Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

ACT өкүлү: кыйраган учак "Манаска” жүк түшүрмөк


Учак кыйраган жерде, 16.01.2017
Учак кыйраган жерде, 16.01.2017

16-январда Бишкектин сыртында кыйраган АСТ авиакомпаниясынын учагы "Манас" аэропортуна жүк түшүргөнү келгенин Стамбулдагы авиакомпаниянын өкүлү “Азаттык” радиосуна 18-январда билдирди:

- ​Учакта жетиштүү күйүүчү май бар эле. Кандайдыр бир маселе жок болчу. Учагыбыз ансыз деле Бишкекке сапар алган. Бара турган маршрут Бишкек болчу. Ал жакка барды. Ооба, жүк түшүрүү үчүн барган. Жүктүн ичинде эч кандай коркунучтуу нерсе жок болчу.

Буга чейин өкмөттүн биринчи вице-премьер министри Мухамметкалый Абылгазиев түркиялык учак “Манас” аэропортуна май куюу үчүн гана конуу максатын көздөгөн деп ырастаган болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов дагы соңку маалыматка байланыштуу "Азаттыкка" учак Бишкекке күйүүчү май куюу үчүн келатканы айтылганын, жүк түшүрөт деген маалыматты биринчи жолу укканын билдирди. Министр эки версияны тең расмий түрдө тастыктай албастыгын кошумчалады:

- Тигинисин да, мунусун да тастыктай албайм. Расмий түрдө менде андай маалымат жок. Мен билгенден бир эле нерсе - учак аэропортко келип конуу үчүн келатканын мен тастыктайм. Эмне үчүн келип конуп жатканы тууралуу менде маалымат жок. Күйүүчү май куюуга деп айтылган.​

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жаңы маалыматтан улам парламентте комиссия түзүү аракети көрүлөрүн "Азаттыкка" айтты.

АСТ авиакомпаниясынын 18-январдагы кагаз жүзүндөгү билдирүүсүндө айтылгандай, компания Кыргызстанда кыйраган Боинг 747-400 сыяктуу учактары менен Бишкектин башкы аба майданына буга чейин 52 ирет каттаган.

Компания ошондой эле өз билдирүүсүндө учагы конууга бирден көп ирет аракет жасаган деген маалыматты четке какты. Ошондой эле билдирүүдө каттамды эки гана учкуч аткарганы көрсөтүлүп, ​"Гонконг-Бишкек алты сааттык сапар жана [алты сааттык] иш мөөнөтүнө байланыштуу кошумча пилотко муктаждык жок" деп түшүндүрүлөт.

Гонконгдон учуп чыккан Боинг-747-400 жүк учагы Бишкектин “Манас” аэропортуна жакын Дача - СУ конушуна 16-январда таңга жуук кулаган. Бул окуяда каза тапкандардын саны бүгүнкү күнгө карата 38 киши экени аныкталды. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. Көз жумгандар арасында жаш балдар да бар.

18-январда Кыргызстанда кыйраган түркиялык учактын экинчи "кара кутусу" табылганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Кыйраган учактын биринчи "кара кутусу" 17-январда табылган эле. "Кара кутулар" учактын кырсык себептерин аныктоодогу эң маанилүү жабдуусу.

XS
SM
MD
LG