Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Эл аралык байкоочулардын баасы: атаандаштык жана басым


Кыргызстандагы шайлоо тилкелеринин бири. 10-январь, 2021-жыл.
Кыргызстандагы шайлоо тилкелеринин бири. 10-январь, 2021-жыл.

Кыргызстанда 10-январда өткөн шайлоого эл аралык байкоочулар баа берип жатышат.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясы (ЕККУ) Кыргызстанда өткөн шайлоого баа берип, талапкерлерге бирдей атаандаштык түзүлбөй калганын жана журналисттерге басым жасалганын белгилешүүдө.

Талапкерлердин атаандаштык мүмкүнчүлүгү

Кыргызстандагы президенттик жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган шайлоого Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы бирге байкоо салган.

Уюм өз байкоосунда шайлоо жакшы деңгээлде өткөрүлгөнү менен бир катар кемчиликтер болгонун белгиледи. ЕККУнун кыска мөөнөттүү жана байкоочулар миссиясынын атайын координатору Питер Юэль-Йесен Садыр Жапаровдун каржылык жана үгүт ишиндеги уюштуруу деңгээли башка талапкерлерге караганда жогору болгонун белгиледи.

«Акыркы айлар Кыргызстан эли үчүн кайгылуу болуп, саясаттагы башаламандык менен коштолду. Бирок кечээ биз жалпысынан жакшы процесс жүрүп жатканын көрдүк. Эгерде Кыргызстан өз элинин иштеп жаткан демократияга болгон тилектерин актай турган болсо, анда шайлоолорду бирдей шартта, толугу менен таза атаандаштыкта өткөрүү маанилүү. Бул шайлоодо андай болгон жок».

ЕККУнун байкоочулары өз анализинде талапкерлердин телеканалдардагы дебаттарына токтолгон. Анда шайлоо өнөктүгүндө саясий дебаттар аз болуп, телетаймаштарда талапкердин инсандык сапаттарын гана талкуулоого басым жасалганын белгилешти.

ЕККУнун Парламенттик Ассамблея делегациясынын башчысы Рейнхольд Лопатка Кыргызстандагы саясий дебаттар аймактарда айырмаланып турганын белгилеп, бирок бул сапар дал ошол дебаттар шайлоочулардын санына таасир эткенин билдирди.

«Акыркы убакытта саясий чөйрө тездик менен өнүктү, бирок бул шайлоодо көрүнүктүүлүгү жана каржыланышы жагынан башкаларды артта калтырган Жапаров мырзанын үстөмдүк кылары алдын-ала белгилүү болгон. Кыргызстан буга чейин өзүнүн саясий дебаттарынын деңгээли менен аймактарда айырмаланып келсе, бул жолу талкууларда программаларга караганда жеке сапаттарга көңүл бурулгандыгы шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн төмөн катышуусуна алып келди».

Маалымат каражаттарынын ишмердиги

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулар миссиясынын башчысы Тамаш Месерич медиа каражаттарынын шайлоо учурундагы ишмердүүлүгү жөнүндө «Азаттыкка» буларды айтты:

«Журналисттерге жасалган басым жөнүндө өз сөзүмдө белгиледим. Буга чейин журналисттерге болгон басымдар тийиштүү органдар тарабынан иликтенбегендиктен, мындай көрүнүштөр жоюлган жок. Андыктан бул жолу шайлоодо журналисттер өзүн чектеп, бул болсо өз ишине кылдаат мамиле жасоону талап кылды».

Месерич референдум өнөктүгүндө тараптардын маалыматтык мүмкүнчүлүктөрү бирдей болбогондуктан, шайлоочулар үчүн маалымат тандоо аз болгонун кемчилик катары белгиледи.

Эл аралык байкоочулардын баяндамасында «төрт мамлекеттик телекомпания: 5-канал, ЭлТР, КТРК, Пирамида жана менчик 7-канал жаңылыктар блокторунда, талкууларында жана учурдагы берүүлөрүндө негизинен президенттик башкаруу формасы гана Кыргыз Республикасы үчүн пайдалуу деген маалыматтарды жайылтып, ошол эле учурда парламенттик башкаруу формасын жамааттык жоопкерчиликсиздиктин системасы катары катуу сынга алды» - деп сыпатталган.

Бул баядамада: "Мониторинг жүргүзүлгөн ЖМКнын жаңылыктар бөлүмүндөгү акы төлөнүүчү материалдардын 99 пайыздан ашыгы талапкер Жапаровдун үгүт иштерин камтыгандыктан, үгүт кампаниясынын редакциялык жактан чектелүү түрдө чагылдырылуусу, шайлоочуларга жеткиликтүү болгон маалымат чөйрөсүн кыйла кыскартып, ошону менен алардын маалыматтуу тандоо мүмкүнчүлүгүн басаңдатты", - деп да баса белгиленген.

Медиа каражаттарына көз салгандар «менчик НТС телекомпаниясы жаңылыктарында БШКнын расмий билдирүүлөрүнө гана басым жасап, референдумдун суроолорун чагылдыруудан баш тартты» - деген байкоосу менен бөлүшкөн. Бул референдумга коюлган суроолорду талкуулоодо шайлоочулардын "маалымат тандоо мүмкүнчүлүгүн ого бетер чектеди" - деп белгиленет.

Баяндамада онлайн маалымат каражаттары президенттикке талапкерлер жөнүндө көбүрөөк маалымат берди, бирок Садыр Жапаров "терс контекстте көбүрөөк чагылдырылып жатты" - деп жазылган.

Ошондой эле уюм медиа каражаттарынын көп болгонуна карабастан аналитикалык жана сынчыл маалыматтар аз жарыяланганын билдирди. Буга ЕККУнун байкоочулары этностук жана диний кастыкка каршы күрөшүү максатында иштелип чыккан мыйзамдар туура эмес колдонулуп, сотко берилген доо арыздар, журналисттерге чабуулдар тыкыр иликтенбей калгандыктан кабарчылар өзүн-өзү чектөөгө алып келгени себеп болду деп эсептешет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, президенттикке талапкерлер шайлоо алдындагы бир айлык үгүт үчүн 122 миллион сом сарпташты. Анын дээрлик жарымынан көбү - 67 миллион сому Садыр Жапаровго таандык.

Дагы бир талапкер Равшан Жээнбековго сот ишине байланыштуу аймактарга чыгып үгүт жүргүзүүгө уруксат берилген жок.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумду өттү деп тааный турганын билдирди. Миссиянын жетекчиси Владимир Норов шайлоо ачык жана акыйкат өткөнүн белгиледи.

«ШКУнун байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга даярдык көрүү учурунан тартып, добуш берүү аяктаганча көз салды. Добуш берүү өнөктүгү Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ачык өттү. Президенттикке талапкерлерге үгүт иштери үчүн бирдей шарт түзүлүп берилгенине күбө болдук. Миссия Кыргызстанда шайлоо ачык, акыйкат жана легитимдүү өттү деп эсептейт».

Ислам кызматташтыкты уюштуруу миссиясы, Түрк мамлекеттер кызматташтык кеңеши, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) байкоочуларынын миссиясы да 11-январда басма сөз жыйынын өткөрүп, Кыргызстанда өткөн шайлоого оң баасын беришти. Жалпы жонунан алар «Кыргызстанда өткөн шайлоо ачык, демократиялык принциптер менен өткөнүн» белгилешти.

«Human Rights Watch» эл аралык уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева баштапкы жыйынтыктар боюнча алдыга чыккан Садыр Жапаровдун алдында келечекте эл аралык милдеттенмелердин жоопкерчилиги турганын эскертти.

«Шайлоого чейинки окуялар, анын ичинде бийлик өлкөнүн Конституциясын көз жаздымда калтыруу менен тез арада президенттик шайлоого багыт алганы бир топ тынчсыздануу жаратат. Жапаров мырзада өлкөдөгү бийликти ишке ашыруу маселесинде жакшылап текшерүү жана тең салмактуулук принциптерин орноткон процессти жетектөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Өзгөчө кечээки референдумду улай президенттик башкаруу формасына эмнелер камтылары белгисиз болуп турган учурда мунун мааниси чоң. Жапаров мырза өлкөнүн келечегин түптөөгө кадам таштап жаткан учурунда адам укуктары анын иш-аракетинин өзөгүн түзөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар».

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум коронавирус пандемиясына карабай, жалпысынан жакшы өткөнүн билдирип, президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааный турганын билдирди.

АКШнын элчилиги бир катар эле аралык жана жергиликтүү байкоочулар атаган кемчиликтерди мыйзамдарга ылайык териштирүүгө чакырды.

Маалыматта: «Америка Кошмо Штаттарында болгон акыркы окуялар, демократия ар дайым жүрүп турган иш экендигин жана күчтүү, көз каранды эмес демократиялык институттарга берилүүнү талап кыларын эскертип турат. АКШ Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти болуп шайланды деп тааныйт. Биз демократиялык институттарды чыңдоо, экономикалык өнүгүү, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип чара көрүү жана коррупция менен эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташууну, эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы шайланган президент Жапаров менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөбүз», деп жазылган.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды президенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаган маалыматты өз интернет-барагында жана «Твиттерде» жарыялады.

Ал эми Садыр Жапаровду президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да куттукташты.

Соңку расмий маалыматтарга караганда, 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алды. Экинчи орунда - Адахан Мадумаров. Ага 94 278 добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт. Андан кийинки орунда Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% алды.

Референдумдагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламенттик башкарууну колдогондор 11% жакын.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG