Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

COVID-19: Мекеме аралык комиссиянын шеги


Күндүзгү стационарлардын бириндеги медицина кызматкери.
Күндүзгү стационарлардын бириндеги медицина кызматкери.

Коронавирус пандемиясы учурундагы жоготууларды жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген мекеме аралык комиссия өз ишин жыйынтыктады.

«Сандардын чатагы»

Пандемиянын кесепетин иликтеген мекеме аралык комиссия коронавирустан каза болгондордун саны расмий статистикадан болжолдуу эсеп менен 2000 кишиге көп экенин айтып чыгышты. Алар өз билдирүүсүн Улуттук статистика комитетинен алынган сандар менен бекемдеп жатышат.

Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, Кыргызстанда 2019-жылдын тогуз айында түрдүү себептер менен 24 593 адам каза болгон. 2017-2018-жылдардагы сандар деле бул көрсөткүчтөн ашкан эмес. Ал эми 2020-жылдын тогуз айында көз жумгандардын саны 28 141 адамга жеткен. Ортодогу айырма 3548 киши болууда.

Мекемелер аралык комиссиянын презентациясынын учурунда тартылган сүрөт.
Мекемелер аралык комиссиянын презентациясынын учурунда тартылган сүрөт.

Ошол эле учурда башка илдеттер менен ооруп көз жумгандар көбөйгөн. Мисалы, 2019-жылы кан тамыр илдеттеринен жабыркаган бейтаптардын ичинен 12 721 адам каза болсо, бул сан 2020-жылы 14 миң 570ге жеткен. Мекеме аралык комиссиянын мүчөсү Кайрат Алымкулов мындай дейт:

«2020-жылы ар түрдүү оорулардан каза болгон адамдардын саны күмөн жаратып жатат. Анткени өпкө, кан тамыр илдети менен ооруп каза болгондор көбөйүп кеткен. Бул статистикага вирус жугуп каза болгондордун бир бөлүгүн кошуп жиберишкен деген ой пайда болууда. Болжолдуу эсепте вирустан каза болгондордун расмий саны менен чыныгы статистиканын ортосундагы айырма 2000 кишиге жетиши мүмкүн. Бул күдүк ойлорду тиешелүү органдар текшерип чыгат деп ойлойбуз».

Республикалык штабдын 22-январда берген расмий маалыматы боюнча илдеттен каза болгондордун саны 1396 адамга жетти. Алардын көпчүлүк бөлүгү июль айына туш келет.

Комиссия мүчөлөрү каза болгондордун саны ошол учурдагы өкмөттү, Республикалык штабды жетектеп турган адамдар тарабынан атайылап азайтылган деп эсептешет.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бул дооматтарды четке какты:

Мадамин Каратаев.
Мадамин Каратаев.

«Көз жумгандардын саны атайылап азайтылды деген туура эмес. Мисалы, Бишкекте өлгөндүгү тууралуу тастыктама алмайынча жер берилбейт. Айылдарда абал башка. Киши каза болору менен жай казыла баштайт. Маркумдун жетилиги, кыркы болот. Ошону менен документ алганды унутуп калышат. Бул сандар кийинки жылдарга өтүп айырма чыга берет. Башка илдеттер менен да каза болгондор көп. Анан эле ушинте берген туура эмес. Биз эмки жумада так маалымат беребиз».

Бул комиссияны октябрдагы бийлик алмашуудан соң вице-премьер-министр болуп дайындалган Элвира Сурабалдиева түзгөн. Ал да каза болгондордун санындагы айырмачылыкты айткан эле.

Кечигип келген протокол

Комиссиянын башка мүчөлөрү пандемия учурунда дарылоонун үчүнчү протоколу кечиктирилгенин айтып жатышат. Алардын маалыматына караганда, үчүнчү протокол 15-майда даяр болгон.

Ал жерде антибиотиктер азайтылып, гепарин, клексан сыяктуу антикоагулянттар кошулган. Бирок протоколго жазылган дары-дармектер фармкомпаниялардын колуна 1-июлда тийген. Натыйжада вируска байланыштуу кырдаал курчуган учурда аталган дарылар табылбай калган.

«Биринчи жана экинчи протоколго ылайык, бейтаптар вируска каршы илдеттер менен дарыланып турган. Ал эми үчүнчү протоколдо ал дарылар алынып, ордуна кан суюлта турган дары-дармек киргизилген. Анткени дүйнө жүзү апрель айларында эле коронавирус канды коюлта турганын түшүнүп калган. Бирок бизде ал протокол июль айында чыгып жатпайбы. Ошол кезде коронавируска байланыштуу кырдаал курчуп кетти», - дейт комиссиянын мүчөсү Асел Куламбаева.

Комиссия мүчөлөрү протоколду Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери бир айдан ашык кармап турганын айтып жатышат. Алардын аты-жөнүн тергөө ачыкка чыгарбай турган болсо, анда аларды өзүлөрү атай турганын да кошумчалашты. Министрлик комиссия мүчөлөрүнүн айткандары чындыкка дал келбей турганын билдирүүдө.

«Протокол кармалып турбайт. Мүмкүн даяр болбой, макулдашууга убакыт кетип калышы мүмкүн. Протоколго буйрук чыккан болсо, анда дароо таратылып кетет», - деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Мекеме аралык комиссиянын мүчөлөрү алар аныктаган фактылар толугу менен күч органдарына өткөрүлүп берилгенин билдиришти. Бул маселе келерки жумаларда Коопсуздук кеңешинде карала турганы да айтылууда.

Пандемияга байланыштуу 14 кылмыш иши козголду

Мекеме аралык комиссия пандемия учурундагы тиешелүү мекемелердин аракеттери боюнча 14 кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул иштерди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тергеп жатыптыр.

Финансы полициясы буга чейин вирус күчөгөн учурда өкмөттү жетектеген кызмат адамдарын суракка алган, иликтөө иштери азыр да уланып жатат. Ал эми мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалып, кийин үй камагына чыгарылган эле.

Финполициянын жетекчиси Сыймык Жапыкеев бул иштерге катышы барлар толугу менен жоопко тартыларын айткан:

Сыймык Жапыкеев.
Сыймык Жапыкеев.

«Пандемия учурунда көп киши каза болду. Буга жооп бериш керек да. Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов, Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы эки саламаттык сактоо министри, экономика министри да жооп берет. Кимдин тиешеси болсо, ошолордун баарын чакыртабыз. Керек болсо камалышат. Биз бул ишти аягына чыгарабыз. Азыркы маалда тергөө медициналык каражаттарды, техниканы кымбат сатып алуу боюнча териштирип жатат. Келген акчанын бир бөлүгү маяналарга берилип кеткен экен».

Сыймык Жапыкеев атын атаган мурдагы кызмат адамдары өздөрүнө коюлуп жаткан айыптарды четке кагып, пандемия маалындагы өкмөттүн ишине жакшы баа бере турганын айтышкан.

Мурдагы премьер-министр Боронов сурак берүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Коронавирус пандемиясынын убагындагы жоготууларды жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген мекеме аралык комиссия 17-декабрда түзүлгөн. Башында комиссиянын курамында 29 киши бар болчу, аягына чейин 17си иштеген.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG