Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:35

Соцтармактын саясаттагы таасири көбөйдү


Адахан Мадумаров, Садыр Жапаров жана Сыймык Жапыкеев. Коллаж.

Садыр Жапаров «Коммерсантъ» басылмасына чыккан маегинде Кыргызстанда «түрмөдө жатып, социалдык тармактар аркылуу революция жасаганын» айтты. Анын сөзү боюнча, «WhatsApp», «Фейсбук», «Одноклассники» түйүндөрүнөн тайпаларды ачып түрмөдө болсо да эл менен түз байланышып турган.

Интернетте жаны тынбаган Жапаров

Мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо атаандаштарынан ат чабым алдыда келаткан Садыр Жапаровдун орусиялык «Коммерсантъ» басылмасына берген интервьюсу 11-январда чыкты. Ал ушул күнгө чейин бийлик Кыргызстанда башаламандык уюштуруп келгенин, эми өлкөдө коррупция жоюлуп, бюрократия тыйыларын айтты.

Портал ага былтыр парламенттик шайлоодон кийинки октябрь окуялары жана түрмөдөгү жашоосу тууралуу суроолорду берген. Журналист Садыр Жапаровго мындан төрт ай мурун эле ал түрмөдө отурганын эске салып, азыркы баш айланткан саясий карьерасы тууралуу сураган жана анын жандырмагына кызыккан.

Жапаров бул төрт айдын эмес, акыркы 10 жылдагы иштин үзүрү экенин айтып, Кыргызстанда «үчүнчү революцияны социалдык тармактар аркылуу жасаганын» билдирген. Анын сөзүнө караганда, түрмөдө жөн отурбай Интернет аркылуу эл менен иштешкен.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Буга мыйзам боюнча тыюу салынган, бирок биз андан чыгуунун жолун таптык. Үч жарым жылдан бери карапайым эл менен түз байланышта болдум. «Одноклассники», «Фейсбук», «Инстаграмда» тайпаларды түзгөм. Адамдардын байланыш номурларын чогултуп «Вотсапта» 50дөн ашык топ түздүм. Бир тайпага 256 номур батат. Ушул топтор аркылуу мен Кумтөр, өз ишим жөнүндө маалымат тараттым. Ошентип, үч жарым жылдын ичинде мен бардык адамдарга жеттим. Абакта сиз 24 саат бою эркин адамсыз: бош убактыңыз бар. Мен түрмөдөн ушундай жол менен революция жасадым», - деген ал «Коммерсантъ» басылмасындагы маегинде.

Садыр Жапаров социалдык тармактардагы тайпалары боюнча биринчи жолу былтыр 14-октябрда премьер-министр болуп дайындалгандан кийин айткан:

«Менин телефонумда 10 миңден ашык байланыш номурлары, 50дөн ашык «WhatsApp» тайпалар бар. Мага 10 миңден ашык кат келди. Телефон жанымда жок болгондуктан баарына жооп бере албай жатам. Телефонго жооп бермек түгүл уктаганга убакыт жок. 10 күндөн бери эс ала элекмин. Жардамчым «Премьер-министр болуп алгандан кийин эле карабай кетесиңби?» деген каттар да келип атканын окуп берди. Мени туура түшүнүңүздөр. Ишти жолго салып алгандан кийин жооп бере баштайм».

«WhatsApp» мессенжеринде Садыр Жапаровду колдогон тайпалардын саны президенттик шайлоодо да көбөйдү. «Садыр Жапаров - президент», «Жапаров үчүн», «Жапаровду колдойбуз», «Жапаровдун кырк чоросу», «Садыр Жапаров - Жети дубан» деген сыяктуу жана шайлоого байланыштуу ар кайсы аймактардын атынан ачылган топтор бар.


«Инстаграмда» Садыр Жапаровдун расмий баракчасы катары иштеп жаткан аккаунтка 225 миң киши катталган. Шайлоонун үгүт иштеринде ага эл менен жолугушуусу, билдирүүлөрү жарыяланып турду. Бирок верификациядан өткөн эмес. Ал премьер-министрлик кызматта турганда басма сөз катчысы «Инстаграм» менен «Фейсбуктагы» баракчалар Жапаровдуку экенин тактаган. «Инстаграмдан» Жапаровдун атынан же анын колдоочулары тарабынан ачылган 50дөн ашык аккаунтту табууга болот. Аларга ар кандай санда адамдар катталган.

Саясатчы «Фейсбукта» да аябай жигердүү иштейт. Анын атынан ачылган бир тайпада 171 миң катталуучу бар. Анын ысымы коюлган дагы башка беш-алты топто миңден алты миңге чейинки колдонуучулар отурат.

Эл менен иштешүүнүн жаңы ыкмасы

Президенттик шайлоодо талапкерлер менен социалдык тармактарда түз эфир уюштуруп талкуу кылган журналисттердин бири Ибраим Нуракун уулу Садыр Жапаровдун Интернеттеги ишмердиги боюнча пикири менен бөлүштү:

Ибраим Нуракун уулу.
Ибраим Нуракун уулу.

«Бир да депутат, саясатчы жана партия лидери эркиндикте жүрүп да социалдык тармактарда Садыр Жапаровдой иштей алган жок. Баары тең башын кумга катып алып эл менен байланышты жоготуп жиберишти. Садыр Жапаров жана ага окшогон айрым саясатчылар ошол боштукту пайдаланып кетти. Эми башка да саясатчылар Жапаровдой болуп социалдык түйүндөрдү өз пайдасына колдонсо болот. Бирок фейктерди, жалданма журналисттерди, блогерлерди тартпай, саясатчылар өздөрү иштеши керек. Алар өзүнүн сүрөтүн коюп, өз аты менен чыгып, ар бир адам менен дайыма байланышта болуп турса колдоочуларды чогултат. Президенттик шайлоодо акчасы да, билими да жетиштүү айрым талапкерлер эки миңден 20 миңге чейин эле добуш алды. Бул – саясатчылар эл менен болгон байланышты үзүп алганынын көрсөткүчү».

Садыр Жапаров 2017-жылга чейин Кыргызстанга келе электе эле социалдык түйүндөрдө жигердүү иштегени белгилүү. Бир нече адам ошол кездерде аны менен «Фейсбуктан» жазышканын, Жапаров алардын «WhatsApp» номурларын сураганын көрсөтүштү. Айрымдар Жапаров түрмөдө отурганда жазышкан каттарын жарыялашты.

Ал шайлоонун үгүт өнөктүгүндө атаандаштарынын суроолоруна кээ бир учурда расмий баракчасынан жооп берип турду. Айрым убактарда жарандык активисттердин ал тууралуу билдирүүлөрүнө да реакция кылат. Ал эми президенттик шайлоодо эл менен жолугушуусун аккаунтунан түз алып берүүнү дээрлик бардык талапкерлер колдонду.

Саясий пиар боюнча адис Азим Азимов маалыматтык, санариптик доордо саясатчылар эл менен коммуникацияны күчөтүп, алар менен түз байланышта болушу маанилүү экенин белгилейт. Ал журналисттерден качып, ортомчулар аркылуу сүйлөшкөн саясатчылар коомдо унуткарылып кетерин эскертти:

Азим Азимов.
Азим Азимов.

«Дональд Трамп деле президенттик шайлоодо социалдык тармактар жана чакан маалыматтык сайттар аркылуу жеңип чыккан деп айтып келишет. Мисалы, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун колунда деле мамлекеттик телеканалар, маалымат агенттиктери бар болчу. Бирок «Биринчи радиону» өтө жакшы көрүп, ошондон эфирге чыкчу эле. Бул салттуу медиа саясатчылар үчүн анчалык пайдалуу болбой калганын көрсөттү. Бүгүнкү күндө саясатчы ийгиликтүү болушу үчүн тарапташтары менен түз байланышышы керек».

Социалдык тармак активдүү иштеген саясатчылардын катарын «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да толуктайт. «Фейсбукта» анын атынан ачылган эки топто 12 миңден 21 миңге чейин катталуучу бар. «АКМ пресс» деген «Ютуб» каналды да иштетет. Журналист болуп эмгектенип калгандыктан өзү коомдук-саясий ишмерлерден интервью алып каналына жүктөп турат.

«Инстаграмда» негизги баракчасына 67 миң киши жазылган. Садыр Жапаровдукуна салыштырмалуу бул түйүндө аны колдогон аккаунттар аз.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жана Адахан Мадумаровдун атынан ачылган баракчаларда саясатчынын билдирүүлөрүнөн, партиянын ишмердүүлүгүнөн, журналисттер менен болгон маектеринен тышкары Орусияда иштеген мигранттардын көйгөйлөрү, шайлоо укуктарын коргоо сыяктуу маселелер көтөрүлүп, талкуу болот.

Саясат талдоочу Айболот Айдосов Интернетте ити чөп жеген саясатчылардын доору келгенин жаңы көрүнүш катары баалады:

Айболот Айдосов.
Айболот Айдосов.

«Биз дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда жаңы феномен пайда болгонун көрүп жатабыз. Бул – Интернеттин жана социалдык тармактардын биздин жашоого тийгизген таасири. Ал саясатка да жаңылык киргизгенин байкадык. Мисалы, жакында эле кыргызстандыктар Сыймык Жапыкеев деген кишини тааныдык. Ал бир жылга жетпеген убакытта «Фейсбукта» пикири менен бөлүшүп элге өз оюн сиңирди. Анын билдирүүлөрү 5-октябрдагы окуяларга да таасир этип, өзү Финансы полициясына жетекчи болду. Азыр ооруканада жатса да өзүнүн аудиториясы менен сүйлөшүп тынбай маалымат берип атат. Жакында эле Медер Алиев деген да жигит пайда болду. Ал да аз убакыттын ичинде упай топтоду. Анын Конституциялык кеңешмеде сүйлөгөн сөзү Интернетке чыгып көп жаш саясатчылар буга чейин социалдык түйүндөрдө жасай албаган иштерди кылууда».

Мурдагы парламент депутаты Бектур Асанов – абакка отуруп чыккан саясатчылардын бири. Асанов Садыр Жапаровдун абакта жатып Интернет аркылуу тарапташтарынын катарын көбөйткөнүнө ишенет. Бирок, 6-октябрдагы бийлик алмашуусуна алып келген нааразылык акцияларын Жапаровдун тарапташтары кылды деп эсептебейт. Асанов абактарда телефон колдонуу мыйзамсыз экенин белгилеп, бирок соттолгондордун көбү бул эрежени сактабай турганын айтты.

«Ал жерде баары эле телефон колдонот. Мыйзамда жок, дайыма текшерип турат. Бирок, баары бир токтото албайт. Коррупция бар жерде мыйзам иштебейт. Айрым мамлекеттерде телефонго уруксат берилген. Бирок, Жапаров революциядан кийин каарман болду».

Дүрбөлөң салган сапатсыз «YouTube» каналдар

Бирок Интернеттеги коомдук пикирге байкоо салган адистер Кыргызстандагы саясий кырдаал курчуган кезде социалдык тармактардагы «фейктер» менен «троллдор» элдин маанайын, пикирин бурмалап, ички саясатка таасир этүүгө аракеттенерин белгилешет.

Андан тышкары «YouTube» порталындагы сапатсыз каналдар, ар кандай чагымчыл сүрөттөрдү башкы бетине чыгарып элдин оюн бурган баракчалар баш ооруга айланды. «ШОК!!! Тез көр!!! Буга чейин мындай болгон эмес. Эркекче айтты» деген сыяктуу сөздөрдү тема кылып, аны ар кандай түйүндөрдөн таратышат.

Бириккен Араб Эмираттарында жашаган инженер Ажымурат Орозалиев акыркы үч жылда ачылган «YouTube» каналдарды талдап чыкты. Ал Кыргызстандагы эң популярдуу деп эсептелип, көрүүчүлөрдү көп топтогон каналдардын ээлеринин дээрлик бардыгында жоопкерчилик жок экенин айтууда:

«Акыркы үч жылда ачылып, эл көп көргөн каналдарды Орусиядагы мекендештерибиз иштетет экен. Алар «Өтө шашылыш! Тез көр! Иш чатак. Атамбаев. Согуш» деп көп чекит коюп коюшат. Колдонуучулар шашып кире койсо эле болбогон эле жаңылык. Алар видеону да өздөрү жасабайт. Ар кайсы жерден алып эле жүктөшөт. Жоопкерчилик жок. Мисалы, «Ютубга» «Спутник» же «Азаттык» видео жүктөп «Адахандын күнү бүттү» деп жазса Адахан Мадумаров силерди сотко берет. А булар андай видеодон күнүгө ондон чыгарат. Каналдын ээси белгисиз болгондуктан эч ким сотко кайрыла албайт. 20 чакты жоопкерчилиги жок канал ушак таратып, туура эмес маалыматтарды берип жатат. Алардын максаты - рекламадан акча табуу жана айрым саясатчылар менен да иштешиши мүмкүн. Анткени алардын видеосун орточо эсеп менен 50 миңден 100 миңге чейин киши көрөт экен. Фейк маалымат дүйнө жүзүндө маселе болуп жатат. Кайсы маалымат так, кайсынысы жалган экенин талдап алууга көпчүлүктүн деңгээли жете элек».

«Светлана Марголис» аттуу консалтинг агенттигинин 2020-жылдын июнь айындагы маалыматына караганда, өлкөдө «Фейсбукту» 710 миң, «Инстаграм» тиркемесин 2,5 миллиондой адам колдонот.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG