Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Үч депутаттын долбоору сынга кабылды


Үмбеталы Кыдыралиев, Акылбек Жапаров жана Бактыбек Турусбеков (солдон оңго карай). Коллаж.

Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүү киргизүү боюнча парламенттин үч депутаты сунуш кылган мыйзам долбоору юристтердин сынына кабылды.

Коомдук талкууга коюлган документке ылайык, айрым долбоорлорду Жогорку Кеңеш дароо эле үч окууда кабыл алса болот жана ал элдин талкуусуна да чыгарылбайт. Авторлор муну Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин ага мыйзамдарды шайкеш келтирүү аракети менен түшүндүрүштү.

Юристтердин кабатырлыгы

Юристтер коомчулугу «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары) мыйзам долбоорун сындаган билдирүү таратты.

Алар документтин авторлору, Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаровго, Үмбеталы Кыдыралиевге жана Бактыбек Турусбековго кайрылып, документти артка чакыртып алууну сунуш кылышты жана парламентти бул долбоорду карабоого үндөдү.

Юристтер Конституцияда жарандар мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана аларды кабыл алууга катышууга укуктуу экени так жазылганын эске салышты. «Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынса ал Баш мыйзамды, демократиялык жана укуктук мамлекеттин принциптерин одоно бузат» деп жазылат кайрылууда.

«Конституция – бийликтин ачык-айкын иштешин, элдин алдындагы жоопкерчилигин көрсөтчү документ. Анда бийликтин ар бир кадамын коомчулук электен өткөрүп туруш үчүн ар кандай механизмдер киргизилген. Алар: мыйзамды коомдук талкуудан өткөрүү, парламентте каралганда ар бир окуунун ортосунда убакытты сактоо деген сыяктуу. Мыйзам долбоорун талкуулоого жарандык коомдун өкүлдөрү катышат, парламенттик талкуу өтөт. Мисалы, өкмөттүн ишин парламент тескейт. Ал эми парламенттин ишин коомчулук көзөмөлдөш керек. Ошол көзөмөлдүн бирден-бир жолу - мыйзам долбоорлору боюнча коомдук талкуулар, ага элдин катышуусу болот», - деди юрист Айдин Бакытбек уулу.

Демилгечилердин түшүндүрмөсү

Үч депутаттын мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 20-январда коомдук талкууга коюлган. Авторлордун баары Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү. Демилгечилердин бири, депутат Акылбек Жапаровдун сөзүнө караганда, долбоордун референдум дайындоого тиешеси жок. Жөнөкөй тил менен айтканда анын максаты - референдум өтүп, Кыргызстанда Конституция алмашкандан кийин мыйзамдарды жаңы Баш мыйзамга шайкеш келтирүү.

«Ал жерде Жогорку Кеңештин регламентине киргизилчү өзгөртүүлөр турат, - деди Акылбек Жапаров. - Референдум азыркы иштеп жаткан мыйзам менен өтөт. Бирок референдум өткөндөн кийин Конституцияга шайкеш келе турган мыйзамдарды тезирээк өткөрүүгө Жогорку Кеңешке механизм киргизилип жатат. Ал эми референдум 11-апрелде болот. Эки жолу референдум болот. Бүткүл Кыргызстан боюнча талкуу болду. Биринчи референдумда президенттик башкарууну тандашты. Эми Конституция кабыл алынат. Ошого шайкеш келтириш үчүн гана мыйзамдарды жөнөкөйлөштүрүп, убактысын кыскартып койсокпу деген мыйзам долбоору. Аягына чейин мыйзамды окубай эле эптеп сөгүш керек болуп калды».

Маселен, 10-январда өлкөдө президенттик шайлоо менен кошо башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өтүп, анда көпчүлүк добуш менен президенттик башкаруу системасы колдоо тапты.

Эми жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бир катар мыйзамдарды ага тууралаш керек. Акылбек Жапаров мыйзамдарды Жогорку Кеңештин регламентинде көрсөтүлгөн тартипте караса парламенттин VI чакырылышынын мөөнөтү жетпей калат, убакыт созулуп кетет деп кооптонууда:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Мисалы, биз июнга чейин Шайлоо кодексин кабыл алып бүтүшүбүз керек. Мыйзам долбоорун бир ай коомдук талкууга коюп, аны үч окууда карап кабыл алганга жетишпей баратабыз. Ошондуктан аны экинчи, үчүнчү окууда дароо кабыл алса болот же болбосо талкууга бир жума алып чыкса жетет деп мөөнөттөрүн азайтып киргиздик. Азыр Шайлоо кодекси жана өкмөт боюнча эки чоң мыйзам турат. Ошол эки мыйзамды шайкеш келтирип бул парламент өз вазыйпасын аткарып шайлоого кетет. Кийин мыйзамды бузбайлы деп ошого шарт түзүлүп жатат».

«Бийликти бир колго топтоого шашылып жатышат»

Жогорку Кеңештин регламенти боюнча мыйзам долбоорлору парламентте үч окуу жол-жобосу боюнча каралат жана тиешелүү комитеттерден өткөндөн кийин гана кабыл алынат. Мыйзамдарды кароодо ар бир окуунун ортосунда 10 күндөн кем эмес убакыт болуш керек.

Комитеттер, фракциялар макул болсо кээ бир мыйзамдар дароо үч окууда кабыл алынышы мүмкүн. Алар: эгерде мыйзам Конституцияга каршы келип, ал Баш мыйзамга туураланса, мыйзамдын бир беренесин ошол эле мыйзамдын башка беренелерине ылайык келтирүүдө, мыйзамдын техникалык каталарын оңдогондо, мыйзамдын орусча, кыргызча текстинде ката кетсе, өзгөчө абал же кырдаал киргизүү жана коопсуздук маселелери боюнча мыйзам долбоорун кароодо. Андан тышкары насыядан башка бардык эл аралык келишимдерди үч окууда кабыл алса болот.

Юристтер жөнөкөй гана мыйзамдар бир ай коомдук талууга коюлуп, парламенттин тиешелүү комитеттеринен, зарыл болсо парламенттик талкуудан өтүп жатса Конституцияга байланышкан мыйзамдар шашылыш кабыл алынышы туура эмес деп эсептешет.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев сөз болуп жаткан документ тууралуу мындай деди:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Жөнөкөй гана шарттарды сактай албай жатышат. Кээ бир учурда өлкөдө күтүүгө убакыт болбогон учурлар болот. Мисалы, былтыр октябрь айында ушундай кырдаал түзүлдү. Азыр бизде өкмөт бар, шайланган президент турат. Шашылыш жок. Даярдалып жаткан Конституциянын жаңы долбоору апрель айында же күзүндө парламенттик шайлоодо кабыл алынабы, элге айырмасы жок. Ошондуктан шашылганга тарыхый негиз жок. Бирок булар жеке бийликти бир колго топтогонго шашып жатышат. Баш мыйзамдын сунушталган долбоорун апрелде алып өтүшсө Жапаров бүт бийликти колуна алат. Азырынча биз ал долбоорду көрө элекпиз. Бирок мурунку, эл жактырбай койгон долбоор негиз болуп калса, анда президент бардык бийликти өз колуна топтойт. Мыйзам чыгарууну да өзүнө алат. Анан баягы эски жолго түшөбүз».

Конституциянын жаңы долбоору демекчи, ал дээрлик даяр болуп калганын Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди. Долбоор Жогорку Кеңешке качан жиберилери азырынча белгисиз.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев рефрендум өтүп Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынып калса ага байланыштуу мыйзамдарды шашылыш кабыл алуу мыйзамдык башаламандыкка алып келет деген ойдо.

Парламенттин экс-депутаты Максат Кунакунов болсо Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылгандарды сындады:

«Булар Садыр Нургожоевичти жарга түртүп, кошоматчылар мурдагы бийликтин кейпин кийгизип жатышат. Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда 1993-жылы кабыл алынган Конституция кандай бузулса, азыр так эле ошондой болуп жатат. Кийин Курманбек Бакиев, Убактылуу Өкмөт да мыйзамдарды бузушкан. Азыр деле ошол эле. Тегеректеги кошоматчылар дагы бир башаламандыкка алып баратышат».

Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2020-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башта ал долбоорду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдумга коюу сунушталган. Коомчулуктун көптөгөн сын-пикирлеринен кийин, референдумга мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү маселеси гана киргизилген. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) расмий жыйынтыгына караганда, референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкаруу формасын колдоду.

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG