Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Жаңы Баш мыйзамдагы өзгөрүүлөр


Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазып бүттү. Ага ылайык, аткаруу бийлиги президенттин карамагына өтүп, министрлер кабинетин президенттин аппаратынын жетекчиси башкарат.

Парламент депутаттарынын саны 120дан 90го чейин азайтылат. Мындан тышкары Элдик курултай деген жаңы институт киргизилди.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашевдин маалыматы боюнча, Баш мыйзамдын жаңы долбоору 118 беренеден турат. Ал 2020-жылы 17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты жазып коомдук талкууга чыгарган долбоордун негизинде даярдалды.

Сунушталып жаткан Конституциянын долбоору боюнча премьер-министрлик кызмат жоюлат. Президенттин аппаратынын жетекчиси бир эле учурда министрлер кабинетин да башкарат.

Президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилип, ал аткаруу бийлигинин жетекчисин дайындайт жана көзөмөлдөйт, ички тышкы саясатты аныктайт, бийлик бутактарынын биргелелишип иштешин камсыздайт. Бекбосун Бөрүбашев өлкө жетекчисине министрлер кабинетин башкаруу берилип жатышын мындайча түшүндүрдү:

«Эң биринчи себеби - биз президенттик башкарууга бара жатабыз. Ошон үчүн президент өзүнүн администрациясы менен жоопкерчиликти алат. Экинчи себеби - азыркы учурда көп маселе «Ак үйдүн» аппаратында чечилет. Бирок жооп берген дайыма өкмөт болуп келген. Кош бийлик түзүлүп калбасын деп жатабыз. Өкмөт деген жок, министрлер кабинети болуп калат».

Ушундай эле жүйөнү 10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров да бир нече жолу кайталаган. Ал Кыргызстанда коомдук-саясий абалга, экономикага бир адам жооп бериши керек экенин айтып келет.

Иштеп жаткан Конституция боюнча өкмөттү Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк курайт. Аткаруу бийлигинин ишмердиги, бюджеттин аткарылышы боюнча премьер-министр парламентке жыл сайын отчёт берип турат.

«Кыргызстан коммунистери» партиясынын лидери, экс-депутат Исхак Масалиев президентке болуп көрбөгөндөй бийлик берилгени менен ага жараша жоопкерчилиги каралбаганын сындап, Конституциялык кеңешменин иштеп чыккан документин «долбоор эмес, сунуш» деп атады:

Исхак Масалиев.

«Конституциялык кеңешме депутаттар берген долбоор боюнча өзүнчө көз карашын берип жатат. Мыйзамда «кеңешме долбоор иштеп чыгат» деген жок. Ошондуктан бул долбоор эмес. Болгону 90дон ашык киши чогулуп «биздин пикирибизде Конституция ушундай болуш керек» деп гана сунуш берди. Бирок алар президенттик бийлик менен аткаруу бийлигин бөлгөн эмес. Ал жерде президенттин жоопкерчилиги жок. Мисалы, өкмөт иштей албаса премьер-министр кызматтан алынат. Мына ушул жоопкерчилик. Ал эми азыр аткаруу бийлигинин башчысын президент дайындаганы - жоопкерчилик эмес. Ал кошумча укук. Эгерде Конституцияга «мамлекеттик бюджет аткарылбаса президент кызматтан кетет же сөгүш жарыяланат» деп жазылса - ушул жоопкерчилик болмок».

Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоор ачык жарыяланбагандыктан Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы мындан башка өзгөртүүлөр майда-чүйдөсүнө чейин талданып чыга элек.

Кеңешменин мүчөлөрү өздөрү да долбоорду 26-январда гана алганы, толук окуп чыга элек экени белгилүү болду. Болгону жыйында айтылган сөздөрдөн кийин эле негизги өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилди. Долбоор качан ачык жарыяланары белгисиз.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү, юрист Айдарбек Мамбеткадыров президенттин аппарат жетекчиси аткаруу бийлигин да көзөмөлдөсө кандай тобокелчиликтер турганын түшүндүрдү:

«91-беренеде министрлер кабинетинин төрагасы менен президенттин администрациянын башчысынын кызматына бир эле кишини коюп атабыз. Бул туура эмес. Анткени өкмөт – бул түзүм. Ал эми президенттин администрациясы президенттин гана ишин жөнгө салат. Эки башка кызматты бириктирип салганга болбойт. Мисалы министрлер кабинетинин жетекчиси кызматтан кетип калышы мүмкүн. Азыркыдай бирөө убактылуу милдетин аткаруучу болуп да калышы мүмкүн. Биз президенттик башкарууга өткөндөн кийин президенттин администрациясынын башчысы өзүнчө кызмат болуш керек».

Сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча парламенттеги депутаттардын саны 90 киши болду. Бирок парламенттин шайлоо системасы көрсөтүлгөн эмес. Буга чейин 35 депутатты бир мандаттуу шайлоо округдарынан, калган 55ин партиялык система менен шайлоо жөнүндө сунуш айтылган. Бирок долбоордо бул так жазылган жок.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев парламенттин укуктары кыскартылбагынын айтып жатат.

Азыр иштеп жаткан Конституция боюнча парламенттеги депутаттардын саны - 120 адам. Алар партиялык система менен шайланып келет. Жогорку Кеңешке өткөн фракциялардын биринин жетекчисине президент коалиция куроого мүмкүнчүлүк берет. Коалицияга кирген фракциялар өкмөттү курап, калган фракциялар оппозициялык азчылыкты түзөт.

Дагы бир негизги жагдай - Баш мыйзамга талаштуу Элдик курултай деген институт киргизилди. Конституциялык кеңешменин мүчөсү Урмат Аманалиев бул институттун укуктары тууралуу кыскача маалымат берди:

«Элдик курултайдын конституциялык-укуктук статусун аныктап коомдук өкүлчүлүк жыйын катары белгиледик. Бирок ошол эле учурда Элдик курултай кеңешүүчү, кеңеш берүүчү жана коомдун өнүгүшү боюнча багыттарды аныктоочу элдик жыйын болот».

Курултай институтун жактагандарга бул жаккан жок. Себеби, алар Элдик курултай президенттен, өкмөттөн отчёт алып, алардын ишмердигин көзөмөлдөгөн орган болушу керек деген пикирлерин айтып келатышат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору.

Эми адам укуктары боюнча айрым беренелерге келсек. Конституциялык кеңешменин адам укуктары жана эркиндиги боюнча секциясынын жетекчиси Нурлан Шерипов долбоордо «сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынбайт» деген берене киргизилгенин айтты:

«Сөз эркиндигин камсыз кылуу боюнча бир катар укуктук ченемдер киргизилди. Сөз эркиндигин чектөөгө тыюу салынат. «Сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын чектеген мыйзамдар кабыл алынбайт» деген, сөз эркиндигин колдогон укуктук ченемдер киргизилди».

Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү 26-январдагы жыйында долбоорду негиз катары кабыл алууну сунуш кылышты. Бирок парламенттик шайлоого, мамлекеттик тил жана адам укуктарына байланыштуу айрым беренелерде кайчы пикир жаралгандыктан Конституциянын жаңы долбооруна добуш берүү кийинкиге калтырылды.

Талаш жараткан беренелер «Конституциялык түзүмдүн негиздери», «Жарандын жана адамдын укуктары жана эркиндиги» жана «Мамлекеттик бийлик органдары» деген секцияларда кайра каралып, жалпы жыйынга чыгарылат.

Кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алып парламентке жиберсе ал Жогорку Кеңеште дагы талкууланабы же жокпу, азырынча расмий жооп боло элек. Болгону парламент Конституциянын долбоорун рефрендумга алып чыгары белгилүү. Ал апрель айында өтөрү айтылган.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Анын 90дон ашык мүчөсү бар.

Пикирлерди көрүңүз (21)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG