Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Депутат Салянованын бир тууган инисин атып кетишти (видео, сүрөт)


Улан Саляновдун Бишкектин Көк-Жар конушундагы үйү, 6.11.2017
Улан Саляновдун Бишкектин Көк-Жар конушундагы үйү, 6.11.2017

Бүгүн түндө Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновду үйүнөн белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Маркум мурдагы баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициядагы "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Аида Салянованын бир тууган иниси.

Белгисиз адамдардын огунан каза тапкан Улан Саляновдун өлүмү боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат катчысы Нурбек Токтосунов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Аламүдүн районунун тергөө бөлүмү соттук-медициналык экспертизаларды дайындап, ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Кол салуу кандай максатта болгону тууралуу азырынча маалымат жок. Бирок Ички иштер министрлиги депутат Аида Салянованын бир тууган инисинин өлүмүндө саясий себеп жок деген билдирүү таратты.

"Алдын ала маалыматка караганда, кылмышкерлер Саляновду эки жолу атып, качып кетишкен. Ал алган жараатынан аймактык ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон. Окуя болгон учурда Улан Саляновдон тышкары жубайы жана 17 жаштагы уулу бар болчу. Кылмышкерлер, алдын ала маалыматка караганда, ак түстөгү минивэн машинасына отуруп качып кетишкен. Бишкекте жана Чүй облусунда«Колго түшүрүү» планы жарыяланды. Оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Бир нече версия каралууда. Окуя саясий өңүттө каралган жок. Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголду. Ишти иликтөө Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды" деп билдирди ИИМ.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууган инисин атып кетишкенин "Азаттык" радиосуна түндө депутаттын мурдагы адвокаты Улан Жумаков ырастады. Анын айтымында, 6-ноябрда түнкү саат бирден өткөндө Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткапчан, куралчан адамдар кирип келип, аны атып кетишкен. Кол салуудан 42 жаштагы Улан Салянов каза тапкан.

Анын 17 жаштагы уулу Абай Салянов аман-эсен табылганын адвокат "Tвиттер" баракчасына бир сааттан кийин жазды. Кол салуу болгон маалда баласы кошунанын үйүнө качып кеткен экен.

Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы Улан Саляновдун үйүндө Чүйдүн Аламүдүн райондук жана Бишкектин Октябрь райондук тергөө топтору иштеп жатышат. Кол салуу учурунда Саляновдун жанында болгон жубайы, балдары көрсөтмө беришти.

Кол салуунун чоо-жайын Улан Жумаков таңга маал окуя болгон жерден "Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Асановго айтып берди:

Салянованын инисине куралдуу кол салуунун чоо-жайы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00

​Туугандарынын айтымында, окуя түнкү бир жарымдарда болгон. Алгач беткапчан үч-төрт киши кирип келишип, акча талап кылышкан. Үйдүн кожоюну Улан Салянов алар менен кармаша кеткенде ок атылган. Бул атайылап уюштурулган кол салуубу же үйдү тоноо максатында жасалганбы, азырынча белгисиз.

Салянов: Инимдин душманы деле жок болчу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

Окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыз Токтосун Шамбетов алган маалымат боюнча Улан Саляновдун аялы көрсөтмө берди. Үй жаңы конушта болгондуктан бул жердеги тамдардын көбү эми курулуп жатканы байкалат.

"Бул жакта Аида Салянованын күйөөсү жана жардамчылары жүрүшөт. Депутаттын бир тууганы эч кандай чоң кызматта иштебептир, жеке ишкерлик менен алектенчү экен. Салянова инисинин сөөгүн алып кеткен экен, азыр эле келип, анын көз жумганын жакындарына угузду", - деди таңга маал окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыз.

Ал арада адвокат Улан Жумаков окуяга байланышту тартип коргоо органдары Аида Салянованын коопсуздугун камсыздашы керектигин Фейсбуктагы баракчасына жазды:

Улан Жумаков: “УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын коопсуздугун камсыз кылышы керек деп эсептейм. Буга чейин Аида Салянова Кыргызстандын башкы прокурору кезинде мамлекеттик резиденцияда Улуттук гвардиянын жоокерлерине кол салуу болгонун жана анда түнкүсүн белгисиз адамдар аскерди сабап, Салянова турган үйгө жолду көрсөтүүнү талап кылышканын эске алуу керек. Ал факт боюнча кылмыш иши козголуп, алигиче Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында териштирилүүдө. Ошондой эле Аида Салянова башкы прокурор кезинде уюшкан кылмыштуу топторго жана криминалга каршы активдүү күрөш жүргүзгөнүн айтып өтүү зарыл. Анда бир жыл ичинде кылмыштуу топтор жок кылынып, алардын лидерлери өлкөдөн чыгып кетишкен эле. Бүгүн Аида Салянованын бир тууган инисине анын Бишкектеги үйүндө куралдуу кол салуу болду. Октон алган жараатынан Улан Салянов каза тапты. Бул окуялар Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын коопсуздугу жана өмүрү коркунучта экенин көрсөтөт”.

“Мамлекеттик күзөт жөнүндө” мыйзамдын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мамлекеттик күзөткө алуу” деп аталган 8-1-беренесинде: “Өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулган учурда депутат төрага аныктаган тартипте мамлекеттик күзөткө алынышы мүмкүн” деп жазылып турат.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын айрым мүчөлөрү буга чейин Улан Саляновду көрүшпөгөнүн, тааныбай тургандыктарын айтышты. Ал эми депутат Салянованын агасы, ушул тапта издөөдө жүргөн Калыйбек Салянов 2015-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде депутаттыкка ат салышканы белгилүү.

Аида Салянова парламенттеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, экс-башкы прокурор. 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Салянованы "кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган" деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Депутат жазасын кийинчерээк - наристеси 14 жашка чыккандан соң өтөйт. Сот өкүмүнө Аида Салянова өзү жана анын адвокаттары макул эместигин дароо билдиришип, өкүмдү жокко чыгаруу арызын шаардык сотко жолдошкон. Чечимди Салянова жана анын өнөктөштөрү саясий куугунтук деп баалап келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG