Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

Садыр Жапаров: Мамлекетти досторго, шопурларга, жардамчыларга жана туугандарга башкартпайм (видео)


Садыр Жапаров Бишкектеги басма сөз жыйынында. 10-январь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров Бишкектеги басма сөз жыйынында. 10-январь, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) соңку маалыматы боюнча 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаров журналисттерге өткөрүлгөн маалымат жыйында суроолорго жооп берип жатып, мамлекеттик башкарууга тууган-урук, жакын санаалаштарынан эч кимди кийлигиштирбей турганын билдирди.

"Мурдагы президенттердин бирөөсү 15 жыл иштеди. Биринчи беш жарым жылдык ишин жакшы иштеди. Андан кийин айлана-чөйрөсүндөгүлөргө ушундай бир таасирге кирип кеткен. Аны баары билет, анализдеп турат. Экинчи президент да 2-3 жыл жакшы иштеп, андан кийин айлана-чөйрөсүндөгү жакын адамдарына башкартып жиберди. Андан кийинки президентибиз да жардамчыларына, айдоочуларына башкартып жиберген учурлар болгон. Бирок, менде андай катачылыктар болбойт. Анткени, биз тарыхтан сабак алган адамдарбыз. Кудай буйруса, мамлекетти канча жыл башкара турган болсом, ошончо жыл өзүм гана башкарам. Досторго, шопурларга, жардамчыларга жана туугандарга башкартпайм",- деди Садыр Жапаров.

БШКнын билдирүүсүндө, 23:00гө карата добушканалардын 98% автоматтык эсептөө үкөктөрдүн маалыматтары келип түштү.

Баштапкы жыйынтык боюнча шайлоодо добуштардын 79,16% Садыр Жапаров алып, алдыга чыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG