Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Казанцев: Москва Жапаров менен сүйлөшкөндү билет


Андрей Казанцев
Андрей Казанцев

Мындан ары кыргыз-орус алакасы кандай болот? Эксперттик көз караш.

Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Куттуктоо Кремлдин расмий баракчасына жарыяланды.

Мындан ары кыргыз-орус алакасы кандай болот? Москвада Садыр Жапаровду Кыргызстандын жаңы лидери катары кандай кабыл алышат? Бул суроолор боюнча Москвадагы Жогорку экономика мектебинин профессору, Борбор Азия боюнча эксперт Андрей Казанцевдин маегин сунуштайбыз.

"Азаттык": Буга чейин Кыргызстандагы октябрдагы саясий окуяларды элдин шору, башаламандык деп баалаган Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады. Мындан ары кыргыз – орус алакасы кандай нукта өнүгөт деп ойлойсуз?

- Биринчиден, орус бийлиги төңкөрүш жолу менен алмашкан бийликке башынан чочулоо менен карайт. Муну өлкө ичиндеги жана кошуна өлкөлөрдөгү стабилдүүлүккө коркунуч катары баалашат. Ошол эле кезде мындай жол менен бийлик мурдагы советтик өлкөлөрдө, Орусияга кошуна мамлекеттерде орносо, албетте, жаңы бийлик менен тил табышууга аракет кылат. Буга Армения, эми Кыргызстан мисал.

Экинчиден, орус бийлиги эч качан Жапаровду колдогон эмес. Орус бийлиги мурунку советтик өлкөлөрдө кандайдыр бир талапкерлерге колдоо көрсөтүп, артыкчылык берген окуялар болгон. Жапаров мындай талапкерлердин катарында эч качан турган эмес.

Бирок, Орусия Жапаров Кыргызстанда шайлоодо жеңгенин, азыр ал өлкөдөгү башаламандыкты кандайдыр бир деңгээлде тартипке сала ала турган жалгыз саясатчы экенин кабыл алды.

Үчүнчү нерсе, Кыргызстандын эли муну түшүнүшү керек. Орус элитасына Кыргызстандагы окуялар анча маанилүү эмес. Беларус, Украина, Түштүк Кавказ, Казакстандагы абал көбүрөөк маанилүү.

Кыргызстан – чакан, таасири аз өлкө. Мындан аркы Москванын ишараты бир гана Жапаровдун иш-аракети, кадамдарынан көз каранды.

- Москвадан Жапаров саясатчы, өлкө лидери катары кандай көрүнөт?

- Бул жөнөкөй адам эмес экенин баары түшүнүп турат. Анын криминалдык жана бизнес байланыштары белгилүү. Ошол эле кезде Кыргызстанда ким криминал же кимдин бизнеси таза экенин айырмалоо кыйын. Орой, сленг менен айтсак, Жапаров – конкреттүү «пацан». Кыргызстандагы саясий система интеллигент Акаевден баштап, советтик типтеги ар кандай бюрократтардан өтүп, конкреттүү «пацанга» келип токтолду десе болот.

Орус элитасы мындай конкреттүү «пацандар» менен сүйлөшкөндү билет. Буга мисалдар толтура.

- Кыргызстандын жаңы президенти тышкы саясатта Батыш өлкөлөрү, Кытай, Орусия менен алакада баланс таба алабы? Же Орусияга ыктаган саясат уланабы?

- Кыргызстан толук Орусиядан көз каранды дегенге болбойт. Азыр Кытайга да аябай көз каранды болуп калды. Батыштын мурдагы таасири кескин азайды.

Жапаров тажрыйбасы, дүйнө таанымы, билими менен тышкы саясатты жеке өзү чече албасын баары түшүнүп турат. Тышкы саясат анын айланасындагы кеңешчилери, адистерден көз каранды. Муну убакыт көрсөтөт.

- Кыргызстанда эми июнга чейин референдум өткөрүп, Баш мыйзамды өзгөртүп, президенттик башкарууга өтүү жараяны башталды. Бул иш жүзүндө өлкөнү башкарууну өзгөртөбү? Азыркы экономикалык жана пандемия шартында мындай бийлик ооштуруу канчалык орчундуу ?

- Советтик убактан кийин Кыргызстанда эч качан борборлоштурулган бийлик же бир адамдын бийлиги болгон эмес. Башында президенттик республика болгон кезде деле ар кандай элиталардын таасири күчтүү болгон. Бир дагы мурунку советтик, башка өлкөлөрдө да элиталык топтор мынчалык таасирдүү эмес.

Мындай шартта, Баш мыйзамды өзгөртө коюп эле бир жылда бийликти бир колго топтоп алууга болбойт.

Кыргызстанда саясий элита, аймактык топтор, эл өз алдынчылыкка көнүп калышкан. Бир нерсе жакпаса митингге чыгышат, ага тоскоолдук жаралса, таш алып чуркашат.

Албетте, азыркы кырдаалда элдин бийликти, жоопкерчиликти бир адамга берели деген ниетин түшүнсө болот. Кризистен чыгыш үчүн буга макул болуп жатышат.

Бирок, каатчылыктан чыгуу үчүн кризис-менеджер керек. Анын колунда мунай же күч кызматтары сыяктуу кандайдыр бир ресурстар болушу керек. Азыр Жапаров жөнөкөй тил менен сүйлөгөн, элге жакын, маселени ордунан чече турган лидер катары көрүнгөнү менен анда мындай ресурстар жок. Мындай кырдаалда бийликти монополизациялоо кооптуу, бул жаңы толкундоолордун башаты гана болуп калышы мүмкүн.

Жапаровдун бир гана жолу бар. Ал Орусия, Кытайдан жардам сурап, колдоо издөөгө аргасыз болот. Эл аралык институттардан, уюмдардан да жардам сураса болот. Бирок анда алардын демократия, парламентаризм, сөз эркиндигин сактоо сыяктуу талаптарын аткарышы керек.

- Азырынча парламенттик шайлоо качан өтөрү белгисиз. Бирок Жогорку кеңештин кийинки чакырылышына саясий топтордон күчтүү оппозициялык блок келип, бийликте тең салмактуулук сакталат деп күтүүгө болобу?

- Соңку айларда саясий топтор, оппозициялык блоктор жашырынып, тынчып калгандай байкалат. Буга кошумча шайлоого катышкан элдин аздыгын, шайлоого Жапаровду колдогондор эле барганын эсепке алганда, баары эле бир нерсени күтүп жатышкандай.

Жапаров чукул арада элдин жашоосун жакшыртууну, коррупцияны жоюуну, таза бийлик орнотууну, дагы бир топ убадаларды берип, ишендирип койгон. Азыр дүйнө өлкөлөрүндө экономикалык жана саясий кризис болуп жатат. Ал эми Кыргызстандын шартында тез арада системалык өзгөртүүлөрдү киргизип, өнүгүүгө бет алуу өтө кыйын. Ошондо элдин Жапаровго болгон колдоосу ачуу сынга айланышы толук ыктымал.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG