Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

СOVID-19: АКШда каза болгондор көбөйдү, Германия чектөөлөрдү узартты


Нью-Йорк шаары.
Нью-Йорк шаары.

АКШда коронавирустан улам бир күндө 2400дөн ашык адам каза болуп, бул акыркы алты айдагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Ал эми акыркы суткада 200 миңге жакын адам вирус жугузган. Кырдаалды 26-ноябрда белгиленип жаткан Алкыш айтуу күнүнө карата иш-чаралар күчөтөрү болжолдонууда. Америкалыктар эң атактуу майрамы болгон бул күнү көпчүлүк адамдар үй-бүлө мүчөлөрү, дос-жары менен чогулуп, бирге тамактанышат.

Өлкөдө 25-ноябрда вирустун кесепетинен 2439 адам каза болуп, пандемия өмүрүн алган адамдардын жалпы саны 262 миңден ашты.

Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирус жугузгандардын саны 60 миллион адамдан ашты.

Европадагы бир катар өлкөлөр ушул айдын башында пандемиянын экинчи толкунунун алдын алыш үчүн чектөөлөрдү киргизген. Германияда киргизилген чектөөлөр кеминде 25-декабрга чейин күчүндө болот. Өлкө канцлери Ангела Меркел 25-ноябрда чектөөлөрдү алуу эрте экенин билдирди.

Бул күнү Германияда коронавирустан улам 410 адам каза болду.

XS
SM
MD
LG