Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Инвестиция тартууга ташталган кадам


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга чет элдик түз инвестицияларды тартууну камсыз кылыш үчүн инвестицияны колдоо чараларын жеңилдеткен мыйзамга кол коюлду.

Ага ылайык, өндүрүштүк жана социалдык курулуш үчүн аймактарда жер тилкелерин трансформациялоо укугу жергиликтүү бийликке берилип, өкмөттүк деңгээлде түз инвестициялык макулдашуу түзүш үчүн инвестициялык босогонун көлөмү 50 млн. доллардан 10 млн. долларга түшүрүлдү.

Буга чейин инвестициялык климат кескин начарлап, өлкөдөн чыгарылып кетип жаткан капиталдын өлчөмү арбыганы айтылган.

Жер тилкелерин алуу жеңилдейт

Кыргызстанга түз инвестициялардын агымын стимулдаштыруунун жаңы механизмдерин киргизүү максатында «Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол коюлду.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев мыйзам сунуш кылып, ал кийин Экономика министрлиги менен Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик менен чогуу иштелип чыккан. Анда «Инвестициялык лоттор» түшүнүгү киргизилип, ал инвесторго сунушталган жеңилдиктердин жыйындысын ичине камтыйт. Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жер тилкелерин өндүрүштүк жана социалдык курулуш үчүн трансформациялоо укугу берилет.

Абдывахап Нурбаев
Абдывахап Нурбаев

Депутат Абдывахап Нурбаев бул чара Кыргызстандагы ички жана тышкы инвесторлор үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтып, бизнес жүргүзүүдөгү татаал абалды жеңилдете турганын айтты:

«Биз бул мыйзам долбоорун бир жыл мурун даярдаган элек. Ал кезде өкмөттөн корутунду ала албай, бир топ создугуп кетти. Жакында корутунду алып, аны парламенттин кароосуна чыгарып, президенттин милдетин аткаруучу ага кол койду. Бул мыйзамдын негизги максаты - чечимдерди кабыл алууда борбордон көз карандылыкты азайтуу. Сугат жер тилкелеринен сырткары башка жерлерге өндүрүштүк жана социалдык курулуштарды куруш үчүн алардын категориясын өзгөртүү укугу эми жергиликтүү бийликке - райондук мамлекеттик администрацияларга берилет. Биздин эле жергиликтүү инвесторлор сыртта иштеп келип, кичи мекенине өндүрүштүк ишканаларды, завод-фабрикаларды куруш үчүн жер тилкелерин ала албай келишкен. Анткени жер тилкелерин бир категориядан экинчисине которуу укугу өкмөттө гана болгондуктан алар жылдап күтүүгө туура келген. Азыр эреже бир топ жеңилдеп, жер тилкелерин өндүрүштүк максатта колдонууга берүүнүн тартиби бир топ жөнөкөйлөштүрүлдү».

Инвестициялык босого азайтылды

Мындан сырткары өкмөт менен инвесторлордун ортосундагы ири долбоорлор боюнча инвестициялык макулдашуу түзүш үчүн инвестициялык босогонун өлчөмү 50 млн. доллардан 10 миллион долларга чейин азайтылды.

Ошондой эле өлкөгө 10 миллион сомдон ашуун инвестиция салган инвесторлорго инвестициялык виза алыш үчүн Инвестицияларды илгерилетүү агенттиги Тышкы иштер министрлигине арыз берүүгө укуктуу.

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бул чаралар сырттан инвестиция тартууну жеңилдетүүгө багытталганын белгиледи:

«Буга чейин өкмөт менен түз макулдашуу менен иш алып бара турган инвесторлорго коюлган талаптар жеңилдетилип, шарттар бир топ жөнөкөйлөштүрүлдү. Муну менен биз орто деңгээлдеги инвесторлордун да өлкөгө келип, иштешин камсыз кылып, азыркы мезгилде өлкөнүн экономикасы үчүн аба менен суудай керек болуп жаткан сырттан чет элдик инвестицияларды тартуу иши бир топ эле жанданат деген үмүттөбүз. Мыйзам ошол максатта иштелип чыгып, азыркы учурдун талабын канааттандырат. Анткени биздин өлкө азыр сырттан келчү ири инвестицияларга аябай муктаж болуп турат. Буга чейин өкмөттүк деңгээлде инвестициялык макулдашуу түзүш үчүн 50 млн. доллар өлчөмүндө инвестициялык босогону карманып келсек, анын өлчөмүн 10 млн. долларга түшүрүү менен өлкөгө ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн келе албай жүргөн инвесторлорду тартууга шарт түзөбүз. Бул мыйзамдын натыйжасы жакынкы жылдары көрүнө баштайт деген ойдобуз».

Азыркы учурда экономиканын өнүгүшү үчүн жооптуу өкмөт менен парламент чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча мындай радикалдык чараларга бекеринен барып жаткан жок.

Инвестицияларга муктаждык курчуган учур

Өткөн жылы жапырт тараган коронавирус пандемиясынын кесепетинен келип чыккан чектөөлөргө байланыштуу жана 6-октябрдагы саясий кризистен улам сырттан келчү инвестициянын көлөмү кескин кемиген. Муну талдооочулар инвестициялык климат начарлап, өкмөттүн сырттан түз инвестиция тартуу саясаты солгундаганы менен байланыштырган.

Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү өткөн жылы андан мурунку 2019-жылга салыштырмалуу 30,9% азайып, 398,4 млн. долларды түзгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйынында тараткан. 2019-жылы жалпысынан 576,8 млн. доллар инвестиция келсе, 2020-жылдын тогуз айында 398,4 млн. доллар түшкөн. Инвестициянын 90% кайра иштетүү өндүрүш ишканаларына, кен казуу, геологиялык чалгындоого, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, ошондой эле маалымат жана байланыш тармагына багытталган.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов өлкөгө кирген тикелей инвестиянын кыскарышы боюнча буларга токтолду:

«Негизги капиталга жумшалган инвестициялардын көлөмү 2020-жылы 123 млрд. сомду түзүп, 2019-жылга салыштырганда 24,7% азайды. 2019-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 2020-жылдын ушул айларындагы инвестициянын азайышы каржылоонун ички жана тышкы булактарынын эсебинен көрүндү. Саламаттык сактоо тармагын кошпогондо, экономикалык ишмердиктин бардык түрлөрүнүн курулушуна инвестициянын кыскарышы белгиленди».

Сырттан келчү түз инвестициянын көлөмү азайып, буга чейин иштеп келген инвесторлордун сыртка чыгып кетип жатышына жалаң эле экономикалык кырдаал эмес, андан башка жагдайлар да себеп болуп жатканы айтылган.

Кыргызстанда мамлекеттик текшерүүчү органдар менен бейформал топтордун кысымынан улам ишкердигин жыйнаштырып, өлкөдөн капиталын чыгарып жаткан жергиликтүү жана чет элдик компаниялар көбөйгөнү буга чейин жарыяланган. Ошондой эле айрым жергиликтүү өнөр жай ишканалары үстөккө-босток түшкөн фискалдык текшерүүлөрдөн улам өндүрүшүн токтотуп, жарым-жартылай жабылганы белгиленген.

Кыргызстандын Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бирикмесинин аткаруучу директору Темирбек Ажыкуловдун айтымында, жергиликтүү ишканалар менен чет элдик инвесторлорго карата салыкты жашырууга байланышкан ар кандай шылтоолор менен салык органдарынын жана Финансы полициясынын үстөккө-босток негизсиз текшерүүлөрү күчөгөн.

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

Темирбек Ажыкулов инвестицияга жагымдуу шарт түзүү боюнча мыйзамдар чыкканы менен иш жүзүндө мамлекеттик органдардын ага карата басымы токтобой жатканын айтты:

«15 жылдан бери инвесторлордун кызыкчылыгын коргоп жүрөм. Ушул мезгил аралыгында мамлекеттик органдардан эң эле көп жапа чеккендер - таза иш алып барган инвесторлор менен ачык иштеген ишкерлер. Анткени алардын ишмердүүлүгү ачык-айкын болуп, банк эсептери анык болуп, эсептешүү ишмердиги да ачык көрсөтүлгөн. Ал эми мамлекеттик текшерүүчү органдар адегенде ушуларды баса калышат. Ал эми көмүскө бизнеске тийише алышпайт. Анткени аларды колдогон бийликте күчтүү колдоочулары бар. Ал эми андай колдоочулары жок инвестор болобу же ишкер болобу, аларды бир заматта мамлекеттик машина басмырлап, тебелеп салат. Ошондуктан биринчи кезекте мамлекет алардын иштешине кепилдик берип, иш жүзүндө коргомоюнча, алар өлкөгө келип иштебейт. Инвестицияларды тартууну жандантып, инвесторлорду кызыктырыш үчүн алгач бул жакта иштеп жаткан инвесторлорду ар кандай кыысымдан коргоо зарыл».

Кыргызстанда бизнестин жана инвестициянын коопсуздугун сактап, коргоого байланыштуу мыйзамдар чыккан. Ошондой эле салык салуу багытында дагы инвесторлорго жеңилдик берген мыйзамдар бар экенине карабастан анын натыйжалуу иштеши тандалма түрдө жүрө турганы айтылып жүрөт.

Ийкемдүү мыйзамдар, ыңгайсыз мамиле

2019-жылдан баштап, үч жылга чейинки аралыкта Кыргызстанда ишкердикти текшерүүгө тыюу салган өкмөттүн токтому чыккан. Анда кылмыш же административдик иштер козголгон учурлардан сырткары ишкердик субъектилерин негизсиз текшерүүгө жол бербөө боюнча талап киргизилген.

Бирок айрым ишкерлер ага карабастан ар кандай жасалма арыздардын негизинде фискалдык органдардын негизсиз текшерүүлөрүнө кабылганы тууралуу даттанышкан. Мындан сырткары жер казынасын иштеткен чет элдик инвесторлорго карата жергиликтүү калктын мамилеси өткөн күздө кен казуучу ишканаларды өрттөп, талап-тоногон окуяларда көрүндү.

Экономика министрлигинин Инвестициялык саясат башкармалыгынын башчысы Нурлан Байбосунов инвестиция тартыш үчүн мыкты мыйзамдык база түзүлгөнү менен инвесторду качырып, өлкөнүн инвестициялык климатына так түшүргөн жагымсыз учурлар бар экенине кейиди:

«Бизге келген инвесторлор «мыйзамдар жакшы, салыктар төмөн, иштесе болот» деп өздөрү айтып жатышат. Айылдардан алыс жерлердеги кен казуу менен алектенген инвесторлор иштеп эле жатышат. Бирок инвесторлор жергиликтүү калктын мамилеси туура эмес болуп жатканын дайыма айтып, даттанып келишет. Кен казуучу ишканаларга айылдардан атчандар келип, аларды сабап, техникасын талкалап, өрттөп кеткен учурлар болду. Ушундан кийин бизге кайсы инвестор келиши мүмкүн? Аны башка жактан келип алып, башка бирөөлөр жасаган жок. Бардыгын биздин эле тургундар, биздин эле кыргыздар жасап жатышат. Мындай жагдайда бизге инвестиция тартуу бир топ эле оор болот. Бирок биз жергиликтүү калкка түшүндүрүп, инвесторлорду ишин улантууга көндүрүп, мыйзамдарды жеңилдетип, аларды кызматташууга чакырып жатабыз».

Кыргызстандагы мына ушундай жагдайдан улам Улуттук статистика комитетинин отчётуна караганда, капиталдын сыртка чыгарылышы 2019-жылга салыштырганда былтыр 2,5 эсе көбөйгөн.

2019-жылы ушул учурда анын көлөмү 180 миллион доллар болсо, былтыр 400 миллион доллардан ашкан. Ошондо өткөн жылга караганда 200 миллион доллардан ашуун капитал сыртка чыгарылып кеткени белгилүү болгон.

"Эски катаны кайталап жатабыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:34 0:00

XS
SM
MD
LG