Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

“Ата Мекен”: Салянованын күнөөсү далилденген жок


“Ата Мекен” саясий партиясы Жогорку Кеңештин депутаты, партия мүчөсү Аида Саляновага карата Ленин райондук соту чыгарган өкүмгө байланыштуу билдирүү таратты. Анда Саляновага козголгон кылмыш иш саясий заказ экени белгиленип, өкүм процессуалдык нормаларды бузуу менен мыйзамсыз жана адилетсиз чыгарылганы айтылган. Соттун жүрүшүндө козголгон кылмыш ишке байланыштуу бир дагы далилдер көрсөтүлбөгөнү белгиленген.

Партия тараткан билдирүүдө бийликтин басымы менен “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев, саясий оппоненттер Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, “Элдик парламенттин” мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков жана башкаларды камаганын, мындай көрүнүш саясий кырдаалды курчута турганы айтылган.

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту мурдагы баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм кылган. Өкүмгө ылайык, Аида Салянова жазасын кызы 14 жашка чыккандан кийин өтөйт. Салянованын кызы азыр үчкө чыга элек.

Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул иш саясий буюртма деп белгилеп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG