабият.

Коомдук ишмер, адабиятчы Абдыганы Эркебаев кыргыз Жазуучулар союзу 85 жыл аралыгында ар кандай кырдаалды башынан кечиргенин кеп кылып, калемдештерин бир күндө белгиленип жаткан маараке, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жарык дүйнөгө келген күнү жана Адабият майрамы менен куттуктады:

Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

- Бул мезгилдин ичинде жакшы жактар да болду. Кемчиликтер да кетти. Бүгүнкүгө окшогон кыйынчылыктар да болууда. Бирок Жазуучулар союзу жок болуп кетпей уланып, өзүнүн 85 жылдыгын белгилеп жатканы жакшы көрүнүш. Кыйынчылык болот, кетет. Турмуш уланат. Азыр мына жазуучулардын жыйынында отуруп көрүп жатабыз, биз тааныбаган канчалаган жаңы адамдар пайда болгон экен. Эл болгондон кийин таланттуулар чыга берет тура. Элибизге жараша адабият да өнүгөт. Жазуучулар союзу мурдагыдай саясий курал болбостон чыныгы кесиптик уюм катары болушу керек. Мындай дүйнөнүн көп эле өлкөлөрүндө бар. Өз ара тилектештик, бири-бирине колдоо көрсөтүү боло турган иш.

Эркебаев кандай доор, кандай идеология болсо да чыныгы талант эң башкы орунда турарын кошумчалады.

Иш-чарада өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун окуп берген Султан Раев өз сөзүндө учурда жалпы чыгармачыл союздардын маселелерин чечиш үчүн мамлекеттик деңгээлде иш-аракеттер башталганын сүйүнчүлөп, үч негизги маселени белгиледи. Биринчиси, анын айтымында, буга чейин коомдук уюм катары саналып келген чыгармачыл союздарды мамлекет тарабынан колдоо боюнча мыйзам иштелип жатат. Экинчиден, ар бир чыгармачыл уюмга жылына 2 миллион сомдон 3 миллионго чейин мамлекеттик грант берүү маселеси каралууда. Буга улай Улуттук жазуучулар союзунун имарат көйгөйүн чечүү жана жылына калемгерлердин 10-15 аталыштагы китептерин басмадан чыгарып берүү боюнча маселе козголгон.

Эл жазуучусу Мелис Абакиров Раевдин бул сөзү жазуучуларга үмүт бергенин кеп кылды:

Мелис Абакиров.
Мелис Абакиров.

- Мен бүгүнкү жыйындан бир сөздү күттүм эле. Ошол күткөн сөзүм айтылганына кубанып турам. Бул менин азыркы бийликти же азыркы саясатты колдогонум эмес. Булардын жок дегенде «кыргыз идеологиясын, кыргыз маданий рухун жолго салыш керек» экенин түшүнө баштаганына ыраазы болуп отурам. Бул чынында биз үчүн абдан жакшы үмүт.

Деген менен жазмакерлерди кубандырган мындай жаңылыктар буга чейинки мамлекет башчылардын тушунда деле айтылып келген.

Раев салтанаттуу иш-чарада мындан сырткары жазуучулардын кайрылуусу боюнча 12-декабрды залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү күнү катары калтырып, Адабият күнүн 21-март - улуу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө которуу сунушталганын айтты. Себеби бул күн көбүнчө залкар инсанды эскерүүгө арналып, улуттук адабияттын көйгөйлөрү айтылбай каларын кошумчалады.

Коомчулукта чыгармачыл союздар эгер кайрадан мамлекет тарабынан жардам ала баштаса анда кайрадан саясий куралга айланат деген пикирлер да бар.

Улуттук адабият күнүн белгилөөнү 2011-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, маркум Эгемберди Эрматов сунуш кылган. Токтом долбоору жактырылып, энчилүү дата катары ошол жылы өкмөттүн чечими чыккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

XS
SM
MD
LG