Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

БШК: КТРК референдум боюнча үгүт топторуна эфирди бирдей шартта бериши зарыл


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Коомдук телерадиокорпорацияга (КТРК) 10-январда боло турган референдумга коюлуп жаткан маселелер боюнча пикирин айткандарга эфирди бирдей убакытта жана бирдей шартта берүүнү сунуш кылды. Боршайкомдун басма сөз кызматы бул тууралуу 30-декабрда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 29-декабрда өткөн жыйында «Парламенттик республика үчүн» үгүт тобунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин кайрылуусу каралды. Бекешев Боршайкомго кат менен кайрылып, КТРКнын теле эфиринде президенттик башкарууга үндөгөн көрсөтүүлөр кетип жатканын билдирген жана каналдын жетекчилигин жоопко тартууну өтүнгөн.

Боршайкомдун бул маселе боюнча отурумуна КТРКнын жетекчилиги да катышты. Алар келтирилген жүйөлөргө макул болуп, парламенттик башкаруу боюнча көз каранды эмес эксперттерге да эфир берүүгө даяр экенин билдиришти.

БШК белгилегендей, «Референдум жөнүндө» конституциялык мыйзам референдумдун катышуучуларына маалымат берилип жатканда үгүт элементтери камтылышына тыюу салат.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. Шайлоочулар же президенттик, же парламенттик форманы тандап же экөөнө тең каршы добушун бериши керек.

Бул боюнча расмий түрдө үгүт жүргүзүү үчүн 14 топ түзүлгөн. Алардын сегизи президенттик республика үчүн, бирөө президенттик республикага каршы, үчөө парламенттик республикага жана экөө баарына каршы үгүт жүргүзүп жатат. Бул топторго КТРКнын эфиринен атайын убакыт берилүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG