Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Сегизбаевдин шек жараткан алма багы


Абдил Сегизбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге жер участокторун мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп алууга байланыштуу кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратура 10-январдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын 22-январда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Абдил Сегизбаев Чүй облусундагы жер мыйзамдарын бузууга байланышкан коррупциялык схема боюнча шек саналууда.

«Сегизбаев коррупциялык схема аркылуу Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 гектар жайыт жерди башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуш жүргүзгөн. Андан кийин аны кылмышын жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон», - деди Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Наргиза Куватова.

Башкы көзөмөл органы билдиргендей, айыл чарба багытындагы бул жерлерге салык төлөнбөгөнү, жайыт жерлерге уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөнү жана электр энергиясы берилгени аныкталган.

Ошондой эле УКМКнын мурдагы төрагасынын жакын туугандары «К.Сегизбаева жана Г.Кеңешова жасалма, мыйзамсыз документтер менен каза болгон, чет жакта жүргөн жарандарга үлүш катары берилген 18,46 гектарлык 92 жер тилкесин менчикке өткөрүп алган» деп айтылат.

Топтолгон материалдар 20-январда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү иши башталган.

Абдил Сегизбаев өзүнө карата козголгон кылмыш иши Жазык кодексинин «Коррупция» беренесине дал келбей турганын айтты.

Ал 22-январда Бишкекте журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, жер иштетүүдө мыйзам бузбаганын, 13 жыл мурун – эч жерде иштебеген кезинде эки гектар жерди ижарага алып иштеткенин билдирип, документтерин көрсөттү. Мындан тышкары экинчи жер, атап айтканда Башкы прокуратуранын 18 гектар жерди басып алган дегени боюнча пикирин билдирди.

«Мына токтом. Бул токтомдун негизинде 2008-2009-жылдары өзүм жашаган айыл өкмөттөн эки гектар жерди ижарага алгам. Басып алган эмесмин. Ижарага алуу тууралуу күбөлүгүм бар. Ал кезде мен мамлекеттик кызматкер эмес болчумун. Мындан тышкары Баш прокуратура 18 гектар 92 жер тилкесин басып алган деп жазып жатат. Бул маалымат жалган. 18 гектар эмес, 7,5-8 гектар жерди “Сорос” фондунда иштеп жүргөндө айлыгымды топтоп, элден бир-эки сотыхтан чогултуп сатып алгам. Азыр ал жерде алма бак өсүп турат».

Сегизбаев бул кылмыш иши азыркы бийликтин аны камакка алуу шылтоосу экенин кошумчалады жана президенттик шайлоодо талапкер болгондо дебатта Садыр Жапаровго ачык каршы чыкканы үчүн “саясий өч алуу болуп жатат” деп баалады.

«Мага кылмыш иши козголо турганын күткөм жана билгем. Бирок мындай болбогон иш менен козголот деп ойлогон эмесмин. «Коррупция» беренеси менен козголгону туура эмес. Анткени бул иштер болгон кезде мен кызматта отурган эмесмин. Бул Курманбек Бакиевдин (мурдагы президент) тушундагы иштер».

Абдил Сегизбаев быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан. Ал жараянга катышкан элдин 1.46% добушун алып, 17 талапкердин ичинен 5-орун менен марага келди.

Сегизбаев үгүт учурунда мамлекеттик телеканал уюштурган дебатта Садыр Жапаровду кескин сындап, аны мурдагы президент Курманбек Бакиев менен байланышы бар деп эсептей турганын айткан.

Абдил Сегизбаев 2015-жылдан 2018-жылдын апрелине чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкарган. Ошол мезгилде камалган саясатчылардын көпчүлүгү аны "бийликтин саясий буйругун аткарган" деп айыптап келишет.

Алардын бири Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров мындай деди:

Кубанычбек Кадыров.
Кубанычбек Кадыров.

«Бардык адамдар мыйзамдын жана соттун алдында бирдей статуска ээ деп Конституциянын 16-беренесинин 2-пунктунда так жазылып турат. Ал эми күнөөсү бар-жогун сот чечет. Сегизбаев Атамбаевдин учурунда бир топ саясатчыларга мыйзамсыз кылмыш иштерин козготуп, саясий репрессия кылгандын ана башчысы болгон. Эми ошол куугунтук көргөн саясатчылар чогулуп, Сегизбаевге каршы арыз жазууну сүйлөшүп жатабыз. Сегизбаев мурдагы президент Атамбаев бийликте турганда аябай байыган. Кымбат баалуу машинелерди минип жүрөт. Буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеген, бизнеси жок адамда мынчалык байлык болгону шек жаратат. Мен муну өч алуу катары айткан жокмун. Маалыматы бар саясатчы катары айтып жатам».

Шайлоодо утуп чыккан Садыр Жапаров шайлоого өзү менен кошо ат салышкан атаандаштарынын саясий салмагын, кадыр-баркын, тажрыйбасын жогору баалай турганын айтып, аларды кызматташууга чакырган. Ошондой эле ал сөз эркиндигин коргоого убада берген.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев азыркы бийлик “өч алуу” ыкмасынан арыла албай жатат деп эсептейт.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

«Абдил Сегизбаев президенттикке ат салышып жаткан учурунда Садыр Жапаровдун дарегине курч сындарды айтты. Бул анын үгүт иштеринин негизги өзөгүн түзүп жаткан. Ошондо эле “шайлоодон кийин кандай болот болду экен?” деп ойлогом. Буга чейин ал саясатчы катары анчейин деле белгилүү эмес болчу. Анын шайлоодон алган добуштары деле саналуу болду. Бул анын артында кандайдыр бир колдоо жоктугун көрсөтүп турат. Садыр Жапаров шайлоодон уткандан кийин атаандаштарын кызматташтыкка чакырды. Бирок мындай иштердин болуп жатканы зээнди кейитет. Мунун артында саясий мандем бар экени айтпаса деле түшүнүктүү. Садыр Жапаров элдин колдоосун алган жетекчи катары эски система катары калыптанып калган “өч алуу” жолун артта калтырса болот эле».

Эмгек жолун бейөкмөт уюмдарда иштөөдөн баштаган Сегизбаев коомчулукка 2005-жылдын 24-мартында бийликтен кулатылган туңгуч президент Аскар Акаевдин акыркы маалымат катчысы катары белгилүү. Ал бул кызматта 2003-2005-жылдары иштеген.

2005-жылы март ыңкылабынан кийин бийликке келген Курманбек Бакиевдин тушунда Сегизбаев жогорку мамлекеттик кызматка келген эмес жана өзүн саясий жараяндардан оолак кармаган.

Ал 2010-жылкы революциядан кийин бийликке кайтып келип, 2011-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, маалымат саясат бөлүмүнүн жетекчиси, президенттин кеңешчиси кызматтарын аркалап, 2014-жылы УКМКнын орун басары кызматына дайындалган.

2016-2018-жылдарда атайын кызматты жетектеп, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден көп өтпөй кызматтан кеткен.

Пикирлерди көрүңүз (30)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG