Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Саляновдун өлүмү: чекит коюлбаган күмөн ойлор


Улан Саляновду 2017-жылы өз үйүнөн атып кетишкен.
Улан Саляновду 2017-жылы өз үйүнөн атып кетишкен.

Мурдагы баш прокурор, мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу сот өкүмү чыкты.

Улан Саляновду өлтүрүүгө айыпталган Эрмек Осмонкулов 18 жыл, эки айга, экинчи шектүү Асанэмир Абыкулов 15 жылга кесилди. Ал эми үчүнчү шектүү Заур Насруллаев тууралуу сөз болгон жок.

Өкүмдү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков окуду. Ага чейин мамлекеттик айыптоочу кылмышка шектүүлөрдү өмүр бою эркинен ажыратууну сураган.

Улан Саляновдун бир тууган эжеси Аида Салянова соттун чечими жумшак болуп калды деген пикирин билдирди:

Аида Салянова.
Аида Салянова.

«Бул күтүүсүз чечим болду. Инимди өлтүрүүнү уюштурган адамга 15 жыл берди. Муну шылдың катары кабыл алдым. Бул кылмыш ишинде саясий мотив бар экенин айтып келе жатам. Буга чейинки сот отурумдарында сунуштарды, өтүнүчтөрдү келтирип жаттык. Бул иштин артында ким турат? Инимди өлтүрүүгө буюртманы ким берген? Мына ушул суроолор сотто эске алынбады. Сот буга жооп тапкысы да келген жок. Эгер кылмышка шектүүлөр өмүр бою эркинен ажыраса, эртели-кечпи инимди өлтүрүүгө буюртма берген адамдын атын атамак. Эми алар жаза мөөнөтү бүткүчө эле түрмөдөн чыкканга аракет кылышат. Инимди кокустан өлтүрүп алган дегенге ишенбейм. Анткени шектүүлөрдүн бири мени каралап жүрчү. Андан төрт-беш ай өтпөй эле инимди өлтүрүп жатпайбы».

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүүлөрдүн бири Асанэмир Абыкулов 2017-жылы Улан Салянов өлтүрүлгөнгө чейин «Аида Салянованы каралап бер» деп кайсы бир адамдар кайрылганын билдирген. Кимден буйрук түшкөнү тууралуу суроого ал «уюшкан кылмыштуу топ» деп кыска жооп кайтарган. Акыркы сот отурумунда Абыкулов бул тууралуу айтууну каалаган жок.

Дагы бир шектүү Эрмек Осмонкулов буга чейинки сот отурумдарында Саляновдун үйүнө таанышынын карызын алуу үчүн барып, уруша кеткен учурда атып салганын айткан. Ал "Улан Саляновду атып өлтүргөн тапанчаны шектүү Асанэмир Абыкулов берген" деген көрсөтмө берген.

Аида Салянова Биринчи май райондук сотунун өкүмү боюнча жогорку сот бутагына даттанарын айтты. Ал инисинин өлүмүн «саясий буюртма» десе, милиция кылмышты карактоо катары мүнөздөп келет.

Бул иш 2017-жылы Жогорку Кеңеште да байма-бай көтөрүлгөн. Мурдагы депутат Садык Шер-Нияз буларга токтолду.

«Аида Салянова көрүнүктүү саясий ишмер. Кезинде чындыкты айтып, көптөгөн коррупционерлерге каршы кылмыш ишин козгогон. Мындай кишинин сөзсүз душманы болот. Ал Атамбаевдин бийлигинин тушунда өзүнүн кыймыл-аракети менен бийликке жакпай калган. Ошондуктан бул иште саясий боёк болушу толук мүмкүн».

Саляновдордун адвокаты Рабига Сыдыкова иштин саясий өңүтүн жаап-жашыруу аракети болуп жатканын айткан. Ушундан улам ал табышмактуу жагдайлардын баарын ачыкка чыгаруу зарыл экенин билдирген.

Буга чейин Аида Салянова өзү да инисинин өлүмү боюнча бир катар мурдагы жогорку кызматтагыларды, анын ичинде УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди сотко чакырууну сунуш кылган. Сунушту мамлекеттик айыптоо колдогону менен ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков четке каккан.

Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу күмөн ойлорго чекит коюлган жок деп эсептейт.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

«Улан Саляновду өлтүргөндөр, уюштуруучулар, буюртма бергендер кимдер деген суроо бул кылмыш иши катталгандан бери коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратып жатат. Кылмышка шектүү эки адамга сот өкүмү чыкты. Бирок буюртма бергендердин аты айтылган жок. Бүдөмүк ойлорго жооп табыла элек. Чекитти тергөө органдары коюшу керек эле. Чындап буюртма бергендер эртели-кеч билинет. Беш жыл болобу же он жылдан кийинби ачыкка чыгат. Ал эми тергөөдө туура укуктук баа берилген болсо анда “караңгы үйдөн жок мышыкты” издөө майнапсыз».

Деген менен мурдагы прокурор Байтемир Ибраев далилдер менен сүйлөөгө чакырды.

«Божомолдоп, мүмкүн же мүмкүн эмес деп айтуу туура эмес. Мен муну укук коргоо тармагында иштеп жүргөн адам катары айтам. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган далилдер бар. Жанагы эки адам ошол үчүн соттолду да. Бул тергөөнүн натыйжасы менен чечиле турчу маселе. Ой күлүк, божомолдун да чеги жок болот. Эгер Салянова айтып жаткан буюртма берген адамдар болсо, алар да соттолушу керек эле»..

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылы сентябрда карай баштаган.

Кылмышка үч киши - Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шек саналып, Осмонкулов 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Абыкулов Москвада колго түшүп, 2019-жылы майда Бишкекке жеткирилген. Саляновдун өлүмү боюнча шектүүлөрдүн дагы бири Заур Насруллаев Орусияда кармалган, Кыргызстанга өткөрүлө элек.

XS
SM
MD
LG