Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Баткен аэропортунун жетекчиси чуу менен кетти


Баткен аэропорту
Баткен аэропорту

Баткен аэропортунун жетекчиси Нургазы Жаныбеков аны Ош аэропортунун жетекчилиги кысымга алып, жумуштан кетүүгө мажбур болгонун ырастап, президентке кайрылуу жолдоду. Ал ошондой эле аэропорт коррупцияга малынган деп айтып чыкты.

Ош эл аралык аэропортунун жетекчилиги куугунтук болду деген айыпты четке кагып, Нургазы Жаныбековду ишти жөндөй алган жок деп билдирүүдө.

Нургазы Жаныбеков президент Сооронбай Жээнбековго жазган кайрылуусунун себебин минтип негиздеди:

- 2019-жылдын 24-октябрь күнү мага Жарандык авиация департаментинен жана "Манас" эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинен текшерүүчүлөр келген. Ал күнү Баткенге башкы прокурор да келген. Аны тосуп алганы келген Баткен облусунун прокурору "аэропорттун аймагына унаа менен кирем" деп ызы-чуу салды. Мага келип уят сөздөр менен сөгүндү. Жакшы сүйлөсө унаасын болбосо да өзүн киргизүүгө уруксат бермекмин. Бирок ага уруксат берсем мен мыйзамды бузган болом. Бул окуядан кийин мага "Манас" эл аралык аэропортунун Оштогу филиалынын жетекчиси Талант Исаков ар кандай шылтоо менен сөгүш берип, кысымга алып жатат. Мындан улам мен өз каалоом менен эле кызматтан кетейин деп чечтим.

Нургазы Жаныбеков
Нургазы Жаныбеков

Нургазы Жаныбеков Баткен облусунун прокурору Абдибакыт Халмурзаев менен кер-мур айтышуусу тартылган видеону "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады. Баткен облусунун прокурору бул тасма боюнча “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал эми окуяга күбө болгон Ош эл аралык аэропортунун директорунун орун басары Мирлан Нишанбаевдин айтымында, Нургазы Жаныбековдун кызматтан кетишине прокурордун тиешеси жок:

- 2019-жылдын 24-октябрь күнү "Манас" эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинен өкүлдөр келгенде мен да Баткенге баргам. Ошол маалда Нургазы Жаныбеков жарыялаган видео тартылган. Анда Баткен облусунун прокурору сөгүнгөн эмес. Жаныбековдун жумуштан кетишине прокурордун тиешеси жок.

Мирлан Нишанбаевдин айтымында, Нургазы Жаныбеков ишмердүүлүгү учурунда авиациялык коомсуздукту камсыздоо боюнча нускамалардын жана ченемдик актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн 2018-жылдын декабрь, 2019-жылдын сентябрь айында сөгүш алган жана ага эч кандай кысым болгон эмес:

- Нургазы Жаныбеков 2018-жылы июлда Баткен эл аралык аэропортуна жетекчи болуп келген. Ал ишмердүүлүгү учурунда эки жолу сөгүш алды. Ага эч кандай кысым болгон жок. Ал өз каалоосу менен жумуштан кетип жатат.

Нургазы Жаныбеков 2018-жылы 4-июлда Баткен эл аралык аэропортунун жетекчиси болуп дайындалган. Ал кызматтан кетип жатышын мекемедеги коррупциянын бетин ачуу аракети менен түшүндүрдү:

- Баткен аэропортунун аймагына жанаша кафе, дүкөн, авиакасса курулуп кеткен. Бул - мыйзам бузуу. Кантип эле аэропорттун жери жеке тарапка өтүп кетет? Учуп-конуу тилкесинин узундугу 1800 метр болуп жатат, чоң учактар конушу үчүн аз дегенде 2 400 метр болушу керек. Эл аралык аэропорт болгондон кийин чоң учактар үчүн учуп-конууга шарт түзүлүшү керек эле. Бул талапка жооп бербейт. Баткен аэропорту 1984-жылы пайдаланууга берилсе, учуп-конуу тилкеси ошондон бери оңдоло элек. Мындан башка толгон-токой мыйзам бузуу бар. Аларды айтып, жетекчиликке кайрылсам эч ким көңүл бурбай койду.

Серепчи Төлөгөн Келдибаев Баткен аэропортуна байланыштуу айтылып жаткан мыйзамсыздык маселеси дээрлик бардык мекемелерге мүнөздүү көрүнүш деп эсептейт:

- Өзү иштеп турганда кайсы жетекчи болбосун мыйзамсыз иштер, коррупция тууралуу айта албайт. Себеби коркот. Алар качан гана иштен кеткенден киийн гана өз укугун коргоо үчүн мыйзамсыз иштерди айтып чыгышат. Бул Баткен аэропортунда гана эмес, ИИМде, УКМКда, аскер кызматында, деги эле бардык мекемелерде иштеп турган коррупциялык система. Ал системаны мурда жана азыр бийлик башында тургандар түзүп койгон.

Баткен эл аралык аэропортунун жетекчисине байланышкан ишти өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү териштирип жатат. Азырынча жыйынтык айтыла элек. Ал эми Баткен эл аралык аэропортунун жетекчиси Нургазы Жаныбеков жазган арызынын негизинде ушул жылдын 31-декабрында кызматтан кетээрин билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG