Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:19

Талант Мамытов: Кыргызстан - бир да дин мамлекеттик же милдеттүү деп таанылбаган дүйнөбий өлкө


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Бишкекте бүгүн, 26-ноябрда «Азыркы дүйнөбий мамлекеттеги ислам: конфессия аралык кызматташтык тажрыйбасы» деген темада эл аралык конференция өттү. Аны уюштурган Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, конференция дүйнөдөгү азыркы диний абалды, ислам дининин дүйнөбий мамлекеттеги ордун жана ролун, конфессиялар ортосундагы кызматташтыкты талкуулоону көздөйт. Ал диний тармактагы демократиялык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана диний негизде басмырлоонун же радикалдашуунун алдын алуу максатында өткөрүлдү.

Конференцияда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун иш-чаранын катышуучуларына жиберген кайрылуусу окулду.

Ал өз кайрылуусунда бүгүнкү күндө эгемен Кыргызстан дүйнөбий өлкө экенин белгилеп, бир да дин мамлекеттик же карманууга милдеттүү деп таанылбай турганын, себеби дин тутуу эркиндигине Конституция менен кепилдик берилгенин айтты. Ар бир жаранга каалаган динин тутуу же эч бирин тутпоо укугу берилгенин, ошондуктан Кыргызстан көп конфессиялуу өлкөгө айланганын, түрдүү диндерди тутунган эл ынтымакта, биримдикте эгемен өлкө куруп жатканын белгиледи.

Ошону менен катар Мамытов диний уюмдардын натыйжалуу иштешине шарт түзүүнү мамлекеттин милдети деп эсептей турганын, мамлекеттик органдардын диний уюмдар менен бирге экстремизмге каршы күрөшүүсү мезгилдин талабы болуп жатканын кошумчалады.

Мамытов Кыргызстан дин туткан адамдардын эл аралык келишимдерде жана ички мыйзамдарда көрсөтүлгөн укуктарын так аткарышы керек экенин, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу бардык конфессиялардын өнүгүшүнө толук эркиндик берүү менен ишке ашарын айтты.

Конференцияны уюштурууга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси жардам берди.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган. Кийинки күндөрү Баш мыйзамдан бул норманы алып салуу же өзгөртүү тууралуу сунуштар айтылып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG