Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:02

Жаңы бийлик «Эркин Тоо» ишин эске салды


“Эркин-Тоо” басмаканасы.
“Эркин-Тоо” басмаканасы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Эркин Тоо» басмаканасына байланыштуу кылмыш ишин кайрадан иликтөөгө киришти. Президенттикке талапкер жана парламент депутаты Каныбек Иманалиевдин аты аталган бул факты мурда да көтөрүлгөн.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы «Эркин Тоо» гезит-китеп полиграфиялык ишканасын тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине кайтаруу боюнча иш жүргүзүп, ал тууралуу мурда чечим чыгарган кызмат адамдарына карата сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жооптуу кызматкерлери имаратты жана анын тегерегиндеги жер тилкелерин ошол тизмеден чыгаруу боюнча маселени кароодо кызмат абалынан пайдаланган жана чечимди мыйзамсыз чыгарган деп шек саналып жатат.

Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов иш тууралуу буларды айтты.

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Бишкектин «алтын квадратында» жайгашкан имарат 2002-жылдын 20-августунда өкмөттүн токтому менен республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилген.

«Тарыхый-маданий мурасты колдоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзам боюнча тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга, ордун которуштурууга, кайра курууга жана өзгөртүүгө уруксатты өкмөт бере алат. Бирок 2015-жылы «Эркин Тоо» ишканасынын акционерлери министрликтин кызмат адамдары жана курулуш компанияларынын бири менен келишип алып, ал жерге кабат үй салуу жана пайда көрүү үчүн имаратты атайын тизмеден чыгарышкан деп шек саналууда».

«Эркин Тоо» басмаканасын менчиктештирүү маселеси боюнча соңку ишти прокуратура 2016-жылы козгогон. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин аты аталган. Бирок бул иштин жыйынтыгы тууралуу маалымат чыккан эмес. Эми кылмыш иши кайра жанданып жатканына депутат өзү мындайча комментарий берди.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Бул боюнча бир канча жолу саясий кысым катары иш козгошкон. Тактап айтканда Бакиевдин учурунда үч, Атамбаевдин бийлигинин тушунда эки ирет, эми Садыр Жапаровдун учурунда биринчи жолу башталып жатат. Бул күтүлгөн иш. Биринчиден, бул өкмөттүн токтому менен күчүн жоготкон. Себеби 1977-жылы имараттын сырты мрамор менен капталып, 1978-жылы баштапкы же тарыхый көрүнүшүн жоготкон деп табылган. Экинчиден, 1996-жылдан 2010-жылга чейин сейсмология институту жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул имарат жашоого жана өндүрүшкө коркунучтуу деген бүтүм чыгарышкан. Ал каттар «Эркин Тоо» басмаканасынын жетекчилигинде сакталуу. Үчүнчүдөн, ал жерде 300 акционер бар. Менин аялым 17% акцияга ээ. Мен муну 2006-жылдан бери декларациямда көрсөтүп жүрөм. Биз андан дивиденд да албайбыз. Акционердик коомдун башкармалыгында да, эмгек жамаатында да менин жакындарым иштебейт. Имараттын азыркы кейпин көрүп турасыңар. Мен аны бузууга да, тизмеден чыгарууга да катышкан эмесмин. Муну тийиштүү органдар иликтеп, жоопторун алсын. Мен муну шайлоо алдындагы мага карата саясий кысым катары баалайм. Элге мени жаманатты кылуу. Мунун эч кандай укуктук келечеги жок».

Сөз болуп жаткан басма үйүнүн 40 пайыз үлүшүн 2001-жылы менчиктештирүүдө мыйзам бузуу болгон деген негизде 2005-жылы кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу «Эркин Тоо» жана «РИФ обозрение» гезиттеринин баш редакторлорунун орун басарлары Мырзакат Тыналиев менен Ильяс Исаковго 2007-жылы айып коюлуп, бирок алар соттон акталып чыккан. Жогорку сот кийин ал өкүмдү күчүндө калтырган.

Ал эми 2006-жылы 26-февралда «Учкундун» мурдагы жетекчиси Каныбек Иманалиевге, Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы башчысы Садриддин Жээнбековго, «ЭНиК» ишканасынын мурдагы директору Кубатбек Болоткан уулуна жана негиздөөчү Данияр Шабдановго байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп салынган. Бирок 2009-жылы бул иш боюнча кылмыш жообуна тарта турган тарап аныкталбаганына байланыштуу деген негизде кылмыш ишин иликтөө токтотулган.

Азыркы учурда «Эркин Тоо» басмаканасы алты адамга таандык. Алардын арасынан ал акционердик коомдун эң көп пайыздык үлүшү депутат Каныбек Иманалиев менен Данияр Шабдановдун жубайларына жазылган.

Саясатчы Бектур Асанов буларга токтолду.

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Бул иште саясий боёк бар. Себеби бул иш кайра-кайра каралып, бирок улам жабылып калууда. Эми буга кайра кайрылуунун юридикалык мааниси жок. Ошого карабай тергелип жатышы бул саясий буюртма. Анткени Каныбек Иманалиев оппозициялык маанайдагы күчтүү саясатчы болуп калды. Бийликке катуу сын-пикирлерди айтып жатат. Ошондуктан Иманалиевдин оозун жабуу аракети болууда».

Жогорку Кеңештин депутаты, президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев былтыр октябрдагы тополоңдон кийин өкмөт башчы, кийин президенттин милдетин аткаруучу, азыр шайлоодо негизги талапкер саналып жаткан Садыр Жапаровдун саясатын катуу сындап келе жаткандардын бири.

2020-жылдын 23-ноябрында «7-каналдагы» маегинде Жапаров Конституциянын жаңы редакциясы жана саясий атаандаштары тууралуу курч билдирүүлөрдү жасап, Каныбек Иманалиев тууралуу да пикирин айткан.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Каныбек Иманалиев «мага кылмыш ишин табуу Нарын менен Аламүдүн дарыясынан крокодил табуу менен барабар» деп айтып жүрчү эле го. Бар экен кылмыш иши, типография жана башка коррупциялык иштери да бар. «Эмне үчүн карабайсыңар?» десе, депутаттыгынан эле коркот экен да. «Шайлоодон утуп келип алса, ошол иштеримди чукуйт» деп эле мага каршы чыгып жатат».

10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум да өтөт. Садыр Жапаров президенттик башкаруу формасын жактаса, Каныбек Иманалиев Кыргызстанга парламенттик башкаруу формасы ылайык деген көз карашты карманып келе жатат.

XS
SM
MD
LG