Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Тоо-кен тармагы ишин жандантты


Бозымчак кени.
Бозымчак кени.

Быйыл октябрда өрттөлүп, техникасы талкаланып, иши үзгүлтүккө учураган тоо-кен тармагы четинен өндүрүшүн калыбына келтире баштады.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Бозымчак алтын-жез кенин иштеткен казакстандык «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы өткөн жумада өндүрүшүн кайра жандантты.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков өткөн ишембиде бул ишканага барып, кайра калыбына келтирилген өнөр жай объектисинде болду. Бул ишкана да өлкөдөгү башка тоо-кен тармагы сыяктуу эле быйыл октябрь айында түзүлгөн оор кырдаалдан улам ишин токтотконго аргасыз болгон.

Артем Новиков анын кесепетинен миңдей адам жумушсуз калып, бюджет миллиондогон сом салык төлөмдөрүн жоготконун билдирди.

Жергиликтүү калк менен жолугушууда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым өкүлү Абсаттар Сыргабаев мындан ары күч колдонуп, мыйзамсыз иштерге барбай, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтты:

«Биз биротоло эле бул компанияны мактап-жактап, аны аябай жакшы деген жерибиз жок. Ошондуктан биз мындан ары бардык маселени эки тараптуу карайбыз. Эгерде компаниянын күнөөсү болсо, анысын далилдеп, жоопкерчиликке тартабыз. Эгерде сиздер тараптан кеткен болсо, анда мыйзам чегинде сиздер да жоопкерчиликти мойнуңарга алууга туура келет. Ошондуктан мындан ары чогулуп алып кенге барып, ал жакты өрттөп, анда иштегендерди уруп-согуп маселе чечебиз деген баягыдай ыкмалар менен эмес, мыйзамдуу түрдө арызданып, мыйзамдуу жолдор менен маселе чечүүнү үйрөнүүгө мезгил келди. Компания туура эмес иштеп жатса, туура эмес иштеп жатканын айтабыз. Кандай гана маселе чыкпасын, биздин бул жердеги мамлекеттик бийликтин өкүлүнө кайрылып, ал аркылуу бизге арызыңарды жиберсеңер болот. Биз маселени жеринде чечкенге аракет кылабыз. Чече албасак, анда аны чечиш үчүн тез арада бизден жогору турган бийлик органдарына кайрылабыз. Мындан ары ошентип иштешели деп сүйлөштүк».​

Бишкекте 6-октябрда Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имаратына митингчилер кирип барган. Бйлик оодарылган учурда өлкөнүн башка аймактарындагы бир катар кен иштетүүчү компанияларга да чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Ала-Букадагы Бозымчак алтын кенин иштеткен казакстандык «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы менен ошол эле райондогу Иштамберди алтын кенин казган кытайлык «Full Gold Mining» компаниясы да өндүрүшүн токтоткон.

Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен «Эти Бакыр Терек-Сай» компаниясынын иши да үзгүлтүккө учураган. 15-декабрда аталган компаниянын калдык сактоочу жайы менен алтын тазалоочу заводунун курулушу кайра жанданды.​

Чатактын чыныгы себептери жана кесепети

Өкмөт өндүрүшү үзгүлтүккө учураган тоо-кен тармагына келтирилген зыяндын өлчөмү 8 млрд. сомго барабар экенин жарыялаган. Өкмөт кен казуучу компаниялардын имараттарын өрттөп, техникасын талкалап, аларды басып алуу аракеттери үчүн жергиликтүү калктын өкүлдөрүн айыптаган болчу.

Анткен менен алабукалык пенсионер Орозгүл Чотбаева нааразылыктын себебин кендин пайдасын бир ууч шылуундар көрүп жатканы менен байланыштырды:

«Биздин жумушсуз балдардын бирин да ишке алышкан жок. Менин жети балам иш таппай жүрдү. Анан айласыз Орусияга мигрант болуп, жумуш издеп кетишкен. Өткөндө бирөө ооруп калып, уйду сатып, акчасын бердим. Ошол эле кезде булар болсо кенди басып, жеп жатышат. Биз анын күкүртүнүн данынчалык да пайдасын көрбөдүк. Башында жаңыдан ачылганда «айылдагылардын бардыгы жумуш менен камсыз болот» деп убада беришкен. Неберелерди уйдун сүтү менен багып жатам. 6 миң сом пенсиям эч нерсеге жетпейт. Кезинде 30 жылдан ашуун чабан болуп иштедик эле. Чалым кой кайтарып жүргөндө чагылган тийип каза болгон. Эми биз эч ким болбой калдык. Биздин ошончолук кадырыбыз жокпу? Нааразылыктын себеби мына ошондой нерселерден чыгып жатат».

Жергиликтүү калк менен жолугушууда жарандык активист Эркинбек Уралиев тергөөдө кендеги ызы-чууга негиз болгон баштапкы себептерге көңүл бурулбай калганына токтолду:

«Элди ошондой абалга алып келген жергиликтүү бийлик органдары биринчи кезекте жооп берүүгө тийиш. Ошол маселелерди ушул кезге чейин эле чечип коюшса болот беле? Тергөөдө ошолордун айыбын коюп, эмнеге алардын жоопкерчилигин сураган эч ким жок? Эгерде ошолор жоопко тартыла турган болсо, анда биз да керт башыбыз менен ар бир нерсеге жооп бергенге даярбыз. Айткылачы, биз кенди иштебесин дедикпи? Ошондой далилдер барбы? Ал күнү колуна тасма тагып алып, коомдук тартипти карап жүргөн балдар эми суракка чакырылып жатат».

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурбек Сыдыков кен казуудан мыйзамсыз пайда көргөндөр боюнча иш өзүнчө иликтенип чара көрүлөрүн айтып, бирок 6-октябрда ишканага чабуул койгондор да жазасыз калбашы керек деген оюн айтты:

«Компания менен жергиликтүү калктын ортосунда милиция жаман көрүнүп жатабыз. Эки тарап тең күйбөсүн деп жатабыз. Компания жумушун баштасын, элдин балдары бекерден камалып кетпесин дедик. Болбосо камала тургандарды мурда эле алып барып камап салат элек. Ал жерден тиешелүү фото, видео тасмалар бар. «Койгула» деген кызматкерлерди укпай жатышат. Мында болгон нерселерди айтып жатканыңар туура. Бирок силерге аларды сабаганга эч ким укук берген эмес. Милициянын кызматкерлерин кошуп сабаганга силерге ким укук берди?»

Ошол эле кезде Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев кен казылган аймактагы жергиликтүү калк менен инвестордун ортосундагы кагылышуунун себептерин атап, аларды чечүүнүн жолдорун сунуш кылды:

«Бозымчак кени кантип иштеп кетсе, бул жактагы айылдар кандайча өнүгүп-өсүп кетсе Кыргызстан деле ушундай эле өнүгөт. Бул жерде бир эле кенди карап отура бербей, жергиликтүү өндүрүштү колго алыш керек. Ошондо жумуш орундары болот. Инвестор тарап деле салыгын өз учурунда төлөп келе жатканын, социалдык пакеттерди бекитип бергенин айтып келе жатат. Мына ошого чакан болсо дагы өндүрүштүк ишканалар ачылып, жергиликтүү калк жумуш менен камсыз болушу кажет. Бирок сиздердин айыл аймактын жетекчилери ошондой өндүрүштөрдү ачуунун ордуна унчукпай гана карап отурушат. Бир да сунуш кыла ала турган ишкердик долбоорлору жок. Ошону кылыш керек да».

Кыргызстанда тоо-кен тармагы өлкөнүн өнөр жайынын негизги бөлүгүн түзөт. Кен казууга уруксат берип, кен иштетүүдөгү коррупциялык чийимдердин айынан жергиликтүү калк менен инвесторлордун ортосунда чыр-чатак чыккан учурлар кийинки жылдары көп катталган.

XS
SM
MD
LG