Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Деңизге кулап түшкөн индонезиялык учактын «кара кутусунун» сигналы кармалды


Индонезиялык суучулдар учактын калдыгын Ява деңизинде 25 метр тереңдиктен табышты. 2021-жылдын 10-январы.
Индонезиялык суучулдар учактын калдыгын Ява деңизинде 25 метр тереңдиктен табышты. 2021-жылдын 10-январы.

Индонезия бийлик өкүлдөрүнүн 10-январдагы айтымында, Жакартадан учуп чыгып, деңизге кулап түшкөн «Sriwijaya Air» аба компаниясынын жүргүнчү учагынын «кара кутусунун» сигналдарын кармоого мүмкүн болду. Учакта 62 киши (анын ичинде 50 жүргүнчү, 12 экипаж мүчөсү) болгон. Бул «Boeing 737-500» жүргүнчү учагы 9-январда Жакартадан Калимантанга карай көкөлөп чыга берип, төрт мүнөттөн соң радардан көрүнбөй калган жана кыйроого учураган.

Аскердик суучулдар учактын калдыгын Ява деңизинде 25 метр тереңдиктен табышкан.

Куралдуу күчтөрдүн башчысы Хади Тяжанто учактын «кара кутусун» тез арада деңиз тереңдигинен алып чыга турганын айтты. Бул кутудагы маалымат ири кырсыктын себебин аныктоодо олуттуу жардам бермекчи.

Бул деңиз мейкиндигиндеги сактап калуу аракеттеринин натыйжасында, набыт болгондордун айрымдарынын сөөктөрүнүн бөлүктөрү жана башка заттар кургактыкка алынып чыкты.

Аба каттамдары тууралуу маалыматтарды чогулткан «FlightRadar24» кызматынын маалыматы боюнча, бул учак болжол менен 3,350 метр бийиктикке жеткен соң, бир мүнөт ичинде эле төмөндү карай 3000 метрден көбүрөөк аралыкка шукшурулуп түшкөн.

Жоромолдорго караганда, аба ырайынын начарлашынын айынан учкучтар адашып калышы да болушу ыктымал.

2018-жылы «Лайон Эйр» (Lion Air) аба жолдору компаниясынын «Boeing 737 Max 8» учагы кыйроого учурап, 189 киши набыт болгон. Быйылкы 9-январдагы кыйроо Индонезиядагы ошол окуядан кийинки экинчи ири кырсык болуп калды. (TT)

XS
SM
MD
LG