Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Бишкекте «Тез жардам» бригадалары жетишпей жатат


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте «Тез жардам» бригадалары жетишсиз болуп жатат. Бул тууралуу 26-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, «Тез жардам» кызматына түшкөн чакыруулар көп болгондуктан дарыгерлер ыкчам медициналык жардамга муктаж тургундарды толук тейлөөгө жетишпей жатышат.

Бир миллионго жакын калкы бар борбор калааны жүздөн ашуун бригада тейлеши керек болсо, азыр 38 көчмө бригада иштеп жатканы айтылды.

26-ноябрдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус 70 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1251и көз жумду. Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпысынан саны төрт миңге чукулдады, алардын 80ге жакыны каза болду.

Бишкектин «Тез жардам» кызматы жумуш кооптуу жана айлык маяна аз болгондуктан көп дарыгерлер иштен кетип жатканын буга чейин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG