Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Садыр Жапаров: Сөз эркиндигин сөзсүз түрдө коргойм


Садыр Жапаров басма сөз жыйынында. 10-январь, 2021-жыл. Бишкек.
Садыр Жапаров басма сөз жыйынында. 10-январь, 2021-жыл. Бишкек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) соңку маалыматы боюнча 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо добуштардын 79,2% алып, алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаров журналисттер үчүн өткөрүлгөн басма сөз жыйынында сөз эркиндиги боюнча суроолорго жооп берди.

Басма сөз жыйынында айрым журналисттер Жапаровдун сөз эркиндигине карата мамилесине кызыгышты. «Сын айткан маалымат каражаттарын кысымга албайсызбы?» деген суроого талапкер: «Жок, андай болбойт» деп жооп кайтарды.

«Сөз эркиндигин толук коргоого мен өзүм да ынтызармын. Сөзсүз түрдө коргойм. Эгерде сиздерге кандайдыр бир куугунтук болуп аткан болсо болушам. Бирок мен сиздерден көптөн-көп суранам. Менин сөзүм болобу же башка саясатчыбы, өкмөт мүчөлөрүбү, сөздөрүн кыркып алып, өзүңөрдүн комментарийиңер менен башка жакка сүйрөбөй, эки тараптуу кылып калыс пикириңиздерди жазып турсаңыздар, анда эч кандай куугунтук да болбойт. Сиздерден да жоопкерчиликти суранат элем. Калыс алып барыш керек».

Садыр Жапаров сөз эркиндигин коргоого убада берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:25 0:00

Садыр Жапаров «Азаттыкка» интервью келип, суроолорго жооп берүүгө даяр экенин айтты.

БШКнын акыркы маалыматына караганда, кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга шайлоочулардын 38,70% катышты. Бул эсеп саат 21:50гө карата чыгарылган.

Добуш берүүгө акылуу кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

Автоматтык санактагы жыйынтыгы саат 22:00гө карата төмөнкүчө эсептелди:

Садыр Жапаров - 79,24%;

Адахан Мадумаров - 6,71%;

Бабыржан Төлбаев - 2,35%;

Мыктыбек Арстанбек - 1.67%;

Абдил Сегизбаев - 1.46%;

Имамидин Ташов - 1.19%;

Клара Сооронкулова - 0.99%;

Аймен Касенов - 0.91%;

Улукбек Кочкоров - 0.68%;

Канатбек Исаев - 0.58%;

Бактыбек Калмаматов - 0.50%;

Курсан Асанов - 0.50%;

Элдар Абакиров - 0.50%;

Равшан Жээнбеков - 0.19%;

Каныбек Иманалиев - 0.18%;

Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%;

Арстанбек Абдылдаев - 0.08%;

Баарына каршы - 1,34%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумдун автоматтык санактагы жыйынтыгы төмөнкүчө:

- Президенттик башкарууну колдогондор - 81,27%;

- Парламенттик башкарууну жактагандар - 10,82%;

- Экөөнө тең каршылар - 4,42%.

Бул сандар улам жаңыланууда. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, электрондук үкөктөгү добуштардын 96% көбү саналды. Кошумча кол менен санай турган бюллетендер да бар. (NT)

XS
SM
MD
LG