Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:28

«Манасты» тышкы башкарууга өткөрүү ниети


Кыргыз өкмөтү «Манас» эл аралык аэропортун тышкы башкарууга берүүгө ниеттенүүдө.

Өлкөнүн башкы аба майданын иштетүүгө чет элдиктердин келиши муктаждыкпы же аргасыздыкпы? Өкмөт бул тармакты өз күчү менен жөндөй албайбы? Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аэропорттордун өнүгүшүнө олуттуу салым кошоруна ишеним барбы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун бөлүм башчысы Улан Данилбеков жана авиация боюнча эксперт Мамат Назаров катышты.

«Азаттык»: - Улан мырза, «Манас» эл аралык аэропортун тышкы башкарууга берүү идеясы кайдан чыкты? Ага кандай негиздер себеп болууда? «Мамлекеттин стратегиялык объектиси чет элдиктердин колуна өтсө кандай болот?» деп кооптонгондон да көп...

Улан Данилбеков.
Улан Данилбеков.

Улан Данилбеков: - Бул долбоор «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамдын негизинде ишке ашат. Анда «мамлекеттик стратегиялык объектилер инвесторлорго сатылат же менчиктештирилет» деген каралган эмес.

Долбоордун негизги максаты - «Манас» аэропортунун инфратүзүмүн өнүктүрүү. Кыргызстан деңизге чыгуучу шарты жок мамлекет болгондуктан авиациялык инфратүзүмдү өркүндөтүү, аэропорттогу тейлөөнүн, кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттыруу зарыл деп эсептейбиз.

Дагы бир маанилүү маселе: «"Манас" аэропорту» ачык акционердик коомунун мамлекетке жана жеке адамдарга тиешелүү акциялары эч кимге берилбейт. Жогоруда айткан мыйзамдын талаптарына ылайык аэропорттун инфратүзүмүн келишимде көрсөтүлгөн деңгээлге жеткиргенден кийин аэропортту башкаруу кайра өкмөткө өткөрүлүп берилет.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк дегендин мааниси эмне? Мамлекеттик маанидеги инфратүзүм маселелерин жеке өнөктөштөр менен кызматташуу аркылуу сапаттуу деңгээлде чечүү десек болот.

«Азаттык»: - Мамат мырза, «Манас» аэропорту дегенде Кыргызстандын бардык аба майдандарын түшүнөбүз. Анын үстүнө киреше берип жаткан мекеме болчу. Чет элдик жеке жактарга берүү канчалык зарыл эле же аргасыздык болдубу?

Мамат Назаров.
Мамат Назаров.

Мамат Назаров: - Кыргыз өкмөт башчысы «"Манас" аэропортунда бүгүн иштеп жаткан үч багыт: менежмент, аны аткарып жаткан команда жана азыркы иштеп жаткан иштөө ыкмасы замандын талабына жооп бербейт, жарабайт» деп Жогорку Кеңеште айтты.

Өкмөттүн бул позициясы бир жагынан аргасыздыктай туюлса, экинчи жагынан аба майданын эл аралык, заманбап деңгээлде өнүктүрүү зарыл болуп турат. Ошол маселени чечүүнү тышкы башкаруучуларга же чет элдиктерге ишене бербей, улуттук кадрларга, адистерге таянып, ошол эле менежментти, иштөө ыкмасын өзгөртүп, өзүбүз эле иштетсек болот. Кыргызстанда эл аралык тажрыйбасы бар, чет элде окуп келген мекендештерибиз толтура. Жаштар эмес, улгайып калса да тажрыйбасы мол кадрларыбыз аз эмес.

Улан Данилбеков: - Кайсы гана мамлекет болбосун, аэропортко байланыштуу долбоор эң ири, маанилүү болуп эсептелет. Биздин максат аэропорттогу тейлөөнүн сапатын жогорку деңгээлге чыгаруу экенин айттым. Кайсы бир бийик деңгээлге чыгарыш үчүн көп каражат талап кылынат. «Бул иште жеке менчик компаниялардан эмне пайда?» деген суроо туулат. Биз үчүн эл аралык деңгээлдеги жеке менчик компаниялардын тажрыйбасын үйрөнүү, колдонуу маанилүү.

Биздин аэропорттордун өнүгүшү дүйнөлүк агымдан артта калбашы керек. Биринчи кезекте кошуна мамлекеттердин артында калып, аэропортубуз чаң басып жата бербеш керек. Ошондуктан биз аэропортту өнүктүрүү стратегиясын абдан терең талдап чечишибиз зарыл.

Биздин коомчулук түшүнө турган маселе ушунда. Азыркы «Манас» аэропортубуздун абалы өтө жакшы эмес, мыкты деп да айта албайбыз. Учурда «Манаска» конуп жаткан учактардын саны биздин керектөөлөрүбүзгө төп келбейт. Мисалы, мен Түштүк Кореядан Алматы аркылуу учуп келдим. Ушундай айланып келген жолдорубуз көп. Бул жөнөкөй жүргүнчүлөр, туристтер үчүн да ыңгайсыз.

Биз башка дүйнө менен карым-катышыбызды өнүктүрөбүз, өсөбүз десек, биринчи кезекте аба дарбазабыз - аэропортубузду жакшыртышыбыз керек. Кыргызстандан түз каттай турган каттамдарды көбөйтүү - замандын талабы, биз аймактагы «хабга» айланышыбыз керек. «Хабда» инфратүзүм шарттары, тейлөөнүн сапаты жакшы болушу керек. Жакшы шарты бар аэропортко туристтер көп келсе, товарлар көп ташылып турса, өлкөнүн экономикасына чоң салым болот.

«Азаттык»: - Мамат мырза, өткөндө авиация боюнча эксперт «кыргыз өкмөтү тармактагы жаш кадрларды колдобойт, өстүрбөйт» деп сын айтты. Авиация боюнча кыргыз кадрлары жетиштүүбү? Алар канчалык өз салымын кошо алат эле?

Мамат Назаров: - Кыргызстанда авиация тармагын жакшы билген кадрлар бар. Мен аэропорттун ишин жакшыртуу боюнча жалаң эле улуттук кадрларды иштетиш керек дегенден алысмын. Керек жерге, зарыл деп табылса чет элдиктерди да чакырып иштетсе болот. Мисалы, «"Манас" эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун 6 позициядагы менежер-жетекчилери болсо, аларды жергиликтүү жана чет өлкөлүктөрдөн кылып, өзгөртүп дайындап иштетсе болот.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG