Үрөйдү учурган учак кырсыгы
Бүгүн, 16-январда эртең менен жети жарымдар чамасында түркиялык компанияга таандык "Боинг-747" үлгүсүндөгү жүк учагы Бишкектин түндүк тарабындагы "Манас" аба бекетинин жанына кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Суу аймагынын жанында, "Манас" аэропортунан анча алыс эмес жерде болду. "Манас" аба бекети Бишкектен 30 чакырым түндүктө жайгашкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, авиакырсыкта мерт кеткендер саны отуздан ашты. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы кыргызстандыктар. Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылганы кабарланууда. Кырсыкка кабылган учак түркиялык АСТ Havayolları компаниясына таандык болгон.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 25, 2026“Памирдеги кыргыздар менен жашап келдим”
-
Октябрь 24, 2026"Чубак агам менин көз карашымды сыйлачу"
-
Октябрь 23, 2026Украина - АКШ: SpaceX саясий талаштын куралына айланды
-
Октябрь 23, 2026Баткенден жөө чыккан Жолдубаеваны президент кабыл алат
-
Октябрь 22, 2026Индияда “таракандар” партиясы кайра козголду
-
Октябрь 22, 2026"Азаттыкта" талкуу: "Мен Жейн Доу. Зомбулук көргөнүмдү айтам"