Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Мадумаров: Президенттик шайлоо реалдуулуктан өтө алыс өттү (видео)


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров 10-январдагы президенттик шайлоо менен референдумдун жыйынтыктары тууралуу өз оюн билдирди. Ал шайлоонун алдын-ала чыккан жыйынтыгына карата: «Бул шайлоо реалдуулуктан өтө алыс. Биз мыйзамдуулук үчүн күрөшөбүз. Башка талапкерлер менен кезигип, алар менен бирге бир чечимге келебиз. Бир талапкерге 700 миңдей адамдын добуш бериши чындыкка жатпайт. Мен митинг аркылуу укугумду коргобойм, мыйзамдуу жол менен гана чындыкка жетем», - деди.

Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумдун жыйынтыгын талапкер Мадумаров «жомок» деп атап, «бул бийликтин аягы жаман болот, элдин каргышына калат», деди.

Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыялана баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%;

Бабыржан Төлбаев - 2,31%;

Мыктыбек Арстанбек - 1.66%;

Абдил Сегизбаев - 1.46%;

Имамидин Ташов - 1.19%;

Клара Сооронкулова - 0.98%;

Аймен Касенов - 0.91%;

Улукбек Кочкоров - 0.69%;

Канатбек Исаев - 0.57%;

Бактыбек Калмаматов - 0.50%;

Курсан Асанов - 0.50%;

Элдар Абакиров - 0.50%;

Равшан Жээнбеков - 0.19%;

Каныбек Иманалиев - 0.16%;

Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%;

Арстанбек Абдылдаев - 0.08%;

Баарына каршы - 1,32%.


Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумду президенттик башкарууну колдогондор көп - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

Президенттик кезексиз шайлоодо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берчү кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Саат 18:00гө карата алардын 33% көбү катышты.

Референдумга:

- президенттик;
- парламенттик;
- баарына каршы деген варианттар коюлган.

Шайлоо бюллетенине президенттик кызмат үчүн жарышка чыккан 18 талапкер катталган. Алардын ичинен Рашид Тагаев талапкердиктен өз каалоосу менен баш тарткан. (BCh)

XS
SM
MD
LG