Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Зилалиев: Саляновду өлтүргөндөрдү табабыз


Дүйшөнбек Зилалиев
Дүйшөнбек Зилалиев

Улан Саляновго кол салуудан кийин шаардыктар жеке коопсуздугуна кабатыр. Айрымдар жарандардын коопсуздугу мамлекет тарабынан коргоого алынган эмес деген сындарды айтып жатышат. Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Улан Саляновдун өлүмү шаардыктарды жеке коопсуздук тууралуу ойлонууга түрттү. Мындан улам мамлекет жарандардын коопсуздугун канчалык деңгээлден коргоп жатат деген суроо жаралат.

Зилалиев: Улан Саляновдун өлүмү абдан өкүнүчтүү окуя болду. Биз бүгүн ушул окуя боюнча өкмөттө атайын жыйын өткөрдүк. Бул боюнча Ички иштер министрлигине тапшырма берилди. Алар иштеп жатышат. Бирок жалпы шаардыктар үчүн кооптонууга негиз жок. Буга чейин милиция кызматкерлерине да кол салуу болуп, кылмышкерлердин бети ачылган. Кудай буйруса Улан Саляновго кол салгандардын да бети ачылат. Аны өлтүргөндөрдү табабыз.

"Азаттык": Жыйын деп айтып калдыңыз, Саляновго кол салуу фактысын сиз жеке өзүңүз көзөмөлдөп жатасызбы?

Зилалиев: Албетте, мындай чуулгандуу иштерди өкмөт өз көзөмөлүнө алат. Бул болуп эле келген практика. Мен ИИМдин башчысы Улан Исраилов менен сүйлөшүп, тапшырма бердим. Бул ишти өз көзөмөлүнө алды. Жакын арада кылмыштын бети ачылат.

"Азаттык": Ушундай кол салуулардан улам жарандар коргонуу үчүн курал алып жүрүш керек деген пикирлер айтылып жүрөт. Сиздин оюңузча жарандарды ушундай окуялардан кантип коргоо керек?

Зилалиев: Ар бир адамдын жеке коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттин бирден бир милдети. Шаарды, мамлекетти коргоого биздин күчүбүз жетет. Менин жеке оюмда коргонуу үчүн ар бир жаранга тапанча берүү туура эмес. Бул маселени чечпейт. Америкадагы окуяларды көрүп жатпайбызбы. Бул маселени абдан кылдаттык менен ойлонуп, анан чечим чыгарышыбыз керек.

"Азаттык": “Коопсуз шаар” долбоору качан ишке ашат?

Зилалиев: Биз жакында “Коопсуз шаар” долбоорун Бишкек жана Ош шаарларында ишке ашырабыз. Бул долбоор биздин “40 кадам” программабызда да бар.

“Коопсуз шаарды" тушаган кызыкчылыктар

“Коопсуз шаарды" тушаган кызыкчылыктар

Акыркы айларда Кыргызстанда жолдо катталган кырсыктардын саны кескин өсүп кеткени чоң көйгөйгө айланууда.

"Азаттык": Буга чейин милиция кызматкерлерине да кол салуу болгонун жакшы билесиз. Ушундай оор кылмыштардын бети канча пайызга ачылып жатат?

Зилалиев: Азыр менин кол алдымда статистика жок. Бирок ушундай фактылардын көбү ачылып жатат дегенге ишенем. Бирок Улан Саляновдун өлүмү менен эле абалды спекуляция кылганга болбойт. Буйруса кылмыштын бети ачылса баары белгилүү болот. Шаардыктар эч нерседен коркпошу керек. Мурда кандай бейпил болсо ошондой эле болот.

Редакция: Бүгүн түндө Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновду үйүнөн белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Маркум мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициядагы "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Аида Салянованын бир тууган иниси.

Белгисиз адамдардын огунан каза тапкан Улан Саляновдун өлүмү боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG