Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Жакартадан учкан «Boeing 737» учагынын дайыны чыга элек


«Sriwijaya Air» аба жолдору компаниясынын башка учагы. 2013-жылдын 18-марты.
«Sriwijaya Air» аба жолдору компаниясынын башка учагы. 2013-жылдын 18-марты.

Индонезиянын «Sriwijaya Air» авиакомпаниясына таандык учак 9-январда баш калаа Жакартадагы аба майданынан асманга көтөрүлгөндөн бир мүнөт өтүп эле радардан көрүнбөй калды.

BBC аталган авиакомпанияга таянып кабарлагандай, учактагы 62 адамдын 12си экипаж мүчөлөрү, калгандары жүргүнчүлөр болгон. Арасында он бала бар, алардын айрымдары ымыркайлар.

Борнео аралындагы Понтианак шаарын көздөй учуп чыккан учак кырсыкка кабылганы айтылууда. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал Лаңкаң аралына жакын жердеги сууга кулаган. Бирок кырсык тууралуу так маалымат жок. Издөө иштери уланууда. (Кабар толукталат).

XS
SM
MD
LG