Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

ИИМ: Саляновдун өлүмүн иликтөөдө саясий себеп каралган жок


Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишти
Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишти

Ички иштер министрлиги депутат Аида Салянованын бир тууган инисинин өлүмүндө саясий себеп жок деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн мекеменин сайтына жарыяланды.

"Алдын ала маалыматка караганда, кылмышкерлер Саляновду эки жолу атып, качып кетишкен. Ал алган жараатынан аймактык ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон. Окуя болгон учурда Улан Саляновдон тышкары жубайы жана 17 жаштагы уулу бар болчу. Кылмышкерлер, алдын ала маалыматка караганда, ак түстөгү минивэн машинасына отуруп качып кетишкен. Бишкекте жана Чүй облусунда«Колго түшүрүү» планы жарыяланды. Оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Бир нече версия каралууда. Окуя саясий өңүттө каралган жок. Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголду. Ишти иликтөө Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды" деп билдирди ИИМ.

Окуя 6-ноябрга караган түнү, саат 01:30дар чамасында Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда болгон. 42 жаштагы Улан Салянов мурдагы Башкы прокурор, парламенттеги оппозициялык “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси.

Окуяга күбө болгон маркумдун жакындарынын айтымында, Саляновдун үйүнө беткапчан 3-4 куралдуу адам кирип келген. Алар алгач акча талап кылышкан, үй ээси кармаша кеткенде ок атылган.

Ок Саляновдун жүрөгүнө тийген. Маркумдун артында жубайы жана эки баласы калды. (RK)

XS
SM
MD
LG