Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Бишкекте быйыл жаңы жылдык салют атылбайт


Жаңы жыл алдындагы Бишкек. 2019-жыл. (Архивдик сүрөт).
Жаңы жыл алдындагы Бишкек. 2019-жыл. (Архивдик сүрөт).

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев «Фейсбуктагы» баракчасында шаардыктарга кайрылуусунда билдирди. Анын айтымында 10-декабрда борбордук Ала-Тоо аянтында Жаңы жылдык балатынын гана оттору жанат.

«Былтыркы жасалгалар менен символдуу түрдө аянтка балаты орнотобуз, отун жандырабыз. Бирок Жаңы жылдык концерт болбойт жана салют атылбайт. Буга 4 млн. сомдой каражат керектелет. Учурдагы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал ашыкча чыгымга жол бербейт», - деди ал.

Мэрдин милдетин аткаруучу шаардыктарды бул чечимге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Былтыр, 2019-жылы баш калааны жаңы жылдык майрамдарга карата кооздоого шаардык бюджеттен 6 миллион 800 миң сом, 2018-жылы 5 миллион сом сарпталган.

Быйыл 31-август, Эгемендик күнүнө карата Бишкекти жасалгалап, фейерверк уюштурууга 2 миллион 700 миң сом бөлүнгөнү кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG