Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:14

Алматы аэропорту түрк компаниясына 415 миллион долларга сатылды


Түркиянын "TAV Airports" холдинги Алматы эл аралык аба майданынын баалуу кагаздарын сатып алуу жөнүндө макулдашканын билдирди. Маалымат компаниянын сайтына жарыяланып, 8-майда Казакстандын бир катар басылмалары да бул тууралуу кабар таратты.

Макулдашуудагы көлөм 415 миллион доллар деп көрсөтүлгөн. Түрк компаниясынын үлүшү 75% кем эмес экени көрсөтүлгөн. Акциялар юридикалык амалдар бүткөрүлгөн соң өткөрүлөт.

Казакстандын фондулук биржасына таянсак, 2020-жылдын 1-апрелине карата Алматы аба майданынын баалуу кагаздарынын 100% тең Нидерландда каттоодон өткөн "Venus Airport Investments B.V." компаниясына таандык болгон.

Forbes.kz журналынын 2019-жылдын ноябрында жазганына караганда, бул компанияга Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевге тийиштүү "Steppe Capital Pte. Ltd" компаниясы ээлик кылган.

Алматы аэропорту - Казакстандагы ири аба майданы. Статистикага ылайык, 2019-жылы ал алты жарым миллиондой жүргүнчүнү тейлеген.

"TAV Airports" компаниясы Грузиянын Тбилиси, Батуми, Латвиянын Рига, Хорватиянын Загреб, Түндүк Македониянын Скопье, Сауд Арабиянын Медина, Тунистин Энфида, Монастир жана Түркиянын бир катар шаарларындагы аба майдандарын башкарат.

XS
SM
MD
LG