Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:20

Коопсуздук кызматынын кооптондурган таасири


Абдил Сегизбаев жана Алмазбек Атамбаев.
Абдил Сегизбаев жана Алмазбек Атамбаев.

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин акыркы билдирүүлөрү катуу сынга кабылууда.

Мамлекеттин атайын кызматы өлкөнүн коопсуздугу үчүн кам көрүп жатабы же саясий атаандаштарды сындырып, бийликти бекемдөөнүн куралы болдубу? Бул орган өз милдетин канткенде так аткарат, аны реформалоо керекпи?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев жана Кыргызстандын коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Марат Иманкулов катышты.

“Азаттык”: Марат мырза, 2016-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ал кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованы Белиз мамлекетиндеги офшордук компанияга 50 миллион долларды чыгарууга аракет кылышкан деп катуу күнөөлөп, коомчулуктун бүйүрүн кызытканы эсибизде. Улуттук коопсуздук комитетинин бүгүнкү жетекчилиги Белизден үч депутатка байланыштуу расмий документ келбегенин ырастоодо. Деги бул фактыларды кандай кабылдап, кандай бааласак болот?

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Марат Иманкулов: “Ата Мекен” фракциясынын парламенттеги жыйынында УКМКнын өкүлү “Белизден расмий кат келген эмес, катталган да эмес” деди. Сегизбаев болсо “Азаттыкка” берген маегинде “ыкчам маалыматтарга таянгам” деп жатат.

Биз, эксперттер, ушул окуя чыкканда эле “кезектеги чагым” деп айтып чыкканбыз. Текебаевге байланыштуу биринчи чоң чагым 2006-жылы “Матрешкагейт” деген ат менен болгон. Кийин аныгын билинип турса да уюштургандар жазасыз калышкан. “Белизгейт” ошондой эле максатта уюштурулган экинчи чоң чагым болду.

Кыргызда “кыңыр иш кырк жылда” деген кеп бар. Кырк эмес, бир жылдан кийин эле ашкере болуп калды. Мен Сегизбаевди “кылган ишинен жыйынтык чыгара албаган дилетант” деп сындап келатам, бул окуя ошонун натыйжасы болду. Ал Улуттук коопсуздук кызматын, бүтүндөй мамлекетти уят кылууда.

Сегизбаев комитетти эки жарым жыл башкарса да ички нормативдик документтер кандай болорун билбегенин көргөздү. Оперативдүү-ыкчам маалыматты далилдегенге чейин коомчулукка чыгарбай турууну билбейт экен.

“Азаттык”: Мүмкүн атайын максат менен жарыялашты?

Марат Иманкулов: Макул, жарыялашты, аягы эмне болду? Мамлекет, президент, Жогорку Кеңеш, комитеттин өзү – баары шерменде болушту. Ыкчам маалымат кылмыштын белгилерин табыш үчүн гана пайдаланылат. Аны кылмыш иштеринин папкесине, соттук иштерге тиркей албайсың. Тиркеш үчүн аны легалдаштырыш керек, легалдаштырыш үчүн ачык-айрым фактылар менен далилдеш керек. Ошондо гана коомчулукка алып чыкса болмок. Эгер бул иш боюнча соттошуп кала турган болсо “ыкчам маалыматты далилдегенге чейин ачыкка чыгарып жибергени үчүн” деген жоопкерчилик каралат.

“Азаттык”: Абдывахап мырза, убагында жалпы коомчулук үчүн “Белизгейт” маселесинде кылмышка караганда, саясий боегу көп экендиги көрүнүп турса Жогорку Кеңеш өзүнүн принципиалдуу позициясын көрсөтө алган жок, саясий жетекчиликтин жетегинде калган деген сын пикирлер айтылган. Бул иште Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги канчалык?

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

Абдывахап Нурбаев: Бул окуя болгондо Жогорку Кеңеш башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын чакырып укканбыз, талдаганбыз. Алардын жообу “биз тактап жатабыз, аягына чыга элекпиз” болгон. Мыйзам боюнча УКМКнын ишин Башкы прокуратура көзөмөлдөйт, Жогорку Кеңеш алардын отчетторун угат. Биз “Белизгейт” маселесинин мыйзамдуулугун карагыла деп тапшырма бергенбиз. Бирок, ошондо эле бул маселеде саясий боёгу бар экени билинген, ошол жол менен кетип жаткан. “Кара пиардын өмүрү кыска болот” деп депутат Жанар Акаев катуу айтып чыккан.

“Азаттык”: Марат мырза, Сегизбаев “эгер биз андай чара көрбөгөндө азыр кырдаал башкача болмок” деп жатат, аны сиз кандай түшүндүңүз?

Марат Иманкулов: Сегизбаевдин бул билдирүүсү - коомчулукту кезектеги коркутуп-үркүтүү. Эч нерсе болмок эмес. "Өздөрү чагым салып, тополоң уюштурмак беле?" деген суроо туулат.

Мен Сегизбаевдин жообунан “кичинекейин эле жасагам, андан да чоңун жасамакмын” дегенди түшүнүп жатам. Аягында өзү эле эмес, бийликтин баарын шерменде кылды. Эл арасында “булар чагымдын артынан чагым уюштура берет турбайбы” деп комитетке болгон ишеним жоголуп жатпайбы. "Жөнөкөй адамды каалагандай жазалай берет турбайбы" деген пикир калыптанууда.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Коопсуздук кызматынын кооптондурган таасири (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:11 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG