Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:38

Тик учак кырсыгынын күмөндүү жагдайлары


"Ми-8" тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык авиациялык комитет Ысык-Көлдүн Түштүк Эңилчек аймагында кырсыкка учураган "Ми-8 МТВ" үлгүсүндөгү аскердик тик учактын кыйроо себептерин изилдөөгө киришти.

Бул үчүн Орусиядан атайын адистер чакырылган. Айрым эксперттер аскердик тик учакты чет элдик альпинистерди ташууга жол бергени үчүн Башкы штабдын жетекчилигин жоопко тартууну талап кылышты. Аскер прокуратурасы авиациялык экспертизанын негизинде тиешелүү тараптар жоопко тартыла турганын билдирди.

Альпинисттерди ташыган "аба таксисиби"?

9-июлда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына караштуу аскердик тик учак альпинисттерди куткарыш үчүн эмес, аларды бир жерден экинчи жакка жеткирип, тамак-аш жана дары-дармегин ташуу үчүн барып кырсыктаганы белгилүү болгон.

2012-жылы чыккан өкмөт токтому аскер тик учактарын куткаруу чаралары үчүн колдонууга гана уруксат берген. Аскердик адистердин айтымында, мындай учурда кызматтык иликтөө жүрүп, учууга уруксат берген аскер жетекчилери тергөө маалында кызматынан четтеши керек болчу. Бирок ушуга чейин Башкы штабдын башчылары кызматтан кете элек.

Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы төрагасы, полковник Курманакун Матенов аскер учагын "аба таксиси" катары альпинисттерди ташууга колдонуп, учкучтардын өмүрүн тобокелге салган жетекчилер жоопко тартылышы керек деп эсептейт:

Курманакун Матенов.
Курманакун Матенов.

- Аскердик тик учакты кадимки "аба таксиси" катары колдонуу аябай нааразы кыла турган нерсе. Булардын каржылык кызыкчылыгы да болушу мүмкүн. Мен аны жокко чыгара албайм. Аскердик тик учак эски абалда болгондо деле, кеминде баасы 5 миллион долларга барабар. Анан эми аны ижарага берип, бир сезондо көп болсо 300 миң доллар тапты дейли. Бирок жыйынтыгында мамлекет канча миллион зыян тартты? Кыргызстанда мындай аскердик тик учак деле көп эмес. Ошондой абалда аскердик тик учакты турфирмалардын кызматын аткарып, альпинисттерди ташууга уруксат берүү - өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө зыян келтире турган иш. Бул аша чапкандык! Мында аскердик тик учак ошол альпинисттердин жүгүн, тамак-ашын ташып, иштеп жүргөнү анык эле болуп турбайбы. Бул жерде жетекчиликтин жоопкерчилиги каралышы керек. Дүйшөнбиевдин (ред: Башкы штабдын башчысы) буйругу болбосо ал ижарага берилбейт болчу...

Өздүк булактардын айтымында, чет элдик альпинисттерди бир жерден башка жерге жеткирүү үчүн тик учактын бир сааттык акысы 3 миң долларга чейин бааланат. Аны адатта альпинисттердин саякатын уюштурган фирма төлөп берет. Бирок "Куралдуу күчтөр тууралуу" мыйзамга ылайык, аскер техникасын жарандык коргонуу жана куткаруу операцияларынан башка максаттарга колдонууга тыюу салынган.

Ал эми бул жагдайда Түштүк Эңилчектеги альпинисттердин кырсыкка кабылганы жана аларды куткаруу муктаждыгы тууралуу маалымат түшкөн эмес.

Аскер прокурору Нуркамал Набиев бул маселеде коммерциялык кызыкчылык бар деп карабай турганын, бирок ал аскер учагы альпинисттерди ташып, коргоо мекемесинин эсебине акча түшүргөнүн ырастады:

Каражат Башкы штабга түшүп турган. Бул ошол кездеги премьердин буйругу менен мыйзамдаштырылган.

- Бул жерде коммерциялык кызыкчылык болгон деп ойлобойм. 2012-жылы ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев туристтерди куткарыш үчүн аскердик тик учактарды колдонууга уруксат берген өкмөттүн токтому чыккан экен. Анан ошого ылайык, "туристтер кыйналып калган кезде бир тоо кыркасынан экинчисине жеткириш үчүн тик учактарды пайдаланса болот" деген буйрук бар экен. Булар ошонун негизинде иштеген. Каражат Башкы штабга түшүп турган. Бул ошол кездеги премьер-министрдин буйругу менен мыйзамдаштырылган экен.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы адегенде "Түштүк Эңилчекте аскердик тик учак альпинисттерди куткаруу учурунда кыйроого учурады" деп маалымат тараткан. Башкы штаб кийин "кырсык куткаруу операциясында эмес, дары-дармек жеткирүү учурунда болду" деп тактоо киргизген. Катуу шамалдан тик учак кулап түшүп, андагы үч аскер адамы жана үч альпинист жабыркаганы жарыяланган. Мында Башкы штабдын басма сөз кызматы эмне себептен эки ача кабар таратканы белгисиз бойдон турат.

Башкы штабдын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын башчысы Гүлзат Жарашевадан: "Аскердик тик учак Эңилчекке альпинисттерди куткаруу үчүн жиберилгенби же коммерциялык ташуу үчүнбү?" деген суроого төмөндөгүдөй жооп алдык:

"Тез арада жардам керек. Адамдар чыга албай калды" деп келип жатышса, биз кантип анан "жок, барбайбыз" деп жооп кайтарабыз?

- Тергөө бүтө элек. Кызматтык иликтөө да аягына чыга элек. Бирок биз өткөндө эле "бизге фирма дары-дармек, тамак-аш жана башка жүк жеткирүү боюнча жардам сурап кайрылган" деп айтканбыз. Ошондуктан биз ал тик учакты ошол жакка жөнөткөнбүз. Азыр болсо Башкы штабдын башчысы эмгек өргүүсүндө. Анан коммерциялыкпы же коммерциялык эмеспи, сиздер туура түшүнүңүздөр. Анткени башка жакта мындай тик учактар жок болгондуктан кээде бизде башка арга жок болот. "Тез арада жардам керек. Адамдар чыга албай калды" деп келип жатышса, биз кантип анан "жок, барбайбыз" деп жооп кайтарабыз?

Жоопкерчилик жогортон башталабы?

Мына ошентип, аскердик тик учак альпинисттерди куткарыш үчүн Түштүк Эңилчекке барганбы же альпинисттерди алып, алардын жүгүн ташуу үчүн учканбы деген эки башка жагдайды тактоого мүмкүн болбоду.

Аскер прокурору Нуркамал Набиев Эл аралык авиациялык комитеттин эксперттик тыянагынын негизинде аскердик тик учакты кыйроого алып келген себептер аныктала турганын билдирди. Анын айтымында, тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо маселеси авиациялык экспертизанын жана иликтөөнүн жыйынтыгы менен байланыштуу:

Нуркамал Набиев.
Нуркамал Набиев.

- Бул жерде учкучтун жаңылыштыгы, аба ырайынын кескин бузулушу же техникалык жабдуунун иштен чыгышы сыяктуу үч версия бар. Экспертизанын тыянагы кандай деп чыгарылса, ошого жараша бул окуяга укуктук баа берилет. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Орусиядан келген адистер азыркы күндө "кара куту" жана "ак куту" дегендерди ачып, угуп, кырсыктын себептери эмнеден болгонун иликтеп жатышат. Анан ал жактан экспертизанын жыйынтыгы кандай чыкса, ошого жараша жоопкерчилик маселеси чечилет. Ким жана качан уруксат берди? Ал кандай деңгээлде чечилди? Мына ушул суроолор азыркы мезгилде баары изилденип жатат. Учкучтардан тартып командири, анын үстүндөгүлөрдүн баарынын жоопкерчилиги толугу менен каралат.

Аскер прокуратурасы буга чейин Түштүк Эңилчекте аскердик тик учактын кыйроо фактысына байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Ошол эле кезде Башкы штаб тик учактын учушуна уруксат берген жана анын коопсуздугун көзөмөлдөгөн аскер жетекчилери боюнча ички кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнү жана анын жыйынтыктары тууралуу маалымат берүүгө шашпай турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG