Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:08

Коомдук уюм: БШКны реформалоо зарыл


Сүрөттө: Талас шаарындагы шайлоо участогунда сууктан иштебей калган үкөк. 10-январь, 2021-жыл.

Кыргызстанда кандай гана шайлоо болбосун анын жүрүшүндө, уюштуруу иштеринде жана шайлоо жыйынтыгында эң көп сын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) айтылат. Бул ирет 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоо менен мамлекеттик башкаруу формасын тандаган референдумдан кийин «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму БШКны реформалоону сунуш кылды. Уюм акыркы шайлоону талдагандан кийин ушундай жыйынтыкка келген.

Аталган уюмдун жетекчиси, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова БШК шайлоо өнөктүгү учурунда статистикалык орган сыяктуу арыздарды каттап, күч органдарына өткөрүп берүү менен гана чектелгенин сындады.

Исмаилова БШКнын курамына парламенттик оппозициянын өкүлдөрү шайланып, ал эми БШКнын төрагасы ар бир шайлоо өткөн соң алмашып турушу керек деп эсептейт.

«БШК тууралуу мыйзамды эл аралык деңгээлге чейин алып келиш керек, деп жүйө келтирди ал. - Боршайком өз алдынча жана толук жарамдуу институт болушу керек. Жаңыча түзүүдө жалаң эле саясий партиялар эмес, жарандык коом, журналисттер, активисттер келип, кызыкчылыктын баарын жокко чыгарган көз каранды эмес адамдар болушу зарыл. Ал болбосо БШК кайра эле коррупцияга малынат. Андан сырткары аудит жасалышы керек. Былтыркы шайлоодон кийин баарын таштап коюп, кийинки шайлоого алдын-ала даярданышкан жок. Ошон үчүн бюллетендерди кабыл алуучу үкөктөр иштебей калды. БШК техникалык агенттик менен чогуу иштеп, шайлоого чейин сыноо түрүндө баарын текшериши керек болчу».

БШК мындай сынга кошулбайт. Мекеменин төрайымы Нуржан Шайлдабекова 10-январдагы шайлоонун алдында алгачкы жолу БШК прокуратура жана ИИМ менен кошо атайын дооматтар боюнча ыкчам аракеттенүүчү топ түзгөнүн, бардык арыздар мыйзам чегинде өз учурунда каралганын билдирди:

Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

«Ар бир шайлоодон кийин дайыма талдоо жүргүзүлөт. Кандай кемчиликтер болгонун талдап чыгабыз. Ал кемчиликтерди кийинки шайлоодо кайталабаш үчүн алдын алуу иштери жүрөт. Үч бөлүккө бөлүп талдоо жүргүзүлөт. Уюштуруу жагы - бул БШК өзү иштеп чыга турган бөлүк. Мыйзамдык жагы парламент менен бирге кайра иштелип чыгат. Үчүнчүсү - ички иштер органдары, жергиликтүү бийлик менен байланышты жакшыртуу. Ал эми техникалык мүчүлүштүктөр дайыма эле болуп келген. Эсептөөчү урналардын 22си гана иштен чыкты. Бул 1% төмөн көрсөткүч. Аны олуттуу маселе катары кароо туура эмес. Ал эми БШКны реформалоо тууралуу суроого азырынча жооп бере албайм. Анткени бул олуттуу маселе. Биз байкоочулардын сынын жана сунуштарын туура кабыл алабыз жана анын үстүндө иштөөгө дайыма аракет кылабыз».​

Бул БШКнын ишмердиги сынга кабылган алгачкы учур эмес. Парламенттик шайлоо алдында да Боршайкомдун партиянын документтерин кабыл алуу боюнча берген карама-каршы маалыматтарынан улам мекеменин ишине доомат күчөгөн. Бир катар талдоочулар шайлоону өткөрүүгө жооптуу органдын мүчөлөрү бийликтин жана саясий партиялардын кызыкчылыгын коргоо менен алектенип жатканын, БШКны реформалаш керек экенин айтып чыгышкан.

БШКнын мурдагы мүчөсү Жеңиш Акматов мекеме реформага муктаж экенин айтканы менен, аны бир тараптуу күнөөлөгөн туура эмес деген пикирде.

Жеңиш Акматов.
Жеңиш Акматов.

«Добуштарды автоматтык түрдө саноо системасы өзүн актады, - дейт ал. - Бирок азыркы шайлоодо көп шайлоо урналары үзгүлтүккө учурашына аны тейлеген адистердин жоктугу себеп болду. Бул жагынан БШКга талап койсо болот. Себеби, адистерди алдын-ала даярдаш керек болчу. Бирок аларда убакыт тар болуп калды. 4-октябрдан кийинки окуялар, БШКга жасалган басым, андан кийин эле президенттик кезексиз шайлоонун дайындалышы, ага референдумдун учкашып калышы - мунун баары чындыгында БШКга оор эле болду. Экөөнө эки башка урна коюуга туура келди. Бул жерде жалаң эле Боршайкомду күнөөлөгөн туура эмес. Анткени баары шашылыш болду. Мыкты IT адистерин жумушка тартыш керек эле. Бирок мыкты адистер аз акчага келбейт да. Ал эми БШКнын мүчөлөрү тууралуу айтсам, Конституция өзгөрүү алдында турат. Биз президенттик башкарууга өтсөк БШКнын мүчөлөрүн шайлоо мурунку эски системага келет болуш керек деп ойлойм. Ал жерде мүчөлөрдү Жогорку Кеңеш шайлашы керек болот. Бирок бул жерде Кыргызстандын кайсы жараны болбосун «БШКда иштей алам» десе өзүнүн талапкерлигин коюшу керек».

Мыйзам боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы 12 мүчөдөн куралат. Анын төртөөнү президент, калгандарын фракциялар сунуш кылып, парламенттин жалпы жыйынында шайланат. БШКнын азыркы курамы 2016-жылы шайланган. Нуржан Шайылдабекова, Алмаз Асаналиев, Гүлнара Баатырова, Бахтияр Кадыров президенттин квотасы менен келген.

Адилет Сатыгуловду, Акылбек Эшимовду, Гүлнара Журабаеваны, Атыр Абдрахматованы, Елена Жылкычиеваны, Абдыжапар Бекматовду жана Кайрат Осмоналиевди парламенттеги фракциялар көрсөткөн. 2020-жылы Атыр Абдрахматова мүчөлүктөн чыгып кетип, анын ордуна 4-октябрдагы праламенттик шайлоодон кийин Сариев Акылбек келсе, Тынчтык Шайназаров да былтыр БШКнын мүчөлөрүнүн катарын толуктады.

Боршайкомго ишеним аз

Кыргызстанда кандай гана шайлоо болбосун анын жүрүшүндө, уюштуруу иштеринде жана шайлоо жыйынтыгында эң көп сын БШКга айтылат.

Адистер Кыргызстандагы үч элдик толкундоо шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылыктан улам болгонун белгилешет. Андыктан БШКны реформалап эле тим болбостон зарыл учурда жоопко тартуу керек экенин айткандар да бар.

БШКнын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова Боршайкомго элдин ишеними аз экенин айтып, буларга токтолду.

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

«2005-2010-2020-жылдары, үч жолу элдик толкундоого, «Ак үйдү» басып алууга элди ким жеткирди? Эгерде парламенттик шайлоо маалында БШК партиялардын мүчүлүштүктөрүн, мыйзам бузуу фактыларын убагында карап жокко чыгарып, жоопкерчиликке тартып турса эл көтөрүлмөк эмес. Эл БШКга ишенбей калды. «Биз шайлоого катышсак, катышпасак деле жыйынтык белгилүү да» деп ишенбей, шайлоого келбей да калышты. Жада калса ЕККУнун Байкоочулар миссиясы өзүнүн отчётунда «БШК калыс иштей алган жок. Өзүнүн саясий кызыкчылыгын көрсөттү» деп жазып жатат. Ал эми БШКда эч кандай саясий кызыкчылык болбошу керек. БШК кайсы бир талапкерге же талапкерлерге боор тартпай, бир гана шайлоонун тактыгын, ачыктыгын камсыз кылыш керек. ЕККУнун Байкоочулар миссиясынын отчётунда БШКга ишенбестик көп. Биз БШКнын реформа кыла албасак, биздин элибиз эмес, сырткы мамлекеттер да ишенимин жоготуп жатпайбы».

10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өткөн. Мамлекет башчылыкка ат салышкан 17 талапкердин ичинен баштапкы маалыматтар боюнча Садыр Жапаров шайлоого катышкандардын 79,22% добушун алып, атаандаштарынан кыйла озуп кеткен.

Ал эми мамлекеттик башкаруунун «президенттик» жана «парламенттик» формалары шайлоочулардын тандоосуна коюлган. Добуш бергендердин 81% президенттик башкарууну тандады.

Добуш берүүгө байкоо жүргүзгөн ЕККУнун Байкоочулар миссиясы да бир катар мыйзам бузуу фактылары болгонун билдирген. Башка эл аралык уюмдардын байкоочулары жалпысынан шайлоо тынч, олуттуу мыйзам бузуусуз өткөнүн маалымдашкан.

XS
SM
MD
LG