Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Балатылар жарышы: тумоо маалындагы чыгым


Жалал-Абад шаарындагы балаты.
Жалал-Абад шаарындагы балаты.

Быйыл пандемияга карабастан чоң шаарларда балатылар орнотулду. Өлкө боюнча жаңы жылдык жасалганын өзүнө эле 1 миллион 700 миң сомдон ашуун каражат жумшалды. 

Коомчулукта бул кризис учурундагы ашепке ысырапкорчулук катары сынга алынууда.

Кыргызстанда жаңы жылдык майрамга быйыл өткөн жылдагыдай каражат жумшалбай турганы айтылган. Бирок иш жүзүндө ага казынанын 1 миллион 700 миң сомдон ашуун акчасы сарпталганы маалым болду. Анын ичинен Жалал-Абад шаары балаты үчүн 800 миң сом бөлүп, рекорд койду.

Быйыл, Баткен менен Каракол шаарында жаңы жылга карата чыгым болгон жок.
Быйыл, Баткен менен Каракол шаарында жаңы жылга карата чыгым болгон жок.

Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин жетекчиси Саибраим Жакыповдон «эмне себептен мынча акча жумшалды» деген суроого төмөнкүдөй жооп алдык.

«Шаардык кеңеште каралып, каражат бөлүндү. Майрам деле керек да. Бир гана Жалал-Абадда уюштурулса бир жөн. Менин билишимче, балаты бардык шаарларга орнотулду. Эл кечинде келип сейилдеп, балдарын ойнотуп жатат».

«Сүрөткө түшүү үчүн»

Ал эми Ош шаарындагы балатыны жасалгалоо ишине дээрлик 700 миң сом каражат жумшалган. Шаардык бийлик буга чейин жаңы жылга карата каражат коротпой турганын айтканы менен майрам алдында эски балатыны жаңылоону чечкен.

Ош шаары, 2018-жыл.
Ош шаары, 2018-жыл.

Мэриянын алдындагы маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов мурдагы жасалгалардын 80 пайызы жарабай калганы үчүн жаңы сатып алышканын жана шаардыктарга балатыны жаңылоо менен маанай тартуулагысы келгенин билдирди.

«Коомдук маселе деген бар да, адамдардын майрамдык маанайын көтөрүү максатында жаңы жылды эл баары бир эңсейт экен. "Жаңы 2021-жылга жакшы өтөлү" деп сүрөткө түшүп жатышат. Азыр балатыбыз даяр боло элек. Эл "тезирээк орноткула" деп суранууда».

Апааттын залакасы, ага кошул-ташыл башаламандыктын өкүм сүрүшүнөн улам Финансы министрлиги бюджеттин тартыштыгы 34 миллиард сомдун тегерегинде болорун болжоп турат.

Бишкек шаары, 2019-жыл.
Бишкек шаары, 2019-жыл.

Экономика тармагы боюнча эксперт Эркин Абдразаков мындай кырдаалда элге маанай тартуулоо, сүрөткө түшүү үчүн деп акча коротуу «абсурд» деген пикирде.

«Алды-артын карабай эле оюна келгенин кылышууда. Шайлоо маалында жаңы бийликке ишарат кылгандай болуп жатат. Болбосо кичинекей Жалал-Абад мэриясынын балаты үчүн 800 миң сом каражат жумшаганы акылга сыйбайт. Андан көрө шаардын тазалыгын карап, элге арзаныраак азык-түлүктөрдү алып берип, муниципиалдык дүкөндөрдү же кондитердик ишканаларды ачпайбы. Ошондо пайдалуу болмок да. Мунун баары шаар бийлигинде иш билги менежерлердин жоктугунан болуп жатат».

Маанайды "уюштурса" болот

Айрым ишкерлер балаты үчүн каражат жумшоо ордуна аянтка жармаңке уюштуруп, ишкерлер үчүн шарт түзүп берсе, элге да жеңил болмок деген пикирде.

Алардын бири - ЖИА Бизнес-ассоциациясынын Оштогу филиалынын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу.

«Мынча чыгым жумшоонун, салют атуунун кереги жок, ансыз деле аба булганып жатканы айтылып келет. Бирок бийлик өкүлдөрү коомдук пикир менен эсептешпей жатпайбы. Бул чындыгында эле өтө ыксыз чыгым. Майрамды жагымдуу жана пайдалуу өткөрүү үчүн жармаңкелерди ишкерлер менен биргеликте өткөрсө жакшы болмок да. Ишкерлер дагы муну колдоп, жылына улана турган жакшы бир жөрөлгө болуп калмак. Элге да, мамлекетке да, ишкерлерге да пайдалуу иш-чарага айланмак».

Башка шаарлардан айырмаланып, Баткен менен Караколдо жаңы жыл үчүн каражат жумшалган эмес. Быйылкы жылы эң көп каражатты Жалал-Абад шаары коротсо, Бишкек мэриясы балаты үчүн жылдагыдай чыгымдан баш тартып, 300 миң сом жумшай турганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG