Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

COVID-19: Өлүм-житим расмий сандан үч эсе көп


Кыргызстанда пандемия учурунда коронавирустан өлгөндөр буга чейин айтылган расмий статистикадан көп болушу мүмкүн. Бул тууралуу пандемиядагы жоготууларды жана сырттан келген гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген мекеме аралык комиссиянын жыйынтыгында айтылат.

Коронавирус пандемиясы учурундагы жоготууларды жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген комиссиянын алгачкы бүтүмү өкмөткө берилди. Аталган комиссияны учурда социалдык тармакты тейлеп жаткан вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жетектейт. Ал комиссия бүтүмүнүн корутундусуна ылайык, пандемия учурунда шалаакылык жана башка себептер менен өлүм-житимдин көбөйүшүнө жол берген жетекчилердин жоопкерчилиги баары бир караларын «Азаттыкка» билдирди.

Адам өлүмү эселеп көп экени аныкталды

Элвира Сурабалдиеванын сөзүнө караганда комиссиянын иликтөөсүндө коронавирустан каза болгон адамдардын саны расмий маалыматтан үч эсе көп экени аныкталган.

«Коронавирустан каза болгон адамдардын жалпы саны азыр 1390 деп берилип жатпайбы. Чындыгында бул көрсөткүч 4 миңден ашык экенин аныктадык», - деди ал.

Сурабалдиеванын айтымында, комиссиянын бүтүмү негизинен сунуштоочу мүнөздө, ошондуктан өз ишин тиешелүү деңгээлде аткарбаган жетекчилерге чара көрүү укук коргоо органдарына сунуш кылынат.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева дарыканаларды текшерүү учурунда. 09.11.2020
Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева дарыканаларды текшерүү учурунда. 09.11.2020

«Комиссия дары-дармек департаментиндеги иштерди иликтеди, сырттан келген гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүндө эки ача маалымат чыкты, - деп сөзүн улантты өкмөт мүчөсү. - Коргоочу каражаттардын таратылганы тууралуу маалыматтар штабда башка, министрликте башка, ооруканаларда таптакыр башка болуп чыкты. Кимдир-бирөөлөр пандемиядан бизнес жасоого аракеттенген. Коронавируска каршы республикалык штаб көп эле чечимдерди чыгарып, протоколдор жазылганы менен анын көпчүлүгү аткарылган эмес. Дарыгерлерди окутуу августтан кийин гана жанданган. Кайдан кандай буйрук келген, ким аны аткарган же аткарбай койгон - мунун баарын укук коргоо органдары иликтейт. Дары-дармектер кеч келген, өлүм-житим көбөйүп кеткен. Кээ бир жетекчилер «ооруп калдым» деп саламаттыгына байланыштуу узак мөөнөттүү өргүүгө чыгып кетишкен, алардын да жоопкерчилиги каралышы керек».

Коронавирус пандемиясы учурундагы жоготууларды жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген мекеме аралык комиссиянын бүтүмү жакынкы күндөрү Коопсуздук кеңешинде каралат. Комиссия иликтөө учурунда пандемиядагы өзгөчө абал шартында аймактарга салынган ооруканалардын курулушу алдын-ала тендер жарыяланбастан ишке ашканына да көңүл бурган.

Комиссиянын дагы бир мүчөсү Элден Калчакеев «Азаттыкка» буларды билдирди:

«Корутундуда кимдир-бирөөнү күнөөлөгөндөн алыс болдук. Бирок жалпы Саламаттык сактоо министрлигинин системасын өзгөртүүнүн зарылдыгына көзүбүз жетип, бул тууралуу сунушубузду бердик. Ооба, пандемия күч алган учурда оорудан көз жумган адамдардын санында чоң айырма бар. Бирок ошол эле учурда буга себеп болгон фактыларды да эске алдык».​

«Тирек» программасына каршы чыккан Исмаилова

Коронавирус пандемиясы учурундагы жоготуулар жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча мурдагы өкмөт башчылар сурак беришүүдө. 18-январда бул иштин алкагында мурунку вице-премьер-министр Аида Исмаилова Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) суракка чакырылган.

Мурдагы вице-премьер-министр ошол эле күнү «Фейсбуктагы» баракчасына пандемиядагы адам өлүмү тууралуу өкмөткө берилген ачакей маалыматтар боюнча жазды. Ал коронавирустан набыт болгон жарандар тууралуу райондук жана облустук деңгээлдеги маалыматтар түз эле республикалык штабга түшүп, басма сөз каражаттарында жарыяланып турганын белгилеген.

Экс-вице-премьер министр Аида Исмаилова спорт залга жайгаштырылган стационардын дарыгерлери менен. Август, 2020-жыл.
Экс-вице-премьер министр Аида Исмаилова спорт залга жайгаштырылган стационардын дарыгерлери менен. Август, 2020-жыл.

«Кыргызстан Борбор Азия аймагында коронавирустун лабораториялык жактан тастыкталганы тууралуу жана клиникалык жактан тастыкталганы тууралуу маалыматтарды бириктирип, билдирип турган жалгыз өлкө болгон. 17-июлдан тартып коронавирустун эки түрүн бириктирип маалымдоо тууралуу чечим кабыл алынган. Бул ошол замат көрсөткүчтөрдөгү чоң айырманы ачыкка чыгарган. Коронавирустан каза болгондор мурда лабораториялык жактан ПЧР анализи тастыкталмайынча жалпы статистикага киргизилчү эмес. Адам өлүмү коронавируска лабораториялык жактан тастыкталбаган учурларда алардын кошумча оорулары, мисалы инсульт же инфаркт өлүмдүн негизги себеби катары көрсөтүлчү».

Айрым жарандык активисттер мурдагы вице-премьер-министрдин бир чоң кемчилиги катары анын ыктыярчылар сунуш кылып, коронавируска каршы күрөштө абалды жеңилдетип, ачыктыкты камсыздоочу «Тирек» программасын четке какканы үчүн да жоопкер экенин белгилешүүдө.

Саламаттык сактоо тармагындагы эксперт, «Психикалык саламаттык» коомдук уюмунун жетекчиси Бурул Макенбаеванын пикиринде, Аида Исмаилованын мында моралдык жоопкерчилиги бар.

«Июнь-июль айларында оору күчөп кеткен учурунда ишкерлер, ыктыярчылар жардамга кол сунуп, «Тирек» деген программаны сунуш кылышты, - дейт ал. - Анда ооруканалардын абалы, кайсы ооруканада канча ИВЛ, канча орун бар экени тууралуу маалыматтар, туш тараптан келип жаткан гуманитардык жардамдын баары кайда, эмнеге жумшалганы ачык көрсөтүлүп турмак. Булар коронавируска каршы эмес, ушул «Тирек» программасына каршы күрөшүп туруп алышты. Эми азыр комиссия «гуманитардык жардам кайда, кантип бөлүштүрүлдү» деп иликтеп жатат, бул таптакыр мүмкүн эмес. Маалыматты бир жерге чогулталы деген «Тирек» программасын четке кагып, эми анын залакасын тартып жатышат».

Аида Исмаилова вице-премьер-министрлик кызматка 2020-жылы апрель айында дайындалып, оору күч алган жай айларында иштеген. Августтун аягында кызматын убактылуу тапшырып, «Биримдик» партиясынын тизмесинде парламенттик шайлоого катышкан. Октябрь окуяларынан кийинки бийлик алмашууда өкмөт курамына кирбей калган.

Кызматтан кеткен жетекчилердин жоопкерчилиги

Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу жана жайылтпоо боюнча тийиштүү чаралар учурунда көрүлбөй калганына байланыштуу жетекчи кызматкерлерди жоопко тартуу маселеси илдет алгачкы ирет өлкөдө пайда болгон март айында эле көтөрүлгөн. Ошол учурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жоопкерчилигин кароо маселеси Жогорку Кеңеште козголгон. Натыйжада экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 31-мартта кызматтан алынган.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жыйында. Бишкек. 31-март, 2020-жыл.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жыйында. Бишкек. 31-март, 2020-жыл.

Коопсуздук кеңеши оорунун өлкө аймагына киришинин алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчиси Алтынай Өмүрбекова штабдын чечимдерин аткарган эмес деп маалымат тараткан.

Коопсуздук кеңешинин маалыматында:

«Штаб лабораторияларды, анын ичинде көчмө лабораторияларды уюштуруп, аларды зарыл болгон ПЧР-тесттер жана материалдар менен жетиштүү камсыз кылышы керек болчу. Бирок коронавирусту аныктоо үчүн болгону эки гана лаборатория иштетилип, кийин дагы үчөө кошулган. Ушу тапта 10 лаборатория иштеп жатат.

Январдын аягында реагенттердин жана вируска анализ алчу тесттердин баасы төмөн болгон. Бирок жабдыктар убагында алынбагандыктан пандемия жарыяланганда ага суроо-талап көбөйүп, үч эсе кымбаттап кеткен.

Ал эми январда вирусологдор менен лаборанттардын коронавирус жугузуп алгандарды аныктоо жана алардын анализдерин алуу үчүн тест алуу боюнча Космосбек Чолпонбаевге бир нече жолу кайрылуусу жоопсуз калган.

Министрликке дарыгерлерге коргоочу атайын кийим, беткап, мээлей, дезинфекциялоо каражаттары, реагенттерди алуу тапшырылган. Ал да толук аткарылган эмес. Өмүрбекова менен Чолпонбаевдин шалаакылыгынан коронавируска чалдыккан адамдар өз убагында аныкталбай, толук айыкканга чейин обсервацияга жаткырылган эмес», деп жазылган.

Саясат талдоочу Айболот Айдосов коронавирус пандемиясы учурундагы жоготууларды жана сырттан келген гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген комиссиянын бүтүмү жана анын тегерегиндеги маселелер боюнча ой бөлүштү. Аудиону бул жерден угуңуз:

Түз линк



Финансы полициясынын Тергөө башкармалыгы март айында эле Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында экс-министр Космосбек Чолпонбаевди 6-июлда суракка чакырган.

Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатканы кабарланган. Ушул эле иштин алкагында Финпол мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 10-июлда суракка чакырган.

Финпол 2020-жылдын сентябрь айында Чолпонбаевди Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен каралган кылмыш иши боюнча шек санап камакка алган. Финпол ал «Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын маалымдаган.

Финполиция бир айдан кийин, октябрь окуяларынан соң, коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иштин алкагында мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күбө катары суралып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. 12-январда экс-премьер-министр Кубатбек Боронов да ушул иштин алкагында сурак берип чыккан.

Коронавирус пандемиясынын кесепети менен күрөшүүгө жана бюджетти колдоо максатында Кыргызстанга эл аралык донорлордон 774 млн. 432 795 доллар берилери кабарланган. Мунун ичинен 177 млн. 049 миң доллар грант, калганы насыя. Өкмөттүк аппараттын маалыматына караганда, жалпы жардамдын ичинен жыл аягына чейин 346 млн. 826 269 доллары алынган. Бирок келген каражаттардын максатсыз пайдаланылганы азыркыга чейин айтылып келет.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 19-январга карата коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда илдеттен 1390 адам көз жумду.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG