Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Сооронкулова: Бийлик менен кызматташпайм


Клара Сооронкулова, шайлоо алдындагы теледебат учурунда тартылган сүрөт.
Клара Сооронкулова, шайлоо алдындагы теледебат учурунда тартылган сүрөт.

Клара Сооронкулова Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн Жогорку сотко даттанат.

23-январда Бишкектин Административдик соту президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин бири, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы арызын канааттандыруудан баш тарткан.

Сооронкулова сотко БШКнын «Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасын аныктоо жөнүндө» токтомун мыйзамсыз деп табууну суранып кайрылган.

Анын айтымында, БШК Садыр Жапаровдун соттуулугу болгондуктан аны өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка талапкер катары каттабашы керек эле жана Жогорку соттун чечими кайра кароого жатпайт болчу.

Ал эми Садыр Жапаров шайлоодогу атаандаштары менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Сооронкулова сот иши тууралуу “Азаттыкка” учкай маек курду.

Сооронкулова: 26-январда апелляциялык арыз менен Жогорку сотко кайрылабыз. Мыйзам боюнча үч күн аралыгында доо арыз тапшырылууга тийиш. Бишкек шаарынын админстративдик сотунун чечиминде биздин жүйөлөр четке кагылды жана шайлоону таануу боюнча БШКнын токтомун мыйзамдуу деп тапты. Ал эми биздин жүйөлөрдү толук изилдеген жок.

- Эмнеге?

-Биздин негизги талапка ылайык, Садыр Жапаровдун соттуулугу болгондуктан БШК аны өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка талапкер катары каттабашы керек эле жана Жогорку соттун чечими кайра кароого жатпайт болчу. Муну БШК толук кандуу текшерген жок деп жазганбыз. Бул каралган жок сотто.

Дагы айта кетчү жагдай, 6-январда, президенттик шайлоого төрт күн калганда Жогорку сот чечимдерин жарыялаган базага бир чечимди жарыялап коюшуптур. Ал чечим мурда жок эле. Биз Жогорку соттун чечими кайра кароого жатпай турганын айтып чыккандан кийин алар ушул кадамга барды окшойт.

- Ал кандай чечим?

- Жогорку Кеңеш Курманкул Зулушевге карата токтом чыгарган экен, “өз учурунда ал жумуштан мыйзамсыз алынган” деп. Биринчиден, Жогорку Кеңештин андай токтом чыгарууга акысы жок, себеби ал кишини парламент эмес, президент кызматтан алган. Мындай жагдайда соттук териштирүү жүргүзүлүүгө тийиш. Муну “жаңы ачылган жагдай” деп мүнөздөшүптур. Жаңы ачылган жагдай болгон күндө дагы анын Садыр Жапаровго байланышы жок, каралышы мүмкүн эмес. Ал эми биз мыйзамсыз деп айткан сот өкүмүнө ушунун байланышы бар деп жатат. Андай болбойт.

- Жогорку сотто аргументтериңиздин корголушуна жана талабыңыздын аткарылышына ишеним барбы?

- Менде андай ишеним жок. Себеби, укуктук жактан алганда бул абдан чатак маселе. Садыр Жапаровдун мыйзамсыз акталып, президенттикке талапкер катары мыйзамсыз катталганы жана шайланганы эртеби-кечпи ачыкка чыгат. Ошондо мыйзамсыз чечим кабыл алган судьялар сөзсүз жоопко тартылышы керек. Буга укуктук-саясий баа бере турган учур келет.

- 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Жапаров шайлоочулардын 80% жакын добушун алып, жеңишке жеткенин БШК 21-январда расмий жарыялады. 28-январга инаугурация болот жана ал кызматка киришет. Шайлоонун эртеси Жапаров аны менен кошо ат салышкан атаандаштарынын саясий салмагын, кадыр-баркын, тажрыйбасын жогору баалай турганын айтып, аларды кызматташууга чакырган. Сизге кызматташуу сунушталса, кабыл аласызбы?

- Жок, мен андай сунушту кабыл албайм. Анткени, азыркы күндө Жапаров “мыйзамсыз шайланды” деп сотто талашып жатпаймынбы. Андыктан, бул бийлик менен кызматташууга барбайм.

XS
SM
MD
LG