Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:26

Мамлекеттер аралык авиациялык комитет 38 адамдын өмүрүн алган авиакырсыктын себептерин иликтөөгө киришти.

«Боинг-747» учагынын Дача конушуна кулашын иликтөөчү техникалык комиссиянын курамына Түркиянын, АКШнын жана Кыргызстандын адистери кирген.

Жергиликтүү адистердин алдын ала божомолу боюнча, учак кулап түшүп, үйлөрдү кыйратууга учкучтардын жаңылыштыгы себеп болушу мүмкүн. Мындан сырткары коюу туманда учакты кондурууга көмөктөшүүчү борттук же аэродромдук жабдуулардын бири иштен чыгышы көзөмөлдү жоготууга алып келиши мүмкүн экени болжолдонууда.

Үй үстүнө кулаган учак

Түркияда катталган MyCargo компаниясына таандык “Боинг-747” үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча учкан. Аны “Түрк аба жолдору” компаниясы жүк ташууга убактылуу жалдаган. Ал учак “Манас” аба майданынан күйүүчү май куюп, тыным алган соң кайра Стамбулга учууга тийиш эле. Бирок авиакомпаниянын Стамбулдагы өкүлү учакта жетиштүү май болгонун, ал “Манас” аба майданына жүк таштоо үчүн конууга баратканда кырсыкка учураганын "Азаттыкка" телефон аркылуу кабарлады.

Учак жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 1:10до Гонконгдон Бишкекке учуп чыккан. Ал 16-январь күнү таңкы саат алтыдан кырк бир мүнөт өткөндө Кыргызстандын аба мейкиндигине кирген. Экипаж алдын ала эсеп боюнча саат 7:20да аны аба майданга учакты кондурмак.

Экипаж таңкы саат 7:16да конууга уруксат сурап, акыркы ирет байланышка чыгып, ошол бойдон диспетчерге жооп берген эмес. Учак болжол менен саат 7:17де учуп-конуу тилкесинин чегинен чыгып, аба майдандын ары жагындагы Дача СУ айылына кулап түшкөн.

Өкмөттүк комиссиянын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Мухаметкалый Абулгазиев адистердин алдын ала маалыматына таянып, учактын кулап түшүү себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Эреже боюнча диспетчер уруксат бергенден кийин экипаж учакты кандай кондурат, ал өзүнүн иши. Бул учакка чейин түнкү рейстерден он бир учак кадимкидей эле конгон. Биздин адистер бул жерде экипаждын өзүнүн гана күнөөсү болуп калды деп айтып жатышат. Ошол учурда бир аз туман болуп, анан ал учак тилкеден өтүп барып, анан Дача айылына кулап түшкөн. Бул экипаж өзү буга чейин үч-төрт жолу учуп келип, кадимкидей эле рейстерди аткарып жүргөн. Демек, биздин аба майдандын шарттарын жакшы эле өздөштүрүшкөн.

Жөө тумандын “жөргөмүш желеси”

“Боинг-747” учагынын экипажы диспетчер менен байланыш учурунда борттогу кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу кабар берген эмес. Ошол эле кезде жердеги диспетчерлер аба ырайынын абалы тууралуу учактын экипажына төрт ирет маалымат бергени катталган. Аба майдандын аймагындагы тумандын деңгээли экипажга эскертилип турган. Адистердин айтуусунда, аба ырайынын мындай абалы адатта учакты кондурууга татаал шарт катары эсептелинет. Бирок экипаж бортту кондуруу чечимин кабыл алып, кыйроого алып келген тобокелдикке барган сыяктуу.

“Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын жетекчи орун басары Карим Бутабаев учак бир канча убакыт бою коно албай абада айланып турган деген божомолду төгүндөдү:

- Учак негизинен күтүү тилкесине кирип, коно албай абада айланып турган эмес. Ал тез эле аба майданга конуу боюнча чечим кабыл алган. Анткени Гонконгдон чыккан ал учак абада алты сааттан ашуун учуп келген. Ошондуктан экипажды тилкени көрүү мүмкүнчүлүгү канааттандыргандыктан, алар учакты кондура берүүнү чечишкен. Учак коно баштаганда тилкенин көрүнүшү анын башталышында 400 метрди, ортосунда 325 метрди жана аягында 400 метрди түзгөн. Тилкеге кирүүдөгү көрүү мүмкүнчүлүгүнүн минималдуу чеги 300 метр. Демек, учакта конуу тилкесин көрүү мүмкүнчүлүгү толук бар болчу.

Учактын кыйроо себептери: негизги божомолдор

“Боинг-747” – ишенимдүү жана заманбап үлгүдөгү жүк ташуучу учактардын түрүнө кирет. Ал бортуна 100 тоннадан ашуун жүк көтөрүп, учууга жөндөмдүү. Кыйроого учураган учактын бортунда Гонконгдон Стамбулга ташылып бараткан 85 тоннанын тегерегиндеги жүк болгону белгилүү болду.

Адистердин айтымында, учкучтар учакты ылдыйлатып, бирок туура эмес алынган мерчемден улам, жерге катуу тийип, кагышууну алдын алуу үчүн экипаж кайра экинчи айлампага көтөрүлгөн болушу мүмкүн. Адистер бул учурда учак чукулунан бурулган жагдайда борттун ичиндеги оор жүк ордунан козголуп, авиалайнер өзүнүн тең салмактуулугун жоготуп, башкаруу көзөмөлдөн чыгышы мүмкүн деген тыянакка келишүүдө. Ошондой эле учакты кондура турган борттук же аэродромдук жабдуулар иштен чыгып же аны башкарууда экипаж жаңылыштык кетириши мүмкүн деген божомолдор да бар. Орусиялык авиация боюнча адис Юрий Сытников “RenTV” телеканалына минтип комментарий берди:

- Суук аба ырайы, коюу туман, жигиттердин таңга маал чарчаган абалда болгону жана алардын түнү бою кабинада отурганы, конууну ишке ашыруудагы кошкөңүлдүк жана алдын ала эсептен ылдыйлоо – мына ошолордун бардыгы учактын тилкеге коно албай, чектен ашып кетип, айыл үстүнө кулап түшүүсүнө себеп болушу мүмкүн.

Кыйроого учураган учактын экипажынын мүчөлөрүнүн бардыгы Түркиянын жарандары. Борттун командири Ибрагим Гюржан Диранжи менен Казым Өндүл тажрыйбалуу учкуч катары таанылган. Булардан сырткары учакта техник Мелих Ослан менен жүк ташуучу адис Ихсан Кожа болгон.

Экинчи учкуч Казым Ондул бригадалык генерал, аскер учкучу катары Ооганстанда кызмат өтөгөн. Аба кемесинин командири Ибрагим Диранжи дагы Ооганстанда кызмат өтөп, абада эки ирет өмүрү коркунучка кептелген жайы бар. Бирок ал экөөндө тең учакты ийгиликтүү кондурган. Биринде учакты жерге кондурууда анын сол жак шассисинин кармоочу жулунуп кетип, учкучтар оң жагы менен гана учакты кондурушкан. Экинчи жолкусунда учактын кыймылдаткычтарынын бири иштебей калган. Бирок ага карабастан капитан аба кемесин авариялык абалда кондурган. Үчүнчү жолку авариялык кырдаалды жөнгө салууда түркиялык капитандын жолу болбоду. Учак он жети үйдү түп орду менен түздөп, экипаждын төрт мүчөсүнөн сырткары андагы 34 адамдын өмүрү кыйылды.

Орусиялык эксперт-авиатор Виктор Саженин авиакырсыкка себеп болгон жагдай тууралуу мындай дейт:

- Бул жерде авиакырсыкка эки нерсе себеп болушу мүмкүн. Биринчиси - учкучтар учакты кол менен кондурабыз деп, бирок аны кайра башкара албай калышкан. Экинчиси - учак оор жүгү менен болгондуктан авиалайнер экинчи айлампага көтөрүлүп жатканда же чукулунан бурулганда, ичиндеги жүктөр башка бир тарапка ооп кетип, тең салмактуулук бузулган болушу мүмкүн.

Кечиккен куткаруу чаралары

Тилкеге конууга ылдыйлап түшүп бараткан учактын экипажы байланышка жооп бербей, андан соң анын учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аба майдандын ары жагындагы айылдагы үйлөрдү сүрүп барып, жалбырттаган от менен токтогону тууралуу кабар келген. “Манас” аба майданында мына ошол убакта гана “айгай” жарыяланып, таңкы жети жарымда тиешелүү кызматтар учак кулап, күйүп жаткан аймакка жөнөшкөн.

Учактын кулаганы тууралуу аэропорт жетекчилиги эмес, жөнөкөй бир жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чалып жатышат. Ошол учурда аэропорт жетекчилиги каякты карап турган?
Адыл Жунус уулу

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Адыл Жунус уулу учак айылдын үстүнө кулап түшүп, өрттөнгөн учурдагы куткаруу чараларынын чабалдыгын сынга алды:

- Мени өкүнткөнү - биздин аэропорт жетекчилигинин шалаакылыгы да. Учактын кулаганы тууралуу аэропорт жетекчилиги эмес, жөнөкөй бир жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чалып жатышат. Ошол учурда аэропорт жетекчилиги каякты карап турган? Эмнеге алар коңгуроо кагып, тиешелүү кызматтарын тик көтөрүп, адамдарды куткаруу боюнча чукул чараларды көрө алган жок? Авиакырсыктан көз жумгандардын көпчүлүгү урандыда калгандан тышкары күйүп кетиптир деп жатышат. Көпчүлүгү өрттөнүп, айрымдары андагы газдан ууланган деген маалыматтар бар. Эгерде тиешелүү кызматтар тез арада жетип барганда, аларды кырсыктан сактап калса болот беле? Биз ал жакка барганда жергиликтүү тургундар жалбырттаган өрттөн улам кыйраган үйлөрдүн жанына бара албай турушканын, өрт өчүрүү кызматы жарым сааттан кийин гана барганын айтышты.

Ошол эле кезде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учактын айылдын үстүнө кулап түшүп, кыйрашына байланыштуу маалымат аэропорттун жетекчилигинен эмес, жайкын жарандардан алынганын ырастады. Аба майдандагы чукул кырдаал боюнча маалымат жетери менен министрликтин куткаруу кызматтары ишке киришкени белгиленди. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков мына буларга токтолду:

- Таңкы саат 7-25 мүнөт өткөндө биздин 112 кызматыбызга Владимир Лушенко деген жаран, андан соң Турдалиева Мээрим аттуу жарандар чалып, айылга учак кулап түшкөнүн жана ал күйүп жатканын билдиришкен. Биз бул маалыматты токтоосуз түрдө жетекчиликке билдирип, кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору бардык мекемелердин жетекчиликтерине билдирүү жөнөткөн. Өрт өчүрүүчүлөр жарым саатка жетип-жетпей барып калышкан. Эрте мененки 9:54 өрттүн таралышы чектөөгө алынып, 12:30 да ошол жердеги өрт толугу менен өчүрүлдү.

Иликтөөдөн “илинчек” табыла элек

Учак кыйроого учураган аймак ички иштер органдарынын жана улуттук гвардиянын өздүк курамы тарабынан курчоого алынып, адистер андагы жагдайды изилдеп чыгышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча учактын айылдын үстүнө кулап түшүүсү террордук акты менен байланыштуу эмес. Ошол эле кезде 38 адамдын өмүрүн алган бул авиакырсык боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрүнөн турган тергөө тобу түзүлүп, кыйроонун себептерин иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

16-январ, Дача айылы
16-январ, Дача айылы

Издөө учурунда окуя болгон жерден учактын эки “кара кутусу” табылган. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди:

- Кабар келгенде эле Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, Чүй облустук, Сокулук райондук ички иштер органдарынын өздүк курамы окуя болгон жерге жөнөгөн. Азыркы учурга чейин окуя болгон жерде ички иштер органдарынын 525 кызматкери иштеп жатат. Атайын ыкчам иликтеп-тергөө тобу түзүлүп, окуя болгон жерде тиешелүү иш-чараларды жүргүзө башташты. Тергөө тобунда 36 тергөөчү иш алып барып жатат. Изилдөө иштеринин жүрүшүндө окуя болгон жерден жана учактын калдыктарынын арасынан жардыруучу заттар табылган жок. Учактын “кара кутусу” табылып, башкы тергөө башкармалыгында эл аралык комиссиянын келишин күтүп турат.

17-январь күнү кечинде Эл аралык авиациялык комитеттин алты мүчөсү Москвадан Кыргызстанга учуп келди. Ошондой эле “Боинг-747” учагын өндүрүштөн чыгарган заводдун эки өкүлү жана авиакырсыктарды иликтөө агенттигинин төрт адиси – бардыгы болуп алты адам АКШдан келди. Мындан сырткары Түркиядан алты адам учуп келди. Алардын экөө MyCargo компаниясынын, төртөө болсо Транспорт министрлигинин өкүлдөрү.

Кыргызстандын транспорт министри Жамшитбек Калилов окуя болгон жерде эл аралык комиссия ишке киришкенин айтып, жарандык авиация, аэронавигация жана аэропорттун кызматкерлери комиссиянын ишине тартылганын белгиледи. Бул комиссия кеңири масштабда иш алып бара турганын айткан министр, анын иши качан жыйынтыктала турганы белгисиз экенин билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG