Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Аты баатыр, өзү жакыр аэропорт


"Манас" эл аралык аэропорту.
"Манас" эл аралык аэропорту.

Түркиянын «Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясы "Манас" аэропортундагы коррупциялык иштерге тиешесин жоктугун билдирген кайрылуу таратты.

“Gata havayollari ve tasimacilik” компаниясы тараткан билдирүү төрт баракка жазылган. Анда аталган компанияга карата коомчулукта туура эмес билдирүүлөр тарап жатканы кеңири кеп болот.

Кайрылууда алар эл аралык “Манас” аэропорту менен 2016-жылдан бери кызматташып келе жатканын, атаандаштыкка туруштук берүү үчүн эл аралык практикада колдонулган тарифтер менен жеңилдик алганын түшүндүрүп берген. Компания адилеттикке жетиш үчүн укук коргоо органдарына көмөктөшүүгө даяр экенин да билдирген.

«Биз сыяктуу эле жеңилдик алган башка авиакомпаниялар да "Манас" аэропортунда иштейт. Бирок тергөө бизге гана каршы жүрүп жатат», - деп айтылат кайрылууда.

“Gata havayollari ve tasimacilik” компаниясы “Gata Airlines” деген ат менен таанымал. Алардын маалыматы боюнча компания 2016-жылдан 2020-жылдын ноябрына чейин "Манас" аэропортуна 40 млн. доллар төлөп берген.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Бишкектеги сапары учурунда уюштурулган бизнес-форумда компания менен "Манас" аэропортунун ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык ишкана 50 млн. доллар инвестиция салууга милдеттенме алган. Бирок бул долбоор ишке ашкан эмес.

Былтыр жыл этегинде Башкы прокуратура Транспорт прокуратурасы менен чогуу эл аралык аэропорттогу «Манас Менеджмент Компани» ишканасынын жетекчилиги чет өлкөлүк компанияга жеңилдиктерди мыйзамсыз берип келгенин билдирген эле.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык “Манас Менеджмент Компани” менен чет өлкөлүк “Gata Airlines” компаниясынын ортосунда «Эл аралык каттамдарда жүк ташуу үчүн кызмат көрсөтүү жөнүндө» келишимге кол коюлган. Ага жараша эл аралык каттамдардагы жүктөрдү ташууда жеңилдетилген тариф колдонууга уруксат берилген.

Ал тарифдин алкагында түркиялык компания 1 тонна жүк үчүн 60 доллар төлөп келген. Ошол эле учурда ушундай эле тейлөө кызматын көрсөткөн башка компанияларга 1 тонна жүккө 95 евро тариф каралган.

Натыйжада 2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча «Манас» аэропорту 1 789 726, 68 доллар же 139 598 681 сом өлчөмүндө кирешеден кол жууган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Манас» эл аралык аэропортунун жана «Манас Менеджмент Компанинин» жооптуу кызматкерлеринин аракеттеринде Жазык кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») кылмыштын белгилери бар делип, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бул иштин негизинде 9-февралда «Манас» аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуев, 18-февралда «Манас» эл аралык аэропортунун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев кармалып, эки айга камалышкан.

Андан мурдараак "Манас менеджмент" компаниясынын мурдагы жетекчиси Нурсултан Белеков да кармалып камакка алынган.

Эмир Чукуев “Манас” аэропортунун башкармалыгын 2015-жылдан 2018-жылга чейин жетектеген. Ал Түркиянын «Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясына эл аралык жүк ташуу боюнча жеңилдикти мыйзамсыз берген жана ошонун айынан мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шек саналууда.

Чукуевдин адвокаты Мырсалы Осмонкулов кардарына жолуга албай жатканын айтууда:

«16-февралда Чукуевге жолугуу үчүн Ички иштер министрлигинин Транспорт башкармалыгындагы убактылуу кармоочу жайга бардым. Бирок мени ал жактан жолуктурбай коюшту. Мен иштин жагдайы менен тааныштым. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азыр маалымат бере албайм. Кийинчерээк комментарий беришим мүмкүн».

Учурда бул ишти Ички иштер министрлиги тергеп жатат. Мекеменин өкүлү Адинай Шаршеева тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат айтылбай турганын билдирди.

Былтыр октябрдагы окуялардан кийин депутаттык мандатын тапшырып, “Манас” аэропортуна директор болуп дайындалып, быйыл 9-февралда иштен бошогон Бактыбек Сыдыков жогоруда сөз болуп жаткан коррупциялык схема тууралуу буларды айтты:

Бактыбек Сыдыков.
Бактыбек Сыдыков.

«Бүгүнкү күндө ачыкка чыгып жаткан коррупциялык кылмыш иштерин биз ашкере кылдык. Бардыгына чекит койдук. Азыр ал жакта коррупциялык схемаларга тыюу салынган. Чарбалык иштер болгон бардык жерде жемкорлук боло берет. Аны көзөмөлдөө абзел. Ал эми мени эмнеге иштен алып коюшканын билбейм».

Сыдыков «Манас» аэропортунун президенти болуп 2020-жылдын 21-октябрында дайындалган. Бирок анын бул кызматка келишине каршы болгон аэропорттун жамааты нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ошол кезде өкмөт башчы кызматын аркалап турган Садыр Жапаров Бактыбек Сыдыков кызматтан бир күндөн кийин кетерин айткан болчу.

Кийин Бактыбек Сыдыков Садыр Жапаровдун кабылдамасында болгонун билдирип, анын аэропорт боюнча иш пландарын уккандан кийин 10 күндүн ичинде «Манас» аэропортундагы коррупциялык схемаларды аныктоону тапшырган.

Бактыбек Сыдыков 9-февралда кызматтан кеткен. Учурда “Манас” аэропортун Бакыт Шаршеев жетектеп жатат.

"Манастагы" үй-бүлөлүк бизнес же кызыкчылыктар кагылышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:32 0:00

Бишкектин мурдагы мэри, учурда издөөдө жүргөн Албек Ибраимовго карата да «Манас» эл аралык аэропортундагы коррупцияга байланыштуу дагы бир иш козголгон. Ибраимов «Манас» аэропортун 2013-2015 жылдары башкарып турган.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков аэропорттогу коррупциялык схема тамырлашып кеткен деп эсептейт.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

«“Манас” эл аралык аэропортундагы коррупцияга жогорку кызматтагы мамлекеттик кызматкерлер малынып калган. Ошондуктан ал схеманы жоюш үчүн мамлекет башчынын гана эрки керек. Бул мекемеге буга чейин жетекчи болгондордун мамлекет башчы менен жеке мамилеси болгондуктан укук коргоо органдары батынып текшере албай келген. Азыр деле “Манас” аэропортуна жетекчи болом дегендер көп. Анткени эң майлуу жер. Учурдагы парламент депутаттарынын кимисине бул кызматты сунуштаса ал мандатын тапшырып туруп барууга даяр. Себеби ал жерден бир-эки тендер өткөрүп койсо эле эки жылдык жашооңо жете турган акча топтойт деп угуп жүрөм. “Манас” аэропорту - мамлекеттеги эң чоң коррупциялык аймак».

Жарандык активист Адил Турдукулов “Манас” аэропорту жемкорлуктун торунан чыга албагандыктан эл аралык абройго ээ боло албай жатат деген пикирде:

«Кыргызстан Борбор Азиядагы ачык мамлекет болгондон кийин “Манас” аэропортун регионалдык хаб кылса болот эле. Бирок ал жерде көмүскө кызыкчылыктар басымдуу болуп жаткандыктан бул ишке ашпай келет».

«Манас» мамлекеттик ачык акционердик коомунун курамына Бишкек, Ош, Каракол, Баткен шаарларындагы жана Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы беш эл аралык жана жер-жерлердеги алты аймактык аэропорт кирет.

Расмий маалыматтарга ылайык "Манас" эл аралык аэропорту 2019-жылы 2 млрд. сомдун тегерегинде таза киреше менен чыккан. Мындан мамлекетке канча дивиденд түшкөнү азыр эсептелип бүтө элек. Бирок эгер ушундай эле кирешелүү 2018-жылы салык жана социалдык төлөмдөрдү эске албаганда, мамлекет 640 млн. сом түз дивиденд алган.

XS
SM
MD
LG