Үрөйдү учурган учак кырсыгы
Бүгүн, 16-январда эртең менен жети жарымдар чамасында түркиялык компанияга таандык "Боинг-747" үлгүсүндөгү жүк учагы Бишкектин түндүк тарабындагы "Манас" аба бекетинин жанына кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Суу аймагынын жанында, "Манас" аэропортунан анча алыс эмес жерде болду. "Манас" аба бекети Бишкектен 30 чакырым түндүктө жайгашкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, авиакырсыкта мерт кеткендер саны отуздан ашты. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы кыргызстандыктар. Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылганы кабарланууда. Кырсыкка кабылган учак түркиялык АСТ Havayolları компаниясына таандык болгон.
Чыгарылыштар
-
Август 28, 2026Астана: Илимпоз Корабоев "тыңчылыкка" шектелип кармалды
-
Август 27, 2026Москвадагы өрт: 14 кыздын өмүрүн алган трагедияга он жыл
-
Август 27, 2026"75чилердин иши": Бишкек сотунда күбөлөр суралууда
-
Август 26, 2026"Согушка барасың деп коркутууда". Сахарового түшкөн мигранттар
-
Август 26, 2026“Чачтан алып, бетке койчу". Ошто таяк жеген аял ооруканага түштү