Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Инаугурацияга даярдык, жабылган жолдор


Инаугурацияга даярдык. Бишкек. 21-январь, 2021-жыл.
Инаугурацияга даярдык. Бишкек. 21-январь, 2021-жыл.

Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтө турганы белгилүү болду.

Ага байланыштуу 21-январда президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлдү.

Жапаровдун салтанаттуу кызматка киришүүсүнө даярдык башталып, Бишкек шаарында айрым жолдордун жабылганы нааразылык жаратты.

Шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети 15 кишиден турат жана анын башына президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков ага орун басар болушту.

Топтун курамына өкмөттүн аппарат башчысы Бактыбек Аманбаев, парламенттин аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев, тышкы иштер, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, финансы, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана туризм министрлери, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев, КТРК менен «7-каналдын» башкы директорлору кирди.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов 21-январда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, инаугурацияны уюштуруу тобу ант берүү аземине сарпталуучу каражаттын суммасын бекитти.

«Канча киши чакырыларын, канча конок катышарын уюштуруу тобу карап чыгат. Пандемияга байланыштуу чаралар болот. Чакырылган коноктордун баары ПЧР анализ тапшырышы керек. Баарынын колунда маалымкаты болуш керек деп алдын-ала талап коюп атабыз. Филармонияда 1100 орун бар. Келген конокторду кандай жайгаштырабыз, баарын толтурабызбы же аралыкты сактап отургузабызбы - Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб менен кеңешип чечилет. Чет жактан кайсы конокторду чакырууну да уюштуруу тобу чечет. Мурдагыдай аткаминерлерди эмес, карапайым адамдарды көбүрөөк чакыруу тууралуу сунуштар болуп атат», - деди Анаркулов.

21-январда түштөн кийин Манас жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү жарым сааттай жабылды.

Бул иш-аракет шаардын борбордук автожолдорунда тыгындарды пайда кылды. Жолдун күтүүсүз жабылышы айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү нааразы кылды.


Кийинчерээк социалдык тармактардын колдонуучулары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы тараптан Чүй көчөсүн көздөй келе жаткан кортеждин видеолорун жарыялашты.


Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов Бишкектин Манас жана Айтматов көчөлөрү шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына даярдыкка байланыштуу жабылганын «Азаттыкка» билдирди.


Президенттик аппарат жана Бишкектин Жол көзөмөл милиция башкармалыгы бул баштапкы даярдык иш-чарасы болгонун, инаугурацияга эки-үч күн калганда дагы бир жолу даярдык аракеттери болорун маалымдады.

Камылганын экинчи баскычында жолдун жабыла турганы шаардыктарга жана шаардын конокторуна күн мурунтан алдын ала эскертилери айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов “Фейсбук” баракчасынан инаугурацияга даярдык боюнча буларды жазды:

«Бардык эркелик элдин эсебинен. Инаугурацияны мүмкүн болушунча аз каражатка өткөрүп, аны менен бирге үмүтсүздөр арасында ишеним кредитин жогорулатса болот беле? Резиденциядан филармонияга чейин жөө басып, жолдо тарапкерлери менен учурашып дегендей. Эгер каалоо болсо жаңы нерсе ойлоп тапса болот. Бирок, жок. Баары кадимкидей, зеригиштүү жана элдин эсебинен өткөнү турат».

БШК 20-январда жарыялаган добуш берүүнүн расмий жыйынтыгына ылайык, шайлоого келген элдин 79,20% добушун алган Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп шайланды.

Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга дайындалып, аны менен кошо башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдум өттү.

Боршайкомдун расмий жыйынтыгы боюнча референдумга келген элдин 81% президенттик башкаруу ыкмасын колдоду.

XS
SM
MD
LG