Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Садыр Жапаров жана саясий күчтөр


Садыр Жапаров. Бишкек, Ала-Тоо аянты. 11-январь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров. Бишкек, Ала-Тоо аянты. 11-январь, 2020-жыл.

Мөөнөтүнүн мурда өткөн президенттик шайлоодо көп добуш алган Садыр Жапаров шайлоого талапкер болуп катышкан атаандаштары менен кызматташарын айтты. Ал буга чейин да саясий күчтөрдү консолидация кылып, элдин башын бириктирүү ниетин билдирген.

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча биринчиге чыккан Садыр Жапаров 11-январда Бишкектин Ала-Тоо аянтында тарапташтары менен жолукту. Ал айрым эстрада ырчыларынын концерти менен коштолду. Адатта Кыргызстанда шайлоодо жеңип чыккан талапкерлер мындай иш-чараларды уюштурбайт.

Садыр Жапаров тарапташтарына кайрылган билдирүүсүндө өлкөдө экономикалык, социалдык абал болуп көрбөгөндөй оор абалда турганын, экономиканы көтөрүү боюнча пландары бар экенин жана аны ишке ашырууга саясий эрки жетерин айтты.

Президенттик шайлоодогу 16 атаандашы тууралуу сөз кылып, «алардын да өлкөнү өнүктүрүү тууралуу максаттары бар» деп саясий өнөктүккө катышкан башка талапкерлер менен кызматташуу тууралуу мындай деди:

«Президенттикке аттанган менден башка да талапкерлердин саясатта салмагы, кадыр-баркы, тажрыйбасы бар. Алар да эл урматына ээ болгон инсандар. Алардын да өлкөбүздү өнүктүрсөм, Кыргызстаныбызды кубаттуу мамлекетке айлантсам деген ыйык тилектери бар. Мен атаандаштарымды дал ушул тилектери жана сапаттары үчүн терең сыйлайм. Кудай буйруп, президент катары толук ишке киришерим менен талапкер атаандаштарымды акыл калчап, өлкө тагдырын оң жолго салууда кеңешип-баарлашууга чакырам. Бири-бирибизге карата ушак-айың, көө жапмайдан эл турмушу оңолуп кетпейт. Бөлүнүп-жарылуудан эч нерсе утпайбыз. «Бөлүнгөндү бөрү жейт» деген макалды унутпайлы. Азыр бизге ынтымак керек. Ырыскыны элибизге ынтымак гана алып келет».

Садыр Жапаров шайлоонун үгүт маалында Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) теледебаттын эки туруна тең барган жок жана аны дебатта «ушак териштирүү» эле болуп жатканы менен түшүндүргөн. Муну башка талапкерлер курч суроолордон качуу, атаандаштарын жана көрүүчүлөрдү сыйлабастык катары баалашкан. Жапаров Ала-Тоо аянтында президенттикке талапкерлерден тышкары саясий күчтөргө да кайрылып, алар менен диалогго даяр экенин жарыялады:

«Улуттук долбоордун деңгээлинде же башка иштерди баштайбызбы, баары ачык болот. Кимде-ким каршы болсо биз аларды көчөдө эмес, Өкмөт Үйүндө, иш болуп жаткан жерге чакырып ачык-айкын талкуулап, ар бир ишти көргөзүүгө даярбыз. Кудай буюрса, мындан кийин көчө оппозициясы болбойт. Оппоненттер жана башка ушундай жарандарыбыз көчөгө чыгып кыйкырбастан биздин кабинетке келип отурумдарга катышып оюн айтканга биз ачыкпыз. Мындан ары демократиялык негизде иш алып барабыз. Мурдагыдай бир кабинетке бекинип алып бир кишинин же бир топтун гана кызыкчылыгы үчүн иш алып барган адат болбойт».

Садыр Жапаров саясий күчтөрдү консолидация кылып башын бириктирүү боюнча пикирин ушуну менен президенттик шайлоодон кийин экинчи жолу билдирди. 10-январда басма сөз жыйынында ал саясий куугунтук кылбай турганын, анда кекчилдик, адамдын артынан түшүп алмай сапаттары жок экенин айтканы бар.

Бирок шайлоонун үгүт иштеринде айрым талапкерлердин кылмыш иштери бар экенин, алар кол тийбестик алыш үчүн гана шайлоого катышып жатканын бир нече жолу кайталаган. Эгерде кылмыш иштери болсо жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Ошол кезде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Эркин Тоо» басмаканасына байланыштуу кылмыш ишин кайрадан иликтөөгө киришкен. Бул иште Жогорку Кеңештин депутаты, президенттикке ат салышкан Каныбек Иманалиевдин аты аталып келатат. Ал Садыр Жапаровдун акыркы билдирүүлөрү тууралуу «Азаттык» менен ой бөлүштү:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Саясий диалог деген адамдарды сөзсүз эле бийликке алып келүү эмес. Ал – экономикалык кризистен, укуктук башаламандыктан бирге чыгуу жана анын так эрежелерин аныктоо. Ошондой эле саясий жол картасын түзүү. Бул мамлекет үчүн керек. Ага ар бир саясий партиянын лидери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана журналисттер катышууга тийиш. Азыр бизге жалпы улуттук диалог зарыл болуп турат».

Кыргызстанда кандай гана бийлик келбесин, башында коомду бириктирүү тууралуу убадаларды берет. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков өлкө жетекчиси катары алгачкы жылдарда мурдагы спикерлерди, экс-премьер-министрлерди өз-өзүнчө чогултуп, муну саясий күчтөрдүн башын кошуу аракети катары баалаган. Ушундай эле максатта жарандык коомдун өкүлдөрү менен да жолуккан.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов мөөнөтүнүн мурда өткөн президенттик шайлоодо алдыга чыккан талапкердин ар кандай саясий топторду диалогго чакырган билдирүүсүн колдоду. Ал конституциялык реформадан кийин саясий күчтөрдүн арасында ажырым дагы күчөй турганын божомолдоп жатат. Себеби, парламентаризмди жактаган күчтөр биригери буга чейин эле айтылып келаткан. Кулов былтыр октябрь окуяларынан берки саясий кризисти чечиш үчүн бийлик реалдуу иштерди жасаш керек деген пикирде.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Садыр Жапаров октябрь айында премьер-министрлик кызматка киришкенде реформаларды ишке ашыра турган комитет түзөрүн айткан. Ошол комитетке кирип иштей турган президенттикке талапкер болгон Аймен Касенов, Жеңишбек Байгуттиев, Бабыржан Төлбаев деген татыктуу кадрлар бар. Андан башка да адамдарды комитетке киргизиш керек. Саясий күчтөрдү бириктирүүнү ушундай реалдуу жумуш менен көрсөтсө болот. Жөн эле чайга чакырып аларды бириктирем деген туура эмес. Ал ишке ашпайт».

Саясат талдоочулар конституциялык реформаны, андан көп өтпөй 1-июнга чейин өтө турган Жогорку Кеңешке кайра шайлоону эске алганда Кыргызстанда саясий кырдаал ого берет чыңалат деп баа беришүүдө. «Кыргызстан коммунистери» партиясынын лидери, экс-депутат Исхак Масалиев анын үстүнө октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин тушунда коомдо жана саясий күчтөрдүн ортосундагы кайым айтышуу күч алганын айтып жатат:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Саясатчылардын башын бириктирүү - азырынча сөз гана. Себеби, шайлоодон уткан киши дайыма ушинтип айтат. Ал ишке ашабы, белгисиз. Анткени маселенин баарын бир эле адам өзү чечпейт да. Тегерегинде көп киши бар. Интернетти карасаңар тарапташтары (ред: Садыр Жапаровдун) кандай гана жаман сөздөр менен жамандап атышат. «Муну камаш керек. Тигини жоготуш керек» деп жазышат. Өзү да шайлоо убагында «тигини камайм, муну камайм» деп эки талапкер жөнүндө айтпады беле. УКМК болсо Курсан Асановдун аялына иш козгоптур. Ушул эмне, консолидациябы?»

УКМКнын маалыматына ылайык, президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнкановага карата сотко чейинки териштирүү иши башталган. Ал ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн шек саналганы, чет элдик ишкерден чогуу бизнес жүргүзүш үчүн 5 миллион доллардан ашык акча алып кайтарбай жатканы тууралуу арыз түшкөнү кабарланган. Иш прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Жарандык активист Нурбек Муктар былтыр октябрь окуяларынан кийинки саясий кризис, анын конституциялык реформа боюнча талаш менен уланып жатышы жана Садыр Жапаровдун саясий күчтөр тууралуу билдирүүсү боюнча төмөнкүлөрдү айтты:

«Садыр Жапаровдун «элди бириктирем, саясатчыларды чогултам» дегени - элди убактылуу жоошутуу. Эсиңерде болсо Сооронбай Жээнбеков да ушинтип баштаган. Ал лидерлерди топтоп, алардын сөзүн угумуш болгону менен өз билгенин кылган. Бул жолу деле ошондой болот. Анткени Садыр Жапаровдун өзүнүн командасы бар. Артында аны сүрөгөн адамдар, кландар турат. Командасы эмне десе ошого жараша саясат болот».

Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого 17 талапкер катышты. Алар: Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Бабыржан Төлбаев, Адахан Мадумаров, Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, Элдар Абакиров, Жеңишбек Байгуттиев, Арстанбек Абдылдаев, Курсан Асанов, Бактыбек Калмаматов, Мыктыбек Арстанбек, Абдил Сегизбаев, Улукбек Кочкоров, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев жана Имамидин Ташов.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алды. Экинчи орунда - Адахан Мадумаров. Ага 94 278 киши добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт. Андан кийинки орунда Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% түздү.

Референдумдагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламенттик башкарууну жактагандар 11% жакын.

Шайлоонун жыйынтыгы, Жапаровдун жеңиши
please wait

No media source currently available

0:00 1:05:14 0:00

XS
SM
MD
LG