Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Өкмөт бюджет толтурууда элден жардам сурайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү элден жана мекеме-уюмдардан бюджетти колдоого түшө турган акча үчүн жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп ачты. Ага кызматтык жана экономикалык кылмыштардан өндүрүлгөн каражат да топтолот.

Буга чейин Финансы министрлигинде тышкы карызды төлөө максатында элден акча чогултуу үчүн дагы бир эсеп иштей баштаган. Өкмөттүн жарандардан жардам алуу боюнча арты-артынан ачкан атайын эсептери коомчулуктун сынына кабылды.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп 2020-жылдын 28-октябрында ачылган. Тиешелүү токтомго өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койгон.

Токтомдун түшүндүрмөсүндө эсеп бюджетти колдош үчүн ыктыярдуу негизде юридикалык жана жеке адамдардан, экономикалык амнистиядан түшкөн акчаны топтош үчүн ачылганы жазылган. Ошондой эле экономикалык мунапыстан өндүрүлгөн каражатты социалдык маанилүү чыгымдарга жумшаш үчүн легалдаштыруу керек экендиги белгиленген.

Жөнөкөй тил менен айтканда өкмөт бюджеттин тартыштыгын жабыш үчүн элден акча чогултат жана ал эсепке кызматтык жана экономикалык кылмыштардан өндүрүлгөн каражат да топтолот.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы, депутат Эмил Токтошев өкмөттүн бул иши колдоого алынып кетишинен күмөн санап турат.

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

«Бюджетти колдоо боюнча ачылган депозиттик эсеп пайда алып келбейт, - деди ал. - Бизде бюджетти толтурайын деп бирөө да акча салбайт. Айрым адамдарды, коммерциялык уюмдарды мажбурлап каражат өндүрүү коркунучу да бар. Кыргызстанда ансыз да УКМК менен Финансы полициясында коррупциялык иштерден өндүрүлгөн акча түшчү атайын эсептер бар. Өкмөт ал каражатты Жогорку Кеңеш аркылуу бюджетке кошот».

Кыргызстанда 2018-жылы экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Финансы министрлигинде экономикалык жана кызматтык кылмыш иштерден өндүрүлгөн каражатты топтош үчүн депозиттик эсеп ачылган. Башкы прокуратурага, Финполицияга, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана Ички иштер министрлигине (ИИМ) жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

2019-жылы бирдиктүү депозиттик эсепке чогулган акчадан 15 мектеп жана Бишкек менен Ош шаарларындагы, Чүй облусундагы мектептердин кошумча корпустарын курууга 800 млн. сом бөлүнгөн. Жогорку Кеңеште депутаттар укук коргоо органдары коррупциялык иштерден түшкөн эсепке акча которуш үчүн ич ара жарышып жатышканын, анын айынан ишкерлерди текшерүү күчөгөнүн айтышып кийинчерээк эсеп жабылган.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова бюджетти толтуруш үчүн элден акча чогултуу боюнча өкмөттүн аракетин колдойт:

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

«Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ), Дүйнөлүк банк жыл сайын биздин бюджетти колдош үчүн каражат берет. Бул биз канча жылдан бери толук мамлекет боло албай келатканыбыздын далили. Анткени кайсы өлкө бюджетин толтуруу үчүн чет жактан акча алат? Анын үстүнө алар бизге акчаны карызга берип жатышат. Өздөрүнүн талаптары бар. Ошондуктан мейли, мекенчил адамдар бюджетке каражат чогултсун. Мен да 100 сом же 1000 сом болобу, салам».

Финансы министрлиги былтыр октябрь айында жаңы ачылган жалпы мамлекеттик депозиттик эсепке 1 млрд. 500 млн. сомдун тегерегинде акча топтолгонун билдирди.

Министрликте ачылган эсеп ушуну менен эле чектелбейт. Мекемеде тышкы карызды төлөш үчүн 2020-жылдын октябрында ачылган дагы бир эсеп иштеп жатат. Ага да өз ыктыяры менен акча которсо болот. 1-январга карата ага 1 млн. 30 миң сомго чукул каражат түштү.

Ошентип, кыргыз өкмөтү бюджетти толтуруш үчүн да, тышкы карыздан кутулуш үчүн да элден акча чогултууда. Эмил Токтошев өкмөттүн алакан жайып эле карапайым адамдардан үмүт өткөнүн сынга алды:

«Коронавируска каршы күрөш боюнча Саламаттык сактоо министрлигине, республикалык штабга эл акча чогултуп берген. Дача-Судагы кырсыкта да 100 млн. сомго жакын каражат беришкен. Бирөө да акчанын кайда коротулганы боюнча отчёт берген жок. Ал эми тышкы карызды төлөөдө элден акча топтоонун өзү туура эмес. Карызды мамлекет алдыбы, мамлекет төлөсүн. Аны элге чачып кереги жок. Бул өз жанын өзү багып жаткан карапайым адамдардын милдети эмес. Аны кайтарып берүү - мамлекеттин, өкмөттүн иши».

Өкмөттүн депозиттик эсеп ачып элден жардам сураганы аргасыздык катары кабыл алынды. Себеби, коронавирус пандемиясынан улам өткөн жылы бюджет аткарылбай, айлык, пенсия, жөлөк пул чет өлкөдөн алынган насыя, грант менен төлөндү. Жыл аягында эле Орусиядан социалдык төлөмдөр үчүн 20 млн. доллар түштү.

Ушул тапта коронавирустун экинчи толкуну болуп чек аралар толук ачыла элек, ишканалар жанданган жок.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, былтыр донорлор Кыргызстанга жалпысынан 774 млн. доллар жардам көрсөтүүгө убада беришкен. Мунун ичинен 177 млн. доллар грант, калганы насыя. Өткөн жылы бул акчанын 347 млн. долларга жакыны алынды. Өкмөт дагы 427 млн. 606 миң долларды күтүп жатат. Саясат талдоочу Гүлжигит Исаков чет өлкөдөн да, элден да жардам сураган өкмөттүн туруму боюнча мындай деди:

Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

«Экономиканы башкарган киши бар болгон ички ресурсту колдонуп, азды көп кылыш керек. Чарбачыл эмес, алып сатуу менен гана алек болгон, өндүрүштү билбеген адам экономиканы башкарып калса, ал ошол эле алып сатуу ишин уланта берет. Мамлекеттик кызмат өзгөчө жөндөмдү талап кылат. Кыргызстанда ички ресурс жетиштүү. Көмүскөдөгү эмес, ачыктагы экономиканы эле системаны өзгөртүү менен туура пайдаланса көп маселе чечилет. Ошону менен бюджеттеги таңкыстыкты жойсо да болот. Аны кыла албай атышпайбы. Даяр дубаначылык менен табылган акчаны таратып коюш кимдин эле колунан келбесин? Аны эң төмөнкү социалдык катмардагы адам да аткара алат».

2021-жылга карата республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 172,9 млрд. сом, чыгашасы 181,3 млрд. сом деп бекитилген. Дефицит 8,5 млрд. сомдон ашат. Экономика ушул тейде кете берсе өкмөт социалдык төлөмдөрдү аткара албай калышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Бийлик болсо пенсия, жөлөк пул өз убагында төлөнөт деп ишендирүүгө аракет кылып келе жатат.

«Элдик фронт» коомдук кыймылынын жетекчиси Абдымалик Мырзаев өлкөдөгү акыркы кырдаал боюнча пикири менен бөлүштү.

«Эл өкмөттү да багып, карызды да төлөп жатат. Карапайым элдин арты менен аткаминерлер иш менен камсыз болуп, резиденцияларда жашап жатканын эл да, бийлик да түшүнбөй турат. Адилеттүү бийлик орномоюнча бул улана берет», - деди Мырзаев.

Талдоочулар депозиттик эсепке чогулган акчанын дайын-дареги боюнча да буга чейин бир нече жолу маселе көтөрүшкөн. Адатта өкмөт атайын эсепке түшкөн акча кимден кайсы иштен өндүрүлгөнүн ачык жарыялабайт.

XS
SM
MD
LG