Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

"Pfizer/BioNTech" вакцинасы Казакстанда жылдын экинчи жарымында гана колго тийет


Алматы шаарынын дарыгерлери ПЧР каражатын даярдоодо. 2020-жылдын 17-июну.
Алматы шаарынын дарыгерлери ПЧР каражатын даярдоодо. 2020-жылдын 17-июну.

Казак саламаттык сактоо министри Алексей Цой "Pfizer/BioNTech" компаниялары иштеп чыккан вакцина өлкөдө быйылкы жылдын экинчи жарымында пайда болушу ыктымал деп билдирди.

3-январдагы брифингде Алексей Цой "Pfizer" компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн, бирок контракттын баасын ачыкка чыгара албастыгын белгиледи. Ал аталган дарыны Казакстанда каттоо, “өлкө ичинде коопсуздугун жана натыйжалуулугун текшерүү үчүн” тиешелүү документтерди компаниядан сурашканын кошумчалады.

1-январда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму "Pfizer/BioNTech" компаниялары жасаган вакцинаны дүйнө жүзүндө чукул кырдаалда колдонууга уруксат берген. Уюм ал препарат коопсуздук жана натыйжалуулук критерийлерине жооп бере тургандыгын, анын артыкчылыктары ыктымал тобокелдикке караганда көбурөк экенин билдирген.

Казак министрлиги жергиликтүү жана орусиялык вакциналар боюнча конкреттүү план бар экенин да маалымдады.

XS
SM
MD
LG