Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Ажыкулов: Бизнести текшерүү пиар болбошу керек


Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

Бизнес жаатындагы көз карандысыз эксперт Темирлан Ажыкулов ишкерлерге басымдын күчөшү жана анын кесепеттери тууралуу маек курду.

- Темирбек мырза, Кыргызстанда соңку кезде укук коргоо органдары ишкерлерди текшерүүгө алып, басым көрсөткөн учурлар көп кабарлана баштады. Айрым ишкерлер мүлк укугуна коркунуч келгенин билдиришти. Бул кырдаалга кандай баа берсек болот?

- Тилекке каршы, бул терс көрүнүш. Бизнес ансыз деле соңку бир жылдан бери пандемияга байланыштуу кыйналып жатат. Күздөгү окуялардан кийин сырттан келген инвестиция да азайып кетти.

Быйыл жаз айында эле 300 миллион долларга минус болуп чыктык. Ошонун үстүнө басым болуп жатканы жалпы бизнеске да терс таасирин тийгизет. Биз канча жылдан бери эле декриминализация жөнүндө айтып келебиз. Бул “бизнести криминалга байлабай, негиз болсо өз эрежелери менен текшергиле” дегенди билдирет.

Бирок бизнести текшерүү, рейд иштери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Финполициянын пиарына айланып кеткени чоң көйгөй. Эгер ишкер мыйзам бузса, далилдеп, сот чечими чыккандан кийин жарыялашса туура болмок. Азыр болсо бирөөнүн арызынын негизинде эле баса калып, коомго жар салып жатышат. Эгер ал ишкердин күнөөсү сотто далилденбесе, укук коргоо органдары андан эл алдында кечирим сурашпайт да. Мындай рейддер эң аз дегенде эле бизнестин аброюна көлөкө түшүрүп, терс таасирин тийгизет. Ачык иштеп жүргөн ишканаларга басым кылган туура эмес.

- Акыркы учурларда бизнеске басым жасоонун күчөшүнө эмне себеп болуп жатат деп ойлойсуз?

- Ар кандай себептер болушу мүмкүн. Албетте, чынында эле мыйзам бузуулар болушу ыктымал. Бийлик ызы-чуу менен алмашкан сайын бизде чоң-чоң ишканаларга же кандайдыр бир жол менен саясатка аралашып калган ишканаларга сөзсүз рейд жасалып турат.

- Буга чейин өкмөт экономикалык мунапыс жарыялап, бизнести коргоого убада кылган. Убада канчалык деңгээлде ишке ашып жатат?

- Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров менен укук коргоо органдарынын аракеттери бири-бирине каршы келүүдө. Жапаров өкмөт башында турган кезде бизнести коргоп, ишкерлерге жардам бере турганын айткан. Азыр андай кадамдар байкалган жок. Мамлекет башындагы саясий күч бир болгондон кийин бир багытта кетсе дурус болмок.

- 2020-жылдын жыйынтыгы менен өлкөдөн чыккан капиталдын көлөмү көбөйүп, инвестиция кыскарды. Экономикада тартыштык күчөп турат. Мындай учурда жергиликтүү ишкерлерге карата басымдар токтобосо кандай кесепети, терс таасири болушу мүмкүн?

- Бул өтө кооптуу сигнал болду. Эми расмий ачык иштеп жүргөн ишканалар "кандай кылсак, эмне болот?" деп ойлоно баштайт. Ушундай учурда бизнестин эки эле аргасы калат. Биринчиси - көмүскөгө кетүү. Көмүскөгө барып, укук коргоо органдары менен сүйлөшүп, "берчүсүн" берет жана таза рыноктон чыгат. Экинчи жолу - жабылат.

Буларды көргөн башка бизнестин ээлери да кеңейгенден кооптоно баштайт. Саясаттан кабары бар ички инвестор бизнесин жайылткандан көрө, майдалап, эл көзүнөн жашырууга аракет кылат. Сырткы инвесторлор ички инвесторду карайт.

Ички инвестор өзүн жакшы сезбесе, сырткы инвестор келбейт. Мыйзам, сот бийлиги адилеттүү иштебесе, сырткы инвесторду күтпөй эле койгон оң.

XS
SM
MD
LG