Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

«Лицензия иши»: Жаңы жагдайлар ачыкка чыкты


Аида Салянова
Аида Салянова

6-январда Жогорку сот мурдагы юстиция министри, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин кайрадан караганы турат.

2010-жылы Аида Салянова юстиция министринин милдетин аткарып турган убактагы козголгон ишти Жогорку сот караганы турат. Салянованын адвокаттары иштеги жаңы жагдайлар боюнча арыз менен кайрылган.

Мурдагы башкы прокурордун адвокаты Рабига Сыдыкова ишти кайра кароого үч жагдай негиз болгонун билдирди:

«Биринчи жагдай - колумда Елисеев менен катар эле лицензиясын кайра калыбына келтирген адвокаттардын түшүндүрмө каттары бар. Алардан деле соттолгону боюнча тастыктаманы талап кылышкан эмес. Ал эми Аида Салянованы дал ушул кине менен соттоп салышты. Экинчи жагдай - Ленин райондук сотунун өкүмүндө Кыргызстанда кайра калыбына келтирилген лицензиянын негизинде Елисеев Латвияда консалтинг компания ачканы айтылган. Ал учурда бул лицензия Кыргызстандын аймагында гана күчкө ээ экенин көрсөткөнүбүзгө, Латвия парламентинин консалтинг компания ачыш үчүн Кыргызстанда алынган эч кандай адвокаттык лицензиянын кереги жок экенин далилдеген жообун алып келгенибизге карабай сот Салянованы күнөөлүү деп тапкан. Азыр биздин колубузда Елисеев консалтинг компанияны адвокаттык лицензиясы кайра калыбына келтирилгенге чейин эле 2010-жылы апрелде түзгөнү жөнүндө каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү бар. Үчүнчү жаңы ачылган жагдай - Жогорку Кеңештин жыйынынын стенограммасы бар. Анда депутат Никитенко ал кездеги башкы прокурор Жолдубаевага суроо берген. Жолдубаеванын жообунан Кыргызстанда сот органдарынын кош стандарттуулугун ачыкка чыгарса болот».

Адвокат Сыдыкова Жогорку сот мына ушуларды эске алуу менен бул ишти кайрадан териштирип чыгып, калыс чечим чыгарат деп ишенет.

Аида Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.

2019-жылдын декабрь айында Жогорку сот жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу ишти кайра карап, Салянованын жазасын өзгөрткөн эмес.

Саясатчынын тарапкерлери иш боюнча саясий чечим чыгарылганын айтып келатышат. Муну бийликтин бийик сересиндеги айрым адамдар да айтып чыгышкан.

Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин башкы прокурорлук кызматка келген, Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Аида Саляновага «мыйзамсыз өкүм» чыкканын айткан:

«Чындыгында Салянова жок жерден соттолуп жатат. Мен кылмыш ишинин материалдары менен таанышкан эмесмин. Бирок маалымат каражаттарындагы чыгып жаткан маалыматтар боюнча Салянованын күнөөсү жок. Себеби, ал милдеттүү түрдө лицензияны бериши керек болчу. Эгерде лицензияны бербей койсо, анда жоопко тартыш керек эле».

2010-жылы апрель окуясынан кийин Латвиядан башкалка тапкан Елисеев «лицензияны калыбына келтирүү автоматтык түрдө ишке ашке ашат жана эч кандай министрдин укуктук аракетин талап кылбайт» деп билдирген.

Прокуратура менен сот органдары Салянованын иши боюнча чечимдердин баары мыйзамдуу экенин белгилеп келген.

2019-жылы Салянованын ишин караган соттук коллегиянын мүчөсү, Жогорку соттун судьясы Шерали Камчыбеков өкүмдү төмөнкүчө окуган:

«Адвокат Жакупбекованын өтүнүчү жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кылмыш-аткаруу инспекциясынын соттолгон Салянова Аида Жеңишбековнанын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо тууралуу өтүнүчү четке кагылат. Бул чечим акыркы жана ага каршы даттанууга болбойт».

Салянованын иши Жогорку сотко сыноо
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:19 0:00

48 жаштагы Аида Салянова кыргыз саясатында 2010-жылдан тартып активдүү роль ойноп, бийликтин бийик сересине чейин жеткен. 2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси бузулуп, башкы прокурорлук кызматын таштап, оппозициячыл саясатчыга айланган.

Салянова Башкы прокуратураны жетектеп турганы жылдары коррупцияга каршы күрөштө өзгөчө жигердүүлүк көрсөткөнү белгилүү. Ал убакта бир катар депутаттарга иш козголуп, камакка алынган. Бирок ал саясатчылардын көпчүлүгү Атамбаевдин бийлигине сын айтканы үчүн куугунтукка кабылганын, Салянова ошол кездеги президенттин «буйругун аткарганын айтып» жүрүшөт.

Аида Саляновага кылмыш иши 2017-жылы козголгон. Ал мезгил Салянова депутат болуп туруп, парламенттин трибунасынан президент Алмазбек Атамбаевди кескин сындап турган кезге туш келген.

Елисеевдин адвокаттык лиценциясын узартууга байланыштуу кылмыш ишинен тышкары, Салянова дагы бир чуулгандуу кылмыш ишинин фигуранты. Тактап айтканда, мурдагы башкы прокурор кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинде айып коюлуп, 2019-жылы эки айдан ашык тергөө абагында отурган. Ал тергөө менен кызматташууга макул болгондон кийин үй камагына чыгарылган болчу. Кийин ал шарттан баш тарткан. Учурда бул иш Бишкектин Свердлов райондук сотунун кароосунда турат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG