Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

Улан Саляновдун өлүмү боюнча шектүү киши кармалды


Улан Салянов жашаган үй
Улан Салянов жашаган үй

“Ата Мекен” партиясынын депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү адам кармалды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы аны үйүнөн атып өлтүрүүгө "карактоо" жана "акчага байланыштуу" негиздер себеп болгонун билдирди. Ошондой эле милиция кылмышкердин башка шериктери изделип жатканын жарыялады. Буга чейин "Ата Мекен" партиясы окуяны депутат Аида Салянованын оппозициялык ишмердигине байланыштырып, "анда саясий себептер бар" деп билдирүү тараткан.

ИИМ: кылмыштын себеби - карактоо

Ички иштер министрлиги тараткан учкай маалыматка ылайык, Улан Саляновдун өлүмү боюнча шектүү катары Бишкек шаарынын 1986-жылы туулган тургуну кармалган.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөөгө ушул кылмышты кылганын моюнуна алган көрсөтмөлөрдү бере баштаганы жарыяланды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы, милициянын полковниги Бакыт Сейитов алдын ала тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кылмышты жасоого түрткөн негизги жагдай карактоого байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирди.

- Бул иш боюнча негизги шектүү катары кармалган киши каракчылык, тоноо жана уурулук боюнча мурда төрт жолу соттолуп, түрмөгө отуруп чыккан. Кылмыштын жасалышына түрткү берген жагдай карактоо менен байланыштуу болгону аныкталды. Аларда өлтүрүлгөн адамдын акчасы бар экени тууралуу мурда маалымат болгон. Ошондой эле алардын ортосунда буга чейин дагы аласа-бересе сыяктуу кандайдыр бир маселелер болгону да такталып жатат. 2010-жылдан 2017-жылга чейин көптөгөн машинелерди алып келип, өзүнө каттатып жүргөнүнө караганда, бул жигит унаа сатуу менен дагы алектенип жүргөн окшойт. Ошондуктан акчага байланыштуу жагдайлар бар...

"ИВСтен изделген илинчектер"

Мурдагы баш прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду быйыл 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен.

Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон. Буга чейин ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров кол салгандар Улан Саляновдон акча талап кылганын, ошого байланыштуу тергөө ишинде "каракчылык" деген версия каралып жатканын айткан.

Данияр Абдыкаров
Данияр Абдыкаров

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров бул иш кылдат иликтенип жатканын билдирген болчу:

- Бүгүнкү күндө "ушул кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн" деген негизде шектүү адамдардын артынан бир катар ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Айта кетсек, бул жерде убактылуу кармоо жайында каракчылык боюнча отургандардан дагы шек санап, алардын үстүнөн дагы тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Азыр бул иш ачылат же ачылбайт деп так кесе айта албайбыз. Бирок биз колдон келишинче иштин изин суутпай, артынан түшүүгө аракеттенип, тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз.

"Ата Мекен" фракциясы бул кандуу окуяны депутат Аида Салянованын оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштырып, "анда саясий өңүт бар" деп билдирүү жасаган. Буга байланыштуу фракция партиянын камактагы лидерлери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун дагы өмүрүнө кооптонуп, алардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылган.

Кылмыштын башка версиялары каралдыбы?

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз окуя учурунда акча талап кылынган менен маркум алардын айтканына көнгөнүнө карабастан атылганына милиция эмнеге көңүл бурбай жатканын белгилеген болчу:

Садык Шер-Нияз
Садык Шер-Нияз

- Эгерде изин эмдигиче таппасаңар, кылмышкерди таппасаңар... Сиздин сөзүңүзгө караганда, азыр таптакыр эле эч бир илинчек жок экен. Анан туруп эле бул жерде "саясий маселе жок" деп айтып жатасыз. Маркум жигит аларга "келгиле, сүйлөшөлү" деп айтканы, бирок ага карабастан анын аёосуз атып өлтүрүлгөнү айтылып жатат. Анан сиздер бир эле жагына таянып, "акча тууралуу сөз болду, ошол үчүн бул жерде саясат жок" деп жатасыздар. Ал эми саясат болушу үчүн киши өлтүргүч ал жерге колуна микрофон алып барып, "бул саясий буюртма" деп сүйлөшү керек беле? Сиздер ошондо гана "бул жерде саясий себеп бар" деп айта аласыңарбы?

Буга чейин депутат Аида Салянова Ички иштер министрлиги бул окуяны толук иликтеп чыкпай туруп эле "бул киши өлтүрүү фактысында саясат жок" деп алдын ала жыйынтык чыгарганын айыптаган болчу. Анткени депутат айым кылмыш иши жаңыдан гана иликтене баштаган кезде, тергөө окуянын себебин аныктоо үчүн кандайдыр илинчек табыла электе эле бир жактуу бүтүм чыгарылганы шек жарата турганын айткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова кылмышка шектүүнүн кармалышына жана окуянын себебине карата милициянын соңку билдирүүсү боюнча төмөндөгүдөй комментарий берди:

Аида Салянова
Аида Салянова

- "Акчага байланыштуу маселе экен" деп мен өзүм расмий түрдө уга элекмин. Ал үчүн биз ошол кылмыш боюнча шектүү катары кармалган адамдын көрсөтмөсү менен таанышып чыгып, анын үйгө кандай себеп менен келгенин билишибиз зарыл. Эгерде ал чынында эле "акчага байланыштуу келип, ок чыгардым" деп айтып, көрсөтмө берген болсо, бул жагдай менде чоң күмөн жаратат. Анткени ошондой даярдык менен келген каракчылар менин инимдин акчасы барбы же жокпу, алдын ала билип, текшерип, анан карактоого келишет эле. Ал эми буга чейин белгилүү болгондой менин инимде каракчыларды кызыктырган чоң акча болгон эмес. Дагы кандай маалыматтар болушу мүмкүн экенин көрөлү.

Бул кылмыш боюнча шектүү жаран кармалган учурда жанынан маркум Улан Салянов атылган “Макаров” тапанчасы 17 огу менен табылган. Милициянын тараткан учкай маалыматына караганда, азыр "кылмыш жасалды" деп саналган курал экспертизага жөнөтүлдү. Ошондой эле бул кылмыштын башка катышуучуларын дагы издөө иштери улантылып жатканы жарыяланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG