Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Индонезияда жүргүнчү учагы кыйроого учурап, 60тай киши кырсыктады


Индонезиянын "Sriwijaya Air" аба жолдору компаниясынын учагы. 2017-жылдын 23-марты.
Индонезиянын "Sriwijaya Air" аба жолдору компаниясынын учагы. 2017-жылдын 23-марты.

Индонезиянын “Sriwijaya Air” аба жолдору компаниясынын Boeing-737 жүргүнчү учагы 9-январда Жакарта шаарынын аба майданынан учуп чыккан соң, деңизге кулап түштү.

Бортто 50 киши (53 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү) болгон деп алдын ала маалымдалган эле. Башка бир кабарга караганда, анда 50 жүргүнчү, 12 экипаж мүчөсү болгон.


Аба каттамдары тууралуу маалыматтарды чогулткан “FlightRadar24” кызматынын маалымдашынча, бул учак бир мүнөт ичинде эле 3 миң метрден көбүрөөк аралыкка төмөндү карай шукшурулуп түшкөн.

Учактын кыйроого дуушарлангандыгы жөнүндө Индонезиянын транспорт министри Буди Кариа Сумал тастыктады. Болжолдуу суу мейкиндигинде издөө иштери улантылууда. Деңизде суучулдар тарабынан кандайдыр-бир сыныктар табылды, бирок ал сыныктар ушул учакка таандык экендиги азырынча белгисиз.

Жүргүнчү учак Жакарта шаарындагы Сукарно-Хатта аба майданына Борнео аралындагы Понтианак шаарына учуп чыккан болчу.

Кулап түшкөн учак 26 жылдан бери жүргүнчүлөрдү тейлеп жүргөн. 2012-жылга чейин аны америкалык “Юнайтед” жана “Континентал” аба жолдору компаниялары колдонуп келишкен. (TT)

XS
SM
MD
LG