Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Нарындагы оорукананын курулушу токтоду


Нарындагы жаңы салынып жаткан оорукананын имараты.
Нарындагы жаңы салынып жаткан оорукананын имараты.

Пандемиядан улам Нарын шаарында салына баштаган 75 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулуш иштери бир айдан бери токтоп турат. Дээрлик 90% аяктаган курулуш-монтаждоо иштеринин жылбай турушуна каржылоонун үзгүлтүгү себеп болгон.

Курулушту жүргүзүп жаткан «МериБелл Текстил Иншаат» компаниясынын өкүлү Улук Тынчылык уулунун айтымында, акча толук которулбагандыктан курулушту токтотууга аргасыз болушкан.

«Негизи оорукананын жалпы сметалык баасы 82 млн. сом болчу, бизге 45 млн. сому которулган. Андан тышкары биз өз чөнтөгүбүздөн 20 млн. сомго жакын акча короттук. Азыр акча маселеси чечилбей токтоп турат, биз курулушчулардын айлыгын төлөшүбүз керек да. Эптеп кутулуп атабыз. Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгына кайрылганбыз. Бирок чечилбей жатат».

Курулуш иштеринин дээрлик 90% аяктап калган жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имараты, 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында эле калк кызматына берилери кабарланган. Бирок учурда оорукананын курулушу толук качан бүтүп пайдаланууга берилери белгисиз. Буга чейин премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков Нарынга келип, курулушту көрүп кеткен жана каражат толук которуларына убада берген.

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Жолдошбек Токтосуновдун айтымында, акча каражаты 2020-жылдын аягына чейин бөлүнүп берилмек.

«Өкмөттөн акча бөлүнбөй жатат, «жыл жаңырганча бөлүнөт» деген, бирок бөлүнө элек. Азыр оорукананын ичинде жылуулук иштеп жатат, антпесе Нарындын суугунда ички жасалгалоо иштерине зыяны тийиши мүмкүн», - деди ал.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев оорукананын курулушу 10-январда белгиленген президенттик шайлоодон кийин гана улантыларын айтууда. Анын сөзүнө караганда, каражаттын которулбай турганына бюджеттин тартыштыгы себеп болуп жатат.

«Акча маселеси чечилбей жатат, - деди ал. - Себеби жыл жыйынтыгы менен бюджетте акча тартыш болуп турат. Артём Новиков келип көрүп кеткен. Буюрса бүткөрүлөт. Шайлоодон кийин буюрса курулуш аягына чыгат».

Облустук ооруканага жугуштуу оорулар бөлүмүнүн кошумча имаратын куруу зарылчылыгы 2020-жылдын июнь-июль айларында, тактап айтканда Кыргызстанда коронавирус илдети күч алган кезде келип чыккан.

Облустук оорукананын жетекчиси Чынгыз Нарынбеков билдиргендей, оорукана толук бүткөрүлсө, дарыгерлер менен бейтаптар үчүн чоң женилдик болмок.

«Оорукана курулуп бүтөт деген үмүттө турганбыз. Эми коронавирус февраль айында кайра күчөйт деген божомол бар. Ошого чейин бүтсө жакшы болмок. Кудай деп ишенип өкмөт аягына чыгарып берет деп отурабыз. Эгер оору күчөп кетсе каршы турууга даярбыз, керебеттерибиз даяр», - деди ал.

75 орунга ылайыкталган бул оорукананын жалпы наркы 82 млн. сом деп эсептелген. Ушул тапта анын 60 млн. сомдон ашыгы курулуш иштерине сарпталса, 20 млн. сомго чукулун куруп жаткан компания өз капчыгынан чыгарган.

  • 16x9 Image

    Бексултан Мамбетов

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. Нарын педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүсү. Нарын мамлекеттик университетинде сырттан окуйт.

XS
SM
MD
LG